«Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери, экс-депутат Камчыбек Ташиевдин соттолгондугун жоюу тууралуу Жалал-Абад шаардык сотунун чечими күчүнө кирди. Буга чейин ал «бийликти күч менен басып алуу аракети» үчүн соттолгон.

Ташиевдин соттолгондугун жоюу тууралуу соттун чечими 14-майда күчүнө кирди, деп билдирүүдө «Азаттык» радиосу.

Сот 2012-жылдын аягында «бийликти күч менен тартып алуу аракети» үчүн жоопкерчиликке тартылгандан кийин Ташиевдин кылмыш кылбагандыгын эске алган.

«Сот чечим чыгарууда камактан чыккандан кийинки эки жылда Ташиевдин кылмыш кылбагандыгын, мыйзам бузбагандыгын, Жалал-Абад облусунун Барпы айылынын элинин жана айылдык кеңештин 31 депутатынын кайрылуусун эске алган», — деп жазган «Азаттык».

2012-жылдын октябрында «Кумтөр» алтын иштетүү ишканасын улутташтыруу талабы менен өтүп жаткан митингдин жүрүшүндө ал бир нече тарапташы менен бирге Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн.

Ташиев жана «Ата-Журт» партиясынын башка эки лидеринин үстүнөн соттук процесс дээрлик сегиз айга созулган.

Жыйынтыгында аларга карата 1,5 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган, бирок саясатчылар тергөө абагында сегиз ай отургандыктан (анда камактагы бир күн эки күн деп эсептелинет) көп өтпөй алар эркиндикке чыгышкан.

Ташиевдин соттолгондугу Кыргызстандагы парламенттик шайлоого бир нече ай калганда жоюлду — быйылкысы 2010-жылдагы апрель революциясынан кийинки мыйзам чыгаруу органын экинчи жолу шайлоо болот.

Соттолгондугунун жоюлушу саясатчынын шайлоолорго катышуусуна мүмкүндүк берет.

Парламенттин кийинки чакырылышына кирүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн Ташиев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов тандем түзүшүп, партияларын бириктирип, аны «Республика — Ата-Журт» деп аташкан.

Саясат таануучу Марат Казакпаев Kloop.kgге берген маегинде бул партиялык биримдикте Ташиевге караганда Бабанов көбүрөөк кадыр-баркка ээ экенин айтты. Анын пикиринде, Ташиев өз электоратынын колдоосун «бийликти басып алуу аракетинен» кийин жоготкон.

«Ташиевдин айынан «Ата-Журтту» колдошпойт. Эгер идеология жагынан алып карасак, ал туруксуз киши — бир оппозицияда, бир кайрадан бийликтен кечирим сурайт. «Ата-Журтту» колдоп келген электорат эми «Бир бол», «Өнүгүү» сыяктуу башка партияларды колдоодо», — деди саясат таануучу.

Казакпаев Ташиев менен партиясы «Республиканын» аркасы менен гана парламенттин кийинки чакырылышына өтө алат деп эсептейт — саясат таануучунун пикиринде, Бабановдун партиясынын кадыр-баркы жогору жана каражат ресурсу көп.

Башка саясат таануучу Марс Сариев Ташиевдин соттолгондугунун жоюлушун аймактар арасындагы жаңжалдардын алдын алуу үчүн саясатчы менен бийликтин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы деп эсептейт.

Сариев Ташиевди «ак ниеттүү» адам деп эсептейт, бирок азырынча ал саясатчы эмес деген пикирде.

«Учурда Кыргызстанда күчтүү саясатчылар аз — [президент Алмазбек] Атамбаев, [депутат Өмүрбек] Текебаев. Менин оюмча, Ташиев саясатчы катары дагы өсөт. Ал ак ниеттүү адам, бирок азырынча аны чыныгы саясатчы деп айтууга болбойт», — деди саясат таануучу Kloop.kgге берген маегинде.

Автор: Кызжибек Сыргаева