Президент Алмазбек Атамбаев дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл «күчөй тургандыгын» билдирди, бирок ал үчүн кандай чаралардын көрүлөөрүн тактап айткан жок.
Алмазбек Атамбаев дин көзөмөлүнүн катаалданышы тууралуу «Российская газетага» берген маегинде билдирди. Президенттин айтымында, диний уюмдар мамлекеттин ишине кийлигишүү укуктарына ээ эмес, «дин чөйрөсүн мамлекет жөнгө салышы керек».
Өлкө башчысы «акыркы убактарда» Кыргызстанда динди «туура эмес максаттар» үчүн пайдаланып жаткан адамдар пайда болгондугун түшүндүрдү.
Тема боюнча: Кыргызстан динди көзөмөлдөөнү күчөтүүдө [+видео]
«Дин көптөгөн жакшы нерселерди берүүгө жөндөмдүү. Бирок эгер ал туура эмес максаттарда пайдаланыла турган болсо, анда терс көрүнүштөрдүн булагы болуп калат. Акыркы убактарда өлкөдө өзгөчө жаш мекендештерибиз туура эмес таасирлерине берилип жаткан адамдар көбөйүп кетти», — деди Атамбаев.
Аны менен катар Атамбаев динди көзөмөлдөөнү катаалдантуунун алкагында кандай чаралар көрүлө тургандыгын тактап айткан жок.
«Менин оюмча, биз бул тармакты тартипке келтиребиз», — деп билдирди ал.
Дин эркиндигинин катаалдануусу
3-ноябрда Кыргызстандын президентинин алдындагы Коргоо кеңеши дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын 2014-2020-жылдар үчүн концепциясын жактырган.
Иштеп чыгуучулар менен президент Алмазбек Атамбаевдин айтымдарында, концепция диний агартуучулукка жана экстремизм менен күрөшүүгө багытталган.
Документ диний уюмдарды каттоодо жаңы эрежелерди киргизет — эми ал үчүн каттоодон өтө турган диний уюмдун абдан ишенген жактоочуларынын саны 2500дөн кем эмес болушу керек.
«Кыргызстандагы диний уюмдардын көпчүлүк бөлүгү бул ченталапты аткара алышпай, мыйзамсыз болуп калышат», — деп билдирген ноябрдын башында дин таануучу Галина Колодзинская.
Тема боюнча: Видео: Бийлик салттуу эмес конфессиялар менен күрөшө тургандыгын убадалоодо
Жаңы концепция Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын уруксаты жана лицензиясы жок ишмердүүлүк жүргүзгөндөргө 70 миң сом айып пул төлөтүүнү сунуштоодо.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын 2013-жылдагы маалыматтары боюнча, Кыргызстанда 2445 диний уюм каттоодон өткөн.
Буга чейин алардын өкүлдөрү Kloop.kgге берген маектеринде эгер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алына турган болсо, анда «биримдиктердин көбү жабыла тургандыктарын» айтышкан.
Эксперттер болсо мамлекет тарабынан көзөмөлдүн күчөтүлүшүн «Ислам мамлекети» сыяктуу сырткы коркунучтардын таасири менен күрөшүү үчүн киргизилип жаткан «аргасыз чара» деп аташкан.