«Белоконь Холдинг» компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Анита Матисоне Кыргызстан кыргыз өкмөтүн 16,5 млн. доллар өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген арбитраждын соту боюнча даттана албай тургандыгын билдирди. Кыргыз бийлиги ишкер Валерий Белоконду «Манас Банкта» «каржы алдамчылыктарына» барган деп айыптап келет.

Матисоне «Балтийский курс» басылмасына берген маегинде Париж арбитраждык трибуналы кыргыз бийлиги далилдөөгө аракет кылып жаткандай Белоконь «Манас банкында» мыйзамсыз иштерге барганбагандыгы тууралуу чечим чыгаргандыгын билдирди.

«Трибунал Кыргызстан тарабынан айтылган [банктагы мыйзамсыз ишмердүүлүк жөнүндөгү] маалыматты күлкү катары мүнөздөп, анда кыргыз тараптын версиясын ырастай турган далилдердин жок экендигин белгиледи», — деп жазган «Балтийский курс» Матисоненин айткандарын.

Валерий Белоконь менен болгон соттук териширүүдө Кыргызстандын жеңилип калгандыгын тууралуу маалымат 27-октябрда пайда болгон. Париж арбитражынын чечимине ылайык, кыргыз бийлиги «Манас Банктын» мурунку ээсине 16,5 млн. доллар төлөп бериши керек.

Матисоненин айтымында, соттук териштирүүдө эң башкысы Белокондун «жакшы атын актоо» болгон. Ошондой эле ал Кыргызстан компенсацияны соттун чечими чыккандан кийин 60 күндүн ичинде төлөп бериши керектигин белгилеген.

Ал Кыргызстан Париж арбитражынын чечими акыркы болгондуктан Кыргызстан ал боюнча даттана албай тургандыгын кошумчалады.

«Кыргызстандын бийлиги эл алдында жалган маалымат таратып баштады. Вице-премьер Тайырбек Сарпашев Кыргызстан компенсациянын өлчөмү боюнча даттана тургандыгын билдирди, бирок андай кылуу мүмкүн эмес. Бул Кыргызстандын учурдагы жетекчилигинин инвесторлор менен эл аралык укуктук нормаларга кылган мамилесин ачык көрсөтүүдө», — деди ал.

«Чечим боюнча даттанабыз»

Париж арбитражынын чечими тууралуу маалымат пайда болгондон төрт күн өткөндөй кийин, 31-октябрда, Кыргызстандын бийлиги соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча түшүндүрмө маалымат жарыялаган.

Анда Кыргызстан 16 эмес, а 15 млн. АКШ долларын төлөп бериши керектигин, бирок анын ордуна Валерий Белоконь «Манас Банктын» акцияларынын 100 пайызын өлкө бийлигине бериши керектигин жазылган.

Аны менен катар 30-октябрда вице-премьер Тайырбек Сарпашев Кыргызстан Белоконь менен мындан ары да соттошо тургандыгын билдирген.

Инвестициялык саясат жана укук боюнча эксперт Лиз Джонсон Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстан арбитраждык соттун чечими боюнча даттана албай тургандыгын, бирок компенсациянын өлчөмүн өзгөртүү өтүнүчү менен арбитраж жайгашкан өлкөнүн сотторунун бирине кайрыла алаарын айткан.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Белоконь менен «Манас Банктын» мурунку менеджментине каршы козголгон кылмыш иши боюшча тергөө аяктап, бардык материалдар Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Париж арбиражындагы Валерий Белоконь менен Кыргызстандын соттук териштирүүлөрү үч жылдан бери уланып келет

Белоконь Кыргызстанда бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин өнөктөштөрүнүн бири катары белгилүү. Ал 2007-жылдан бери «Манас Банктын» негиздөөчүсү жана ээси болуп эсептелинип келет.

2010-жылдын апрелинде Бакиев бийликтен кеткенден кийин банкка консервация режимин — ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан эрксиз көзөмөл киргизилген.

2013-жылдын майында премьер-министр Жоомарт Оторбаев бийликтин Белоконь менен тынчтык макулдашууга барууну каалап жаткандыгын билдирген, бирок Башкы прокуратура ага каршы козголгон кылмыш ишин токтотуудан баш тартууда.