Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектептеринде Ыйык Валентин күнүн майрамдоого тыюу салган. Билим берүү министрлиги мекеме тыюу салбагандыгын билдирүүдө, бирок ошол эле маалда мектептерде майрамдоого уруксат берилгендиги тууралуу каршы пикир билдирген жок.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Амантур Ахметов Kloop.kgге берген маегинде мекеме 14-февралда белгиленчү Ыйык Валентин күнүн майрамдоого тыюу салбагандыгын билдирди.

«Ыйык Валентин күнүн майрамдоого эч ким тыюу салган жок, бирок аны майрамдоого да эч ким уруксат берген эмес», — деди ал.

Ахметов шаар бийликтери тыюу салуу же салбоо боюнча өз алдынча чечим кабыл ала тургандыктарын кошумчалады — айтымында, окуу планында андай майрам жок, бирок ал деген тыюу салынышы керек дегенди билдирбейт.

Басма сөз катчы Билим берүү министрлиги Ыйык Валентин күнүн майрамдоого расмий каршы эмес экенин, бирок тыюу салган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө каршы мекеме эч кандай чара көрбөй тургандыгын билдирди.

«Билим берүү министрлиги чараларды көрбөйт. Шаардык билим берүү бөлүмдөрү андай майрамдарды майрамдоо же майрамдабоо боюнча өз алдынча чечим чыгаруу укугуна ээ. Министрлик расмий түрдө тыюу салган эмес, салбайт дагы», — деди ал.

Ошто майрамга тыюу салынгандыгы тууралуу алгачкылардан болуп аймактык жаңылыктарды жазган «Турмуш» агенттиги кабарлаган.

Басылма Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын билдирүүсүнө шилтеме жасоо менен маалымат жазган. Анда башкармалык Ыйык Валентин күнүн «балдарды тарбиялоодо терс таасирин тийгизе турган чет өлкөдөн келген салт» деп атаган.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын методисти Тынчтыкбек Досмуратов Kloop.kgге берген маегинде аталган күндү белгилөөгө тыюу салынгандыгын ырастап, анын бир нече себебин атап берди:

  • «ал күндөрү предметтер боюнча шаардык олимпиаданын өткөрүлүшү»;
  • «кызамыкка каршы профилактика»;
  • «Ыйык Валентин күнү — расмий майрам эмес»;

«Ал майрамды майрамдоо үчүн окуучулар бир жерге чогулуусу керек, а биз оорулардын алдын алуу максатында тыюу салдык. Андан сырткары ал күнү бизде предметтер боюнча шаардык олимпиада өткөрүлөт, ошондуктан олимпиадага тоскоолдук болбосун деп тыюу салынды», — деди ал.

Досмуратов башкармалыктын тыюу салуу чечимине карабастан Ыйык Валентин күнүн белгилеген мектептер менен окуучуларга карата кандай жаза болорун билбестигин айтты.

Оштун бийлиги Ыйык Валентин күнүн майрамдоого 2014-жылдын февралында да ушундай эле тыюу салган. Анда алар тыюуну «кыргыздардын тарыхында андай майрамдын жок болгондугу» менен түшүндүрүшкөн.

Оштун бийлиги Ыйык Валентин күнүнө жооп катары 15-февралда белгилене турган өздөрүнүн Үй-бүлө күнүн сунушташкан.

Ыйык Валентин күнүн майрамдоого тыюу салуу Кыргызстандын коомчулугундагы эң консервативдүү көз караштарга туура келет.

Бир нече жыл катары менен сүйүшкөндөр күнүнө парламент депутаты Турсунбай Бакир уулу өтө берилүү менен каршы чыгып келет. Ал аталган майрамды белгилөөгө өлкө боюнча тыюу салууну сунуштаган.