Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экс-прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровду Бишкек жылуулук электр борборуна «сапатсыз көмүр» жеткирүүлөрдү уюштурууга көмөктөшкөн деп айыптады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Абдыкапаров Башкы прокуратуранын кызматкерлерине «басым жасап келгендигин» билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Нуртазин Жетыбаев «Жезказган Энергосбыт» казак компаниясынын Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүүдөгү кызыкчылыктарын орундатуу үчүн Салянованын күйөөсүнүн буйруктарын аткарып турган.

«Аны менен катар аталган компаниянын [«Жезказган Энергосбыт»] көмүр жеткирүү боюнча тажрыйбасы болгон эмес, ошондой эле жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, алар тараптан сунушталган көмүрдүн сапатсыз экендиги аныкталды», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Басма сөз кызматтан казак компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жеткирилген көмүрдүн сапатсыздыгынан улам жылуулук электр борбору газ түрүндө кошумча отунду колдонууга «аргасыз» болгондугун кошумчалады. Тергөөчүлөр келтирилген чыгымды 13, млн. сомго баалашууда.

Абдыкапаров Кыргызстандын Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деп айыпталууда. Учурда ал үй камагында.

Бул Абдыкапаров күнөөлүү катары өтүп жаткан экинчи кылмыш иши. Буга чейин УКМК экс-прокурордун күйөөсүн «алдамчылыкка» айыптаган — тергөөнүн версиясы боюнча, ал «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кылмыш иши боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткан чиновниктеринен ишти кыскартуу маселесинин чечилишине көмөктөшөм деп акча алган.

«Маалыматтык чабуул»

Аида Салянованын жактоочусу Расул Умбеталиев Бакыт Абдыкапаровго карата айтылган айыптоолорду мурунку прокурорго каршы жасалган «маалыматтык чабуулдун бир бөлүгү» деп атаган.

«Аида Салянованын кызматтан кетишинин башкы себеби — башкы прокурор кезинде азыр жогорку кызматтарды ээлеп турган президенттин айланасындагы чиновниктердин бир катарына карата кылмыш ишин козгоого документтерди даярдап койгондугунда деп эсептейм», — деп билдирген Умбеталиев февралдын аягында.

Салянованын өзү «Азаттык» радиосуна берген маегинде жолдошунун дарегине айтылган айыптоолор «жалган» экенин билдирген.

Февралдын ортосундагы маалымат жыйынында Салянова эгер ишти «принципиалдуу тергөөчүлөр» алып барса, анда Абдыкапаровго каршы козголгон кылмыш иши сотко жетпеши керектигин айткан.

«Бул жолкусунда ал иштин чыныгы саясий себептери тууралуу менин түшүндүрмөлөрүмөн саясий интригалар бийик болуп чыкты. Азыр мени же жакын туугандарымды айыптоо үчүн көп деле күч жумшоонун кереги жок. Ал үчүн дайыма жүйөлөр болуп келген, эми дагы боло берет. Башкы прокурордун ишмердүүлүгү дайыма болуп турчу саясий басым менен байланыштуу», — деген ал.