Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова отставкага кетүү тууралуу арызын жазды, бул тууралуу «Азаттык» радиосу жеке булактарына шилтеме жасап жазып чыкты. Бул акыркы айда анын отставкага кетүү ыктымалдыгы тууралуу экинчи билдирүү, ал декабрдын аягынан бери эмгек өргүүсүндө.

19-январь күнү кечинде «Азаттык» радиосу жеке булактарына шилтеме жасоо менен башкы прокурор Аида Салянованын отставкасы тууралуу билдирди.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, анын арызы президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевге берилген, өз кезегинде ал аны өлкө башчысына жеткирүүсү керек.

Ошондой эле башкы прокурордун отставкасы тууралуу АКИпресс жана КирТАГ маалымат агенттиктери да жазышты, бирок алар эч кандай булакка шилтеме жасашкан эмес.

Бул башкы прокурордун отставкасы тууралуу «Азаттыктын» биринчи билдирүүсү эмес — буга чейин басылма Салянова кызматынан эмгек өргүүсү аяктагандан кийин кете тургандыгын кабарлаган. Анда Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Салянованын эмгек өргүүсүндө экенин ырастаган, бирок жетекчилигинин отставкага кетүү ыктымалдыгы тууралуу түшүндүрмө берген эмес.

Башкы прокурордун отставкасы тууралуу анын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун дарегине карата айтылып жаткан айыптоолордун фонунда билдирилүүдө. «Азаттыктын» маалыматы боюнча, ал эки кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүп жатат.

Басылма кылмыш иштеринин биринде Абдыкапаров менен бирге Башкы прокуратуранын аты-жөнү айтылбай жаткан жогорку кызматтагы чиновниги да өтүп жаткандыгын жазган.

«Ошондой эле маалыматтарда Бакыт Абдыкапаровдун ысымы мыйзамсыз көмүр ташууга байланышкан башка кылмыш ишинде да аталууда. Бул кылмыш иши боюнча Башкы прокуратуранын кызматкери да айыпталууда», — деп жазган «Азаттык».

Салянова башкы прокурор болуп турган мезгилде саясатчылардын, анын ичинде парламенттин депутаттарына карата рекорддук сандагы кылмыш иштери ачылган.

Кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткандардын арасында учурда парламентарийлер Урмат Аманбаева, Нурлан Төрөбеков, Каныбек Осмоналиев, Нариман Түлеев жана Акматбек Келдибеков бар.

«Саляновадай президент»

Алгач Салянованын кызматтан кетиши ыктымалдыгы тууралуу билдирүүлөр президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын аягындагы маалымат жыйынына бер нече күн калганда пайда болгон. Бирок өлкө башчысы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон маегинде Салянова отставкага кетпегендигин, болгону эмгек өргүүсүнө чыккандыгын айтып ишендирген.

Атамбаев башкы прокурор көп сынга кабылаарын, бирок ага карабастан ал өлкөгө абдан керек экендигин айткан. Ал өлкөнүн кийинки президенти Саляновадай адам болсо деген каалоосун билдирген.

«Салянова тууралуу дагы бир жолу айтам. Ал эмгек өргүүсүнө чыкты, анткени ал чарчады. Мен Салянова – өлкөгө керектүү адам деп айткым келет. Келечекте бизде Саляновадай президент болсо экен», — деген анда Атамбаев.

Жаңы жылдын алдында президент Салянованы II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган.

Оппозициялык саясатчы, парламентарий Равшан Жээнбеков башкы прокурордун отставкасын анын кайсыл бир маселе боюнча президент менен «келише албагандыгына» байланыштуу деп эсептейт.

«Ал мүмкүн инсайдердик маалымат менен коркуткандыр, балким [криминал төбөлү Азиз] Батукаев менен. Анын арыз жазуусу жана ошол эле күнү жолдошуна карата кылмыш ишинин козголушу анча түшүнүксүз. Эгер анын жолдошуна карата факт болгон болсо, анда бийлик буга чейин эмнеге унчуккан эмес? Буга чейин эмнеге кылмыш иши козголгон эмес? Кылмыш ишинин козголушуна ким уруксат берген эмес? Суроолор көп», — деп жазган Жээнбеков «Фэйсбук» түйүнүндөгү баракчасына.

Парламенттин «Ар-Намыс» партиясынан башка депутат Дастан Бекешев Салянованын «коррупция менен күрөшкөндүгүн» баса белгиледи.

«Батукаевдин ишине карабастан Салянова коррупция менен күрөшкөн башкы прокурор катары эсте калат. Ал көп нерсе кылды жана көптөгөн душмандарды тапты» — деп жазды ал «Твиттерге».

Элчи же партиялардын тизмесинде

Pro-KG аналитикалык борбору жана сайтынын башчысы, парламенттин экс-депутату Алишер Мамасалиев өз порталына Салянова кызматтан кеткенден кийин чет өлкөлөрдүн бирине элчи болуп барышы же алдыңкы саясий партиялардын партиялык тизмесине кириши мүмкүндүгүн жазды.

«Алгач, анын жаңы жумушчу орду Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдүн бириндеги дипломатиялык миссияда болот деген божомолдор бар. Анткени кадрдык орун алмаштыруулардын негизги маселелеринин бири — мурунку башкы прокурор Аида Салянованын мурунку профессионалдык ишмердүүлүгүнүн контекстинде кандай гана саясий же коомдук басым болбосун алардан коргоо болгон жана боло берет», — деп жазган Мамасалиев.

Анын булактарына ылайык, Салянова Кыргызстандын АКШдагы элчиси болушу керек болчу, бирок АКШнын Мамдепартаментинин баш тартуусунан кийин ал орунга президенттин басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов сунушталган.

«Америкалыктардын Аида Салянованын агреманынан баш тарткандыктары Кыргызстандын белгилүү саясий адамдарынын резонанстуу камакка алынгандыктарына байланышкан саясий жүйө менен түшүндүрүлгөн. Мындай дипломатиялык канфуз Кыргызстандын ТИМинин жетекчилигинин гана эмес, Ак үйдүн жетинчи кабатында да катуу кыжырданууларды жаратты», — деп жазган мурунку депутат.