Активист Айбек Баратов өзүнүн унаасында тагылган номурдун дал өзүндөй мамлекеттик номур тагып алган автоунааны тартып алып, Жол кайгуул кызматын (ЖКК) аны териштирүүгө чакырды. ЖККнын басма сөз кызматы эгер ал мамлекеттик номурдун жасалма экендиги ырастала турган болсо тиешелүү чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Баратов 23-ноябрда мамлекеттик B 7766 I номурлуу «Лексус» унаасынын изине түшүп кубалагандыгы тартылган видеону жарыялады. Активисттин унаасында да дал ошондой  — B 7766 I номуру тагылган.

«Дал менин унаамдагыдай номур. Мен мунун эмнеге мындай болуп калганын билбейм, бирок биринчи жолу байкаганымда көзүмө көрүнүп кетти го деп ойлогом. Бирок бул жолкусунда чынында эле ошондой экендигине ынандым», — деген ал видеодо.

Ошондой эле видеого Баратов менен «Лексустун» айдоочусунун ортосундагы маектешүү тартылган — анда «Лексустун» айдоочусу анын мамлекеттик номуру башка серияда экенин айтып, активистти ишендирүүгө аракет кылууда.

Баратов Жол кайгуул кызматын мамлекеттик номурдун окшотуп жасалышын түшүндүрүп берүүгө чакырды.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге берген маегинде эки башка унаада окшош мамлекеттик номурлардын болушу мүмкүн эмес экендигин билдирди.

«Мүмкүн сериялары башка, бирок номурлары окшоштур. Мисалы, B 2002 AI жана B 2002 BI, бирок бипбирдей болушу мүмкүн эмес», — деди ал.

Оторов инспекторлор тарабынан жасалма номур аныкталса чаралар көрүлө тургандыгын айтты.

«Эгер Жол кайгуул кызматынын инспекторлору жасалма номурду аныктай турган болушса, анда алар чара көрүшөт. Андан аркы чараларды көрүүсү үчүн Унаа каражаттарын каттоодон өткөрүү департаментине да кат жолдонот», — деди ал.

Оторов мыйзам бузган адамга карата чаралар Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске ылайык көрүлөөрүн кошумчалады — жол коопсуздук эрежесин бузуу үчүн киргизилген жаңы санкцияларга ылайык, мамлекеттик унааны номурун жалган кылып жасаган адам 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул менен жазаланат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Нуржан Найзабекова Kloop.kgге берген маегинде B 7766 I мамлекеттик номуру Айбек Баратовдун «Субару» үлгүсүндөгү унаасына бекитилгендигин, ал эми «Лексуска» тагылганы — жасалма экенин билдирди.

«Мамкаттоо кызматы бериши мүмкүн эмес. Фабрикадан бир гана мамлекеттик номур жасашат. Жол кайгуул кызматы аны аныктап, чараларды көрүүсү керек. Бул укук коргоо органдарынын иши», — деди ал.