Орусиянын ири алтын өндүрүүчүсү эсептелген «Полюс Голддун» туунду компаниясы көлөмү жагынан Кыргызстандын экинчи алтын кенин иштетүү боюнча сынакка катышуудан баш тартты. Компаниядан сынакка катышуудан баш тартуу чечими долбоорду толук текшерип чыккандан кийин кабыл алынгандыгын билдиришти.

Чоңдугу жагынан дүйнөдөгү үчүнчү компания болуп эсептелген «Полюс Голдго» таандык орусиялык «Алданзолото ГРК» компаниясы Кыргызстандагы «Жерүй» алтын кенин иштетүү үчүн жарыяланган сынакка катышуудан баш тартты, деп билдирүүдө «Азаттык» радиосу.

«Полюс Голд» компаниясы орусиялык олигарх Сулейман Керимовго таандык жана Орусия менен КМШдагы ири алтын өндүрүүчү компания болуп эсептелет.

«Алданзолото ГРК» көлөмү жагынан Кыргызстандагы экинчи алтын кени болуп эсептелген «Жерүйдү» иштетүүгө лицензия алуу үчүн жарыяланган сынактын үч катышуучусунун бири болчу.

«Полюс Голддун» басма сөз кызматынан компания кыргызстандык кенди иштетүүгө лицензия алуу үчүн жарыяланган сынактын шарттарын «көңүл коюп изилдеп чыгып», «сынакка катышуусун токтотуу чечимин кабыл алгандыгын» билдиришти.

«Жерүй» кени боюнча сынактын шарттарын көңүл коюп окуп чыгып, due diligence процессин деталдуу аяктап, ошондой эле «Жерүй» кенин иштетүүнүн перспективаларын анализдеп чыккан соң биз сынакка катышуубузду токтотуу чечимин кабыл алдык», — деп жооп берди орусиялык компаниянын басма сөз кызматы Kloop.kgнин жөнөткөн сурамына.

Due diligence — компания же инвестор өз каражатын жумшайын деп жаткан объектини текшерүү жол-жобосу. Ал өз ичине инвестициялык тобокелчиликтер менен объектини көз карандысыз баалоо жана анын бардык тараптан изилденишин камтыйт.

Алгач «Жерүйдү» иштетүү үчүн жарыяланган сынакка үч компания катышып жаткан — орусиялык «Алданзолото», «Восток-геологодобыча» жана кыргыз өкмөтүнө таандык «Кыргызалтын». Бул компаниялар сынактын экинчи айлампасына өтүшкөн.

«Жерүйдү» иштетүүгө сынак

Кыргызстандын өкмөтү «Жерүйдү» иштетүүгө 2015-жылдын февралында — «Visor» казак компаниясынын кенди иштетүүгө болгон лицензиясы чакырылып алынгандан беш жыл өткөн соң сынак жарыяланган.

Сынактын биринчи айлампасы 2015-жылдын мартынын аягында аяктаган — анын жыйынтыгы боюнча, экинчи айлампага катышууга билдирме берген үч компаниянын бардыгы тең  өтүшкөн.

Экинчи айлампасы бүгүн, 28-апрелде аяктады — «Кыргызалтын» менен «Восток-геологодобыча» компаниясы «Жерүйдү» иштетүү лицензиясы үчүн 100 миллион доллардан сунушташты. Сынактын катышуучулары тарабынан сунушталган сумма — кенди иштетүү укугу үчүн Кыргызстандын өкмөтү тарабынан аныкталган старттык баа.

Сынактын акыркы жыйынтыктары майдын башында жарыяланат.

«Жерүй» — чоңдугу боюнча Кыргызстандагы экинчи алтын кени болуп эсептелет. Мамлекеттик геология агенттигинин маалыматы боюнча, кендин болжолдуу запасы 97 тоннадан ашык алтын деп бааланууда.

Талас облусунда жайгашкан кен Кыргызстандын өкмөтү менен казакстандык «Visor» холдингинин ортосундагы талаш-тартыштын себеби болуп келүүдө. Кыргыз министрлер кабинети казак компаниясынын лицензиясын 2010-жылы чакырып алган.

«Visor» лицензиясынын чакырылып алынышын «экспроприация» (тартып алуу) деп атап, бул үчүн 548 млн. АКШ долларын талап кылып, Вашингтондогу Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго доо арыз жолдогон.

«Жерүй» боюнча соттук териштирүүлөр 2015-жылдын ноябрына белгиленген. Кыргыз бийлигинин шарттары боюнча, кенди иштетүү укугун утуп алган компания ал териштирүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоону өзүнө алып, «Visorго» компенсация төлөп бериши керек болот.