Кыргызстандын Мамлекеттик байланыш агенттиги «жихадчы-балдар» жөнүндөгү Kloop.kgдеги видеону тосмолоо тууралуу жазма буйругун Башкы прокуратура материалдын «экстремисттик» деп табылгандыгы тууралуу соттун чечимин жөнөтпөгөндүктөн улам чакырып алган.

«Жихадчы-балдар» тууралуу видеону тосмолоо жөнүндөгү жазма буйруктун чакырылып алынгандыгы тууралуу 16-декабрь күнү кечинде белгилүү болгон.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин мамлекеттик көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Татьяна Клочкова мекеме Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан видеонун «экстремисттик» деп табылгандыгы тууралуу соттун чечимин жөнөтпөгөндүктөн улам жазма буйругун чакырып алгандыгын айтты.

«Алгач Башкы прокуратуранын жазма буйругу болгон. Байланыш агенттиги Башкы прокуратуранын көзөмөлү алдында турган орган катары ал жазма буйрукту аткарбай кое алган эмес. Жазма буйруктагы чечимди аткарган. Ал эми соттун чечиминин азыркыга чейин жок болгондугу үчүн биз жазма буйругубузду чакырып алуу чечимине келдик», — деди Клочкова Kloop.kgге берген маегинде.

Kloop Mediaнын негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин Kloop.kgнин редакциясына берген маегинде Байланыш агенттигинин «укуктук нукка» кайтып келүү аракети үчүн сүйүнүп жаткандыгын билдирди, бирок анын айтымында, бир нече маселе ачык бойдон калууда.

«[…] Клоопко келтирилген зыяндын компенсациясы жана өз ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган конкреттүү чиновниктердин жазасына байланышкан маселелер ачык бойдон калууда. Мамлекеттик байланыш агенттиги менен прокуратуранын чиновниктери алардын мекемелери өзүнө соттун укуктарын ала алышат деп эсептешет окшойт. Эркиндик менен адилеттүүлүк үчүн өз жарандарынын каны төгүлгөн коомдо мындай болбошу керек», — деди ал.

Мамлекеттик байланыш агенттиги жазма буйругун Кыргызстандын интернет таркатуучуларынан Kloop.kgнин материалында жайгаштырылган «жихадчы-балдар» жөнүндөгү видеону тосмолоосун талап кылгандан бир апта өткөн соң чакырып алган.

«Ислам мамлекети» тобунун лагеринде даярдыктан өтүп жаткан балдар жөнүндөгү материал 2014-жылдын 24-ноябрында Kloop.kg сайтына жарыяланган. Анда жаңылыктын текстин британиялык Daily Mail гезитинин сайтынан алынган видео коштогон.

Видеодо Казакстандан барган балдардын бир нече өлкөдө террористтик деп табылган «Ислам мамлекетинин» лагеринде курал-жарак менен колдонууга үйрөнүп жаткандыктары көрсөтүлгөн.

Ошол эле күнү Казакстандын бийлиги видеону сайттан өчүрүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

Kloop Mediaнын негиздөөчүлөрү менен Kloop.kgнин редакциясы алардын өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тартышып, анын себептерин дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» уюмунун кылмыштуу аракеттерин чагылдырууга тыюу салуу» тескерисинче, экстремизмге көмөктөшүү болуп кала тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.

«Андай болгондо Кыргызстандын жарандары мүмкүн болчу коркунучтар тууралуу маалыматсыз калып, өз үй-бүлөлөрүнүн радикалдашпоосу үчүн алдын ала чараларды көрө албай калышмак», — деп жазылган жаңылыктар порталынын пресс-релизинде.

Эртеси Казакстан өз аймагында Kloop.kgни тосмологон.

Ошол эле күнү Кыргызстандын ИИМи видеорепортаждын жарыяланышы боюнча материалдарды Башкы прокуратурага жөнөткөндүгү жазылган пресс-релиз тараткан. Ошондой эле мекеме ал билдирүүсү менен редакциядан видеону өчүрүүсүн өтүнгөн.

Башкы прокуратура 10-декабрда Мамлекеттик байланыш агенттиги аркылуу видеого чектөө киргизилишин талап кылган.

Анда медиа-укук тармагы боюнча эксперт Бегайым Усенова тосмолоо тууралуу жазма буйруктун «мыйзамсыз» экенин билдирген. Айтымында, кайсыл бир ресурска чектөө киргизүү тууралуу чечим сот тарабынан гана кабыл алынышы керек.

Kloop.kgнин кабарчылары тарабынан сурамжыланган интернет таркатуучу компаниялар видеорепортажды материалдын ичинде өзүнчө тосмолоого мүмкүн эмес экенин, ошондуктан алар репортаж жарыяланган баракчаны толугу менен жабууга мажбур боло тургандыктарын билдиришкен.

Бирок алардын айтымдарында, интернет таркатуучу компаниялардын бардыгында эле өзүнчө бир баракчаны тосмолоочу жабдуулар жок болгондуктан, «сайтты толугу менен тосмолоого туура келет».