Борбордогу үй-жайсыз адамдардын башкалка жайында жашоо өз нугу менен жай өтөт. Анда жашагандардын көбү жашоолорунда орун алган күтүүсүз окуялардан улам бул жайга келишкен. Kloop.kgнин кабарчысы Эльдос Казыбеков үй-жайсыз адамдардын башкалка жайында болуп, андагы атмосфера тууралуу айтып берди.

Баяндоо Казыбековдун атынан жүрөт:

IMG_0174-1024x622

Бишкектеги үй-жайсыз адамдардын башкалка жайы 1998-жылы ачылган. Азыр анда 70ке жакын киши жашайт. Босогодон эле жуулбаган байпактар, спирт ичимдиги жана тердин аралашкан жагымсыз жыты сезилет.

IMG_0172-1024x682

Көбүнчө үй-жайсыз адамдарды бул жакка милиционерлер же тез жардам кызматынын кызматкерлери алып келишет, дейт башкалка жайдын директору Айгүл Осмоналиева.

«Бул жакка алар дайыма эле өзүлөрү келе беришпейт. Милиция же тез жардам кызматы алып келет. Алар таптакыр болбой калган абалда болушат. Бул жакка алынып келингенден кийин алар дароо эле ал абалдан чыгышат. Бизге үшүгөн, ооруган, баса албаган, тура албаган абалдарда келишет», — деди ал.

IMG_0093-1024x666

Осмоналиева үй-жайсыз адамдар толук медициналык текшерүүдөн өтө тургандыктарын айтат.

«Негизинен алар суук тийген, өнөкөт гастрит, күйүк сыяктуу оорулар менен келишет», — деди ал.

IMG_0040-1024x682

Жалпысынан үй-жайсыз адамдардын башкалка жайында 22 бөлмө бар. Жыл сайын Бишкек мэриясы фонд үчүн 3 млн. 600 миң сом бөлөт. Учурда имарат оңдоп-түзөөгө муктаж — бул керектөөлөр үчүн 3 млн. сом бөлүнгөн.

IMG_0065-1024x682

Үй-жайсыз адамдарга күнүнө бир маал бекер тамак берилет. Бишкек мэриясы ар бир порцияга 35 сомдон жумшайт. Мен башкалка жайга барган күнү түшкү тамакка күрүч менен нан берилди.

IMG_01231

Хамид Важдаев 80 жашта, ал башкалка жайга 20 күн мурун күйөө баласы менен урушуп кеткенден кийин келген.

IMG_0128-1024x682

Ваджаев Бишкекте үй-жайсыз адамдар жашап, тамактана ала турган мындай жайдын бар экендигине ыраазы. Мында жашагандардын көбү көп сүйлөшүүнү жактырышпайт жана сүрөткө тартпашымды өтүнүштү.

Юрий Григоренко 65 жашта, ал башкалка жайда бир нече жылдан бери жашайт. Анын азыр Орусияда жашап жаткан кызы бар, бирок сүйлөшүшпөйт.

IMG_0100-1024x628

«Апам 1997-жылы эле каза болгон, өгөй атам 60 жашында асынып өлгөн. Ошентип жалгыз калдым», — дейт Григоренко.

Көрүүсү начарлаганынан улам жакында эле анын көзүнө операция жасашкан.

Үй-жайсыз адамдардын башкалка жайындагы жатуучу бөлмө.
Үй-жайсыз адамдардын башкалка жайындагы жатуучу бөлмө.

Виктор Колесников мында эки жылдан бери жашайт. Ал курал-жарак жана маңзатын сактагандыгы үчүн бир нече жолу абакка отуруп чыккан.

IMG_0131-1024x682

«Уулум балдар үйүндө өскөн. Мен абакка отуруп калдым. А аялым болсо каза болгон. Абактан чыкканымда балам балдар үйүндө экен, анан өзүмө алып алгам. Азыр ал батирде өзүнчө жашайт», — деди ал.

Ашканадагы кезек күтүү.
Ашканадагы кезек күтүү.
Бул бөлмөдө чайынма жана кир жуугуч машина жайгашкан.
Бул бөлмөдө чайынма жана кир жуугуч машина жайгашкан.

IMG_0075-1024x682