Президент Алмазбек Атамбаев өз аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновду отставкага кетирди. Бул «Вечерний Бишкек» басылмасы аны «рейдерлик басып алууга» айыптагандан кийин болууда.

Атамбаев өз аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмияновдун отставкасын 27-апрелде кабыл алды — чиновник отставкага кетүү тууралуу арызын 23-апрель күнү кечинде жазган. Анда президенттин аппарат жетекчисинин орун басары «жалган каралоолорго чыдаш кыйындап баратканын» билдирген.

«Вечерний Бишкек» басылмасы президенттин айланасындагы башка адамдар менен бирге аны дагы медиа-холдингди «рейдерлик басып алууга» айыптаган.

Басылманын өкүлдөрүнүн пикирлеринде, Илмиянов, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов жана өлкө башчысынын мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев басма үйдүн негиздөөчүлөрүнүн бири Александр Рябушкин аркылуу «Вечерний Бишкекке» ээ болуп калууга аракет кылып жатышат. Рябушкин учурда акцияларга ээ болуу укугу үчүн басылма менен соттошууда.

«Мамлекеттик жогорку кызматта отуруп журналисттерди сотко бергим келген эмес, актанып, гезиттерде пиар жасаганды туура көргөн жокмун. Буга чейин жакшы эле чыдадым, бирок барган сайын жалган каралоого чыдаш улам кыйындап баратат, ошондуктан кызматтан бошотуу тууралуу арыз менен кайрылууга туура келип жатат», — деп жазылган билдирүүдө.

Илмиянов арызында бул анын отставкага кетүү боюнча президентке жолдогон алгачкы арызы эмес экенин жазган.

Анын айтымында, ал кызматтан Башкы прокуратура тараптан «алдын-ала обьективдүү эмес текшерүүлөр болуп жатат деген имиштерге негиз бербеш максатында» кетип жатат. Буга чейин Атамбаев атайын кызматтарга «Вечерний Бишкектин» кайрылуусундагы айыптоолорду текшерип чыгууну тапшырган.

«Ошол эле учурда коомчулук арасында мени бир кылка кабыл албастыгын билем. Мүнөзүмө байланыштуу мен чындыкты бетке айтам, ошондуктан мага таарынган адамдар көп. Дал ошол адамдар ар кандай имиштерди таратып, андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып, коомдо талкууга алынат», — деп билдирген ал.

«Вечерний Бишкек» өзүнүн акыркы кайрылуусунда кыргызстандыктарды Атамбаевдин айланасындагы кызмат адамдарына каршы биригүүгө чакырган.

«Икрам Илмияновдун өз кызматынан кыйла көп нерсени көзөмөлдөп жатканына кандай далилдер керек? Эмне себептен болгону аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген адамдын иш бөлмөсүнүн алдында министрлер менен депуттардын үймөлөктөшүп жүргөндүктөрүн сурап көргүлөчү? Эмнеге президенттин аппаратынан кайрылгандан кийин судьялардын мыйзамсыз чечимдерди чыгарарын ишкерлерден сурап көргүлөчү?» — деп жазган «Вечерний Бишкек» кайрылуусунда.

Басылманын маалыматы боюнча, бул чиновниктер «Вечерний Бишкектин» мурунку ээси Александр Рябушкин аркылуу аны басып алууга аракет кылып жатышат. Рябушкиндин өзү «Вечерний Бишкек» бул боюнча соттун чечимине таасир этүү үчүн атайылап президентти аралаштырып жаткандыгын билдирүүдө.

23-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Вечерний Бишкектин» акыркы билдирүүсүндө «бийликти кулатуу чакырыктарынын» бар-жоктугун текшерүүнү демилгелеген.