Исламды чолок шымчан тутунуу

Мен баяндап бере турган окуя көптөгөн шаарларда көп жолу башымдан өткөн. Анын баарын эстеп, эсептеп берүү мүмкүн эмес. Негизинен АКШ менен Европанын шаарларында.

Баяндын түп нускасы Gawker.com сайтынын «Чыныгы окуялар» бөлүмүнө жарыяланган.

Дүкөнгө кирдим. Андагы сатып алуучу аялдардын бирин сыртынан карап, анын мусулман экенин дароо эле аныктайм. Кээ бир учурларда андай аялдар — сатылып алынган товарлардын суммасын эсептеп чыгарып, кайтарым акчаларды кайрып бере турган кассачы. Ал жоолук салынып жүрөт. Жүзүн бекем жаап алган. Колдору кийген кийими менен чыканагына чейин жабылган. Дээрлик таманына чейин кең багалектүү шым же юбканын ичине сыпайы катылган. Ал мусулман. Аны мен билем. Айланадагылардын бардыгы билишет. Мен аны карап: «Кандай маанайда — укмуштуудай көрүнүш катары же жалпы баалуулуктарды бөлүшө турган адам катары карап жатканымды билбейт», деп ойлойм.

Карай бергеним ага ыңгайсыздык жаратарын түшүнөм, ошондуктан көзүмдү башка тарапты көздөй бурам. Мен аны анын жамынуу салты менен тааныш эмес экеним үчүн карап жатпагандыгымды, менин апам да ошондой кийинээрин, аялдардын көпчүлүгү ушундай кийинген араб өлкөсүндө өскөндүгүмдү жана мен дагы намаз окуганда жүзүмдү буруп, Курандагы сүрөлөрдү окуй тургандыгымды түшүнсүн деп ага бир нерсе айткым келет.

«Мүмкүн аны менен Ассалам алейкум деп учурашсамбы?» — деп өзүмө өзүм суроо берем. Анан мен бүгүн эмне кийинем деген маселе боюнча кандай чечимге келгенимди эстейм. Сүрүлгөн кыска джинсы чолок шым, топчулары бар блузка жана сандалия. Чачтарым — эртең мененки чайынмадан бери кургай элек тармалданган боюнча. Анан мен мурдумда эки иймек бар экенин да эстейм — бирөө оң таноомду кучактап турат, экинчиси төмөнүрөөк жакта илинип турат. Иймектер менин жүзүмдүн бир бөлүгү болуп калышты. Мен аларды чимкирүүгө туура келген кезде же адамдын бетиндеги иймектерге көнбөгөн адамды жолуктурмайынча элес алып, байкабайм деле.

Анан мен ага эч нерсе дебей эле коюу чечимине келем. Ал экөөбүздүн ортобузда жалпы эч нерсе жок жана анын эне тилин же сыйынып намаз окуган тилин түшүнбөгөндөй түр көрсөтөм. Мен байланыш түзбөйм, анткени мен анын денемди айыптаган көздөрү менен карашы ыктымалдыгына даяр эмесмин. Качан ал мага чечкинсиздик менен  Алейкум ассалам деп жооп бергенде анын эмне деп ойлогонун сезгим келбейт.

Анын өзүнө жооп берүүгө мүмкүнчүлүк бербестен ал тууралуу күн мурун эле жаман ойлоп койгонум мен үчүн уят. Мындай кылган туура эмес. Мындай учурлардагы өзүмө ишенбестигим менин динимдеги адамдардын көбү мен сыяктуу кийингендерди жолдон чыккан, Ислам эрежелерин аткарбаган аялдар катары эсептей тургандыктарын билгендигиме байланыштуу.

Мен сандарымды, таманымды жаппайм. (Эң популярдуу ислам укуктук мектептери аялдардын таманын аврат (уяттуу) жер деп эсептешет.) Менин сырткы көрүнүшүм динге ишене тургандыгымды билдирбейт. Кээ бирлери мени жакындан билгенден кийин да мага «намаз окубаган мусулман» деген ярлык илүүлөрү мүмкүн — анткени мен виски ичип, маңзат чылымдарды чегем да.

Ошентсе да мен — намаз окуган мусулманмын. Мен (кээде) намаз окуйм, орозо кармайм, унааны от алдырып жатканда бисмилляхи рахмани рахим дейм. Мен зекет берем, анан да эң башкысы мен өзүмдү мусулман катары сезем. Мен сыяктуулар көп.

Биз Исламдын бекем түшүндүрмөлөрүнө ишенбейбиз. Биз Исламды сүйөбүз жана ушунчалык катуу сүйгөндүктөн биз аны каардуулукка чейин чектөөдөн баш тартабыз. Бирок бизди кабыл алышпайт. Эгер бизди төмөнкү кубулуштардын биринен куткара турган болсо биздин мусулман эместей түр көрсөткөнүбүз жеңилирээк болот: бизди тозокто күтүп жаткан жазалар тууралуу жөнү жок эскертүүлөрүнөн; «Мен сага тууган катары» деген сөздөн баштаган бейтааныш адамдардын ылайыксыз кеңештеринен; же мен 13 жашта эле сандырак кеп деп эсептеп келген кайсыл бир ваххабиттик сектага негизделген импровизацияланган лекциялардан.

Исламды окуп үйрөнүү америкалык мектепти аяктаганга чейин менин билим алуумдун бир бөлүгү болчу. Биздин китептер Сауд Аравиясынан — Исламдын эң чоң ваххабиттик агымынын жолун жолдоочулардын өлкөсүнөн алынып келинген болчу. Апам менен бирге катуу оорусунан улам баласынан айрылган үй-бүлө тууралуу кинотасма көрүп жатканда алгачкы жолу ал тексттерди маанисиз деп эсептей ала турганымды түшүнгөм. Анда мен 6 же 7 жашта болсом керек. Апам мага болжол менен төмөндөгүдөй деген: «Балдары кичинекей кезинде алардан айрылган апалар үчүн Аллахтын бейиште өзгөчө орду бар экенин билем». Мен ага карап: «Алар мусулман болбосо дагыбы?», деп сурагам. Ал сыналгыдан көзүн албай туруп: «Ооба, алар мусулман болбосо дагы», деп жооп берген.

Бул менин сауд китептериндеги айтылган Кудайга эмес, а боорукер Кудайга ишенип башташым үчүн керектүү жалгыз нерсе болгон.

Менин ата-энем кыйла эле динчил адамдар. Алар менин чылым чегип же иче турганымды билишпейт. Чынын айтсам, эгер менин бул кылыктарымды билип кала турган болушса алардын кандай реакция кыла тургандыктарын элестете албайм, бирок менин аларды текшерүү оюмда жок. Алар эжем экөөбүздүн жоолук салынып жүргөнүбүздү колдоп, дем беришчү, бирок ошентип жүргүлө деп мажбурлашчу эмес. Көпчүлүк ата-энелердей эле алар дагы биздин ачык же башкалардын көңүлүн бургудай денеге жабышып турган кийимдерди кийип жүрүшүбүздү каалашчу эмес. Аларга менин бул кыска чолок шымым жакмак эмес.

Качан алар эжем экөөбүздүн беш маал намаз окубай турганыбызды билгенде эч нерсе деп айтышкан эмес, болгону кээ бирде намаз окуу кандай артыкчылыктарды бере тургандыгы тууралуу кеп козгоп калышчу. Апам америкалык жазуучулардын чыгармаларын окуганды жактырчу. Кинотасмаларды жакшы көрчү. Музыканы өтө жакшы көрчү. Ал Куранды жаттоого аракет кылчу, бирок аны жаттоону кеч баштап калдым деп эсептечү. Ата-энем биздин эркек досторубузга жакшы эле көз карашта болчу жана биз алар менен сейилдөөгө кеткенде шектүү карашчу эмес. Ата-энем эжем экөөбүздү алардын жолун жолдойт деп үмүттөнүшчү, бирок бизге өз тандообузду жасоого мүмкүнчүлүк беришти.

Өзүмдү мусулман деп эсептей тургандыгыма дал окуп үйрөнүүм менен ынтызарлыгым себеп болгондугуна көзүм жетет. Буддизмди окуп үйрөнгөндүгүм мага Исламга жакындашыма жардам берди, анткени ал азгырыктарга кызыкпоого үйрөттү — буга мени Ислам таануу боюнча мугалимдердин бири дагы үйрөтө алган эмес, бирок бул сөзмө сөз айтканда Исламдын башкы идеяларынын бири. Менин ислам боюнча устаттарым дайыма дүйнөлүк эмес жана күнүмдүк эмес нерселер тууралуу ойлонууга гана — күнүмдүк каталарымдын кайсынысы Кудай тараптан дубаларымдын кабыл болуусуна тоскоолдук кыла тургандыгы жөнүндө окутушчу. Алар мени уялуу, коркуу сезимине үйрөтүштү. Алар мени жакшы мусулман болуу оор экендигине ынандырууга аракет кылышты.

Мен Исламдан эч качан баш тарткан эмесмин. Уялуу сезиминен улам намаз окууда эки гана жолу тыныгуу жасагам. Намаз окуу үчүн жай намазга отурууга өзүмдү мажбурлоого туура келеби жокпу көргүм келген. Мен ага кайтып келдим. Качан намазсыз жашоом маңызсыз, бош болуп калаарын түшүнгөн соң кайтып келдим. Мен ыраазычылык катары намаз окуп баштадым. Намаз окуу мага тынчтануу берчү. Даарат алуу денемдин белгилүү бир бөлүктөрүн милдеттүү түрдө жөн гана суулоо процесси эмес, а ар күндүк гигиена болуп калды. Бул чыныгы түшүнүү болду. Мен болбогон нерселер үчүн сарысанаа болбой калдым. Менин мантрам (ыйык текст) аракеттер ниетке көз каранды экендиги тууралуу айтылган «Аль-амаль биль ният» болуп калды. Дагы бир башка мантрам диндин жеңилдик экендигин билдирген «Аль дин юср» болду.

Окуп үйрөнүү менен кызыгуу мага аалымдардын эки жүздүүлүгүнө сын көз менен кароо мүмкүнчүлүгүн берди. Мен өз динимди аялдарды жаман көргөн топ кишилердин каалоосундай тутууга милдеттүү эмес экенимди түшүндүм. Эки жыл мурун мен көпчүлүк хадистерди , фикх (Ислам юриспруденциясын) жана тасфирди (Исламдын чечмелөөлөрүн) туура эмес деп таптым, анткени бүгүнкү күндө Исламда эбегейсиз роль ойногон бул үч нерсе экстремалдуу патриархалдык коомдо төрөлгөн мусулмандардын көз караштарынын элегинен өтүшкөн.

Мен хадистердин бардыгын тең туура эмес деп тапкан жокмун. Өзүмө эч шексиз, мени жакшы кыла тургандарын калтырдым — мени жүрүш-туруш эрежелерине, кайрымдуулук менен чыдамкайлыкка үйрөткөндөрүн. Жогоруда айтып өткөн эки мантра хадистерге негизделген. «Дин — бул жеңилдик» деген мантра Пайгамбардын тилектештеринин бири болгон Абу Хурайранын хадисине негизделген, а «аракет ниетке көз каранды» деген мантра Пайгамбардын жолун жолдоочулардын бири Умар ибн аль-Хаттаб менен байланыштырышкан хадистен алынган.

Жогоруда мен сыяктуулардын көп экенин айтып өттүм. Башка мусулмандардын фонунда «мусулман эмес» деп бөлүнүп, четтетилгендер. Качан биздин жүрүш-турушубузду козголоңчулук же биз жашап аткан мусулмандык эмес коомго ылайык келүү аракети менен түшүндүрүп чабуул жасашканда биздин динге болгон көз карашыбыз жокко чыгат. Бирок андай сезимдерге карабастан биз жалпысынан түзүлгөн кырдаалда кыйналбайбыз деле. Биз туура, кыймыл аракетке бай жана көп түрдүү жашоо менен жашайбыз. Биз башка көптөгөн адамдардын тобу менен байланыш түзүп, жалпы нерсе таптык, ошондуктан жалпысынан биз өзүбүздү четке чыгарылган адамдар катары сезбейбиз. Олуттуу маданий өзгөрүүлөр болмоюнча биз эки же бир нече жашоо менен жашоону улантабыз деген чечимге келдик.

Жакында менде жаңы мантра пайда болду — Аль-Кяфирун (Капырлар) деп аталган сүрө. Мен үчүн капырлар — бул Кудай менен Пайгамбарга ишенбеген гана адамдар эмес, алар менин да мусулман экендигиме ишенбегендер дагы.

Ал аяттын акыркы сүрөсүндө: «Лякум динакум уа лия дин» дейт, бул «ар кимге өз дини» дегенди түшүндүрөт.

Бул биздин айырмачылыктарыбызга карабастан ортобуздагы өз ара карым-катнаштын кубатын алып жүргөн жөнөкөй гана фраза. Менин жоолук салынган аялга жылмаюу менен жана айыптоо коркунучусуз кароого күч бере турган аят.

Тексттин автору: Танаа эль-Наггар, акыркы 19 жылдан бери Нью-Йорктун Бруклининде жашайт.

Иллюстрациянын автору: Джим Кук