Парламент депутаты Нуркамил Мадалиев «сойкулук» менен алектенгендерге айып төлөтүүнү сунуштады. Коммерциялык секс тармагынын жумушчуларынын өзүлөрү кылмыш жоопкерчилигине каршы, а юристтер андай мыйзам кабыл алынгандан кийинки коррупциянын күчөө ыктымалдыгы тууралуу айтып жатышат.

Мадалиев «сойкулук» менен алектенүү үчүн эки миңге чейинки өлчөмдөгү айып төлөтүүнү сунуштады — бул мыйзам долбоору парламентте каттоодон өтө элек, бирок коомдук талкууга 8-апрелде чыгарылган.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун идеясы материалдык айып төлөтүүгө эмес, а көбүнчө «сойкуларды моралдык жактан жазалоого» багытталган.

«Биз аныктаган айып алар үчүн анча көп эмес сумма болушу мүмкүн. Бирок коомчулукта алардын аты-жөнүн, фамилияларын, ал айыпты кимдердин төлөгөндүгүн билип алуу мүмкүнчүлүгү болот», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Мадалиев «сойкулукка» так аныктама бере алган жок.

«Кантип дароо аныктама бере алам? Азыр мен аныктама берсем силер аны жазып чыгып, анан аны чын деп айтасыңар да, чынбы? Силерге юридикалык аныктама бергенсип аны юридикалык аныктама катары жазып чыгасыңар», — деди ал.

Депутаттын айтымында, коммерциялык секстин кызматтары менен пайдалангандарды эмес, а андай кызматтарды көрсөткөрдү айып менен жазалоо керек.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде эгер мыйзам долбоору кабыл алынса анын аткарылышына Ички иштер башкармалыктарынын алдындагы бөлүмдөр көз сала тургандыктарын айтты.

Сейитовдун пикиринде, Кыргызстанда секс-жумушчуларынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө «мурда эле убакыт келип жеткен».

«Мындай мыйзам Орусия Федерациясында, Казакстанда, Тажикстанда, бүт жерде бар. Жалгыз бизде гана административдик жоопкерчилик каралган эмес. Ошондуктан биз көптөн бери эле мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүгө аракет кылып келебиз», — деди ал.

Сейитов «сойкулук» менен алектенүү фактысын далилдөө үчүн милиция кызматкерлери ал адамга караштуу сүрөт, видео сыяктуу бардык маалыматтарды чогултуп, сотко өткөрүп берүүсү керектигин айтты.

Коррупция өсөбү?

Юрист Адилет Азимов Мадалиевдин идеясы Конституцияга дагы, башка нормативдик-укуктук актыларга дагы каршы келбейт деп эсептейт. Бирок анын айтымында, мыйзамда «сойкулуктун» эмне экендиги тууралуу так аныктама жок.

«Бизде бир дагы колдонулуп жүргөн мыйзам, бир дагы нормативдик-укуктук акты сойкулук ишмердүүлүгүн көзөмөлдөбөйт. Ошондой эле биздин мыйзам чыгаруучу базанын концептуалдык аппаратында да сойкулук түшүнүгү жок», — деди ал.

Юристтин айтымында, «сойкулук» үчүн айып киргизүү коррупцияга алып келиши мүмкүн.

«Милиция кызматкерлеринин бир жарым миң сомго жоопкерчиликке тартуунун ордуна миң сом пара алып баштоо тобокелдиги бар», — деди ал.

Бишкек ШИИБсинин жогорку кызматтагы кызматкери 2012-жылы Бишкекте чыккан «Гедонист» журналына берген маегинде «сойкулук» үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү көп ресурсту талап кыла тургандыгын билдирген.

«Эгер сойкулукка мамлекеттин эрки менен тыюу салынса — ал мындан да көмүскөгө кетет, бир топ кымбатыраак жана жышыруун болуп калат. Укук коргоо органдары, ошондой эле прокуратура, УКМК сыяктуу бардык күч түзүмдөрү тараптан жасалган коррупциянын түрдүү формаларына себеп болушу мүмкүн», — деп билдирген ал.

«Айып салгандан көрөк жардам беришсин»

Коммерциялык секс тармагынын кызматкерлери сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы экендиктерин жана ал кабыл алынган күндө да алардын ишмердүүлүктөрүн токтотпостугун айтышты. Бул тууралуу алар Kloop.kgнин кабарчыларынын телефон аркылуу сурамжылоосу маалында билдиришти.

Розалия (ысымы өзгөртүлгөн) ал ансыз деле ишмердүүлүгүн улантууга уруксат бериши үчүн укук коргоо органдарына акча берүүгө аргасыз экенин айтты.

«Менимче андайды киргизишпейт, анткени бул таптакыр түшүнүксүз. Биринчиден, депуттар биздин кызмат менен өзүлөрү пайдаланышат — бул бир. Эгер расмий түрдө киргизишсе анда эмне болорун билбейм», — деди ал.

«Сладкая парочка» деген аталыштагы секс-жумушчуларынын оператору мыйзам долбоору «натыйжасыз» болот деп эсептейт.

«Андан көрөк кыздарга жумуш берип, кылмыштардын бетин ачышса жакшы болмок. Бул болуп келген жана дайыма боло берет. Албетте сайттарды жапкан күндө да кыздар иштөөнүн жаңы жолдорун табышат», — деди ал.

Оператор кыздар сойкулук менен ыракат алуу үчүн эмес, а жашоосундагы көйгөйлөрдөн улам алекенип жаткандыктарын айтты. Ал бийликти тыюу салбастан, тескерисинче, коммерциялык секс жумушчуларына жардам берүүгө чакырды.

«Аларда балдарын тойгузууга акчалары жок, ата-энелери оорулуу. Аларга жок дегенде үй-бүлөсүн бакса болду. Көйгөй мына ушунда. Депутаттарга го жакшы, алардын бюджети үй-бүлөсүн багууга жетет. А кыздардыкы [бюджети] жетпейт. Жумуш жок. Толук жумушсуздук. Ал бечаралар каякка барышмак эле, а ага кошумча жогорудан кычкылтекти бууп, аларды муунтуп жатышат», — деди оператор.

Кыргызстанда «сойкулук» менен алектенүү үчүн жаза каралган эмес. Болгону сойкукана уюштургандыгы жана «сойкулукка» тартуу үчүн гана жоопкерчиликке тартууга болот.

Автор: Малика Баязова жана Никита Серов