Премьер-министр Жоомарт Оторбаев канадалык «Центерра» компаниясынын директорлор кеңеши «бардык инвесторлордун кызыкчылыгында иштеши үчүн» өкмөт анын курамын өзгөртүүнү сунуштап жаткандыгын билдирди.

Оторбаев жаңы директорлор кеңешине Кыргызстан учурда ал жакта отурган үч мүчөсүнүн ордуна 11 талапкер сунуштай ала тургандыгын билдирди.

Бирок Оторбаевдин айтымында, өкмөт «Центерранын» 8-майда өтө турган кезексиз жыйынында өз талапкерлерин сунуштай албайт — ал буга премьер тарабынан 8-апрелде кызматынан алынган Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку башчысы Дүйшөн Ирсалиевди айыптады.

«Азыр «Центеррада» ким иштеп жатканын биз деле билбейбиз да. Учурда биз анда биригишке адамдар отурбай элеби деп текшерип жатабыз. Биз эң чоң долбоорубузду кимдин жетектеп, башкарып жатканын билбейбиз», — деп кошумчалады өкмөт башчысы.

Ал жаңы директорлор кеңешинин «бардык инвесторлордун кызыкчылыгында иштей тургандыгына» ишенет.

Оторбаев министрлер кабинети «Кумтөр» алтын өндүрүү ишканасынын түзүмүн өзгөртүү боюнча «Центерра» менен түзүлчү жаңы макулдашуу долбоорунда сунушталган биргелешкен ишкана түзүүгө каршы экенин, а премьердин өзү ишкананын улутташтырылышына «принципиалдуу түрдө каршы» экенин эске салды.

Премьер-министр өкмөттүн «Кумтөр» боюнча позициясынын өзгөрүшүнө «Центерра» тарабынан 2015-жылдын 20-мартында жарыяланган кен казуу иштеринин жаңы планы таасир эткенин түшүндүрдү.

2-апрелде «Кыргызалтындын» төрагасынын орун басары Кылычбек Шакиров кендеги казуу иштеринин жаңы планынан улам экономикалык макулдашуунун шарттары өзгөргөндүгүн билдирген.

«Кыргызалтын» Кыргызстандын «Центеррадагы» акцияларын башкарат — өз кезегинде «Центерра» «Кумтөрдүн» акцияларынын 100 пайызына ээлик кылат.

Анын айтымында, ошондуктан кыргыз тарап канадалык компанияга биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашуу долбоорунун экономикалык бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

«Центерранын» пресс-релизине ылайык, кендеги казуу иштеринин жаңы планы өндүрүш боюнча жаңыланган маалыматтарды, ошондой эле «Кумтөрдүн» ишине жумшалган жаңы операциялык жана капиталдык чыгымдарды «көрсөтөт». Казуу иштеринин планы акыркы жолу 2012-жылдын декабрында өзгөргөн.

Казуу иштеринин жаңы планына ылайык, алтын казууга божомолдор кыскарган — эгер 2012-жылдагы документте  кийинки 11 жылда «Центерранын» 6,4 миң унций алтын казуусу божомолдонгон болсо, жаңы планында — 4,8 миң гана унций көрсөтүлгөн.

Натыйжасында «Центерранын» кирешеси дээрлик эки эсеге — 2,9 миллиард доллардан 1,5 миллиард долларга чейин кыскарган.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев казуу иштеринин планын өзгөрүшүнөн улам Кыргызстан 700 миллион доллар үлүштүк киреше албай кала тургандыгын билдирди.

«Акыркы сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан канадалык тарапка биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашуу долбооруна жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Анда өлкө үчүн алдын ала төлөөнү, ошондой эле «Центерра» кармап турган 200 млн. доллар өлчөмүндөгү активдерди биргелешкен ишканадан өзүнчө бөлүү каралган», — деп жазган vb.kg жаңылыктар сайты «Кыргызалтындын» башчысынын орун басарынын айткандарын.

Ал ошондой эле кыргыз тарап экологияны коргоо үчүн жыл сайын төлөнчү төлөмдү 3 млн. АКШ долларына чейин көбөйтүү (буга чейин ал 310 миң доллар болгон) шартын койгондугун айтты.

«Кыргызалтын» ишканасынын төрагасы Токон Мамытовдун айтымында, жаңы макулдашууга качан кол коюлары азырынча белгисиз.