Өзүнүн улуттук суусундуктары менен белгилүү «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев 16-майда 64 жашында каза болду.

«Шоро» компаниясын негиздеген бир туугандардын бири – Табылды Эгембердиев узакка созулган оорудан улам 16-майда каза болду. Ал 64 жашта болчу.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты «Супара» этнокомлексинде эртең, 19-майда болот.

Табылды Эгембердиев 1951-жылдын 19-январында Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1992-жылы бир тууганы Жумадыл менен бирге улуттук суусундуктарды жана ичүүчү суу өндүргөн «Шоро» компаниясын негиздеген.

«Бир туугандардын түрдүү себептер менен шаардан келген конокторду апасынын үйүндө кабыл алуусу – максымдын рынокто татыктуу өз ордун табарына ишенимдүүлүк жаратып, башкы «маркетингдик изилдөө» болгон. Алардын көңүлүнүн башкы объектиси дайыма бешбармак менен спирт ичимдиктери эмес, а меймандардын аштизмесинде каралбаган, үйдө даярдалган суусундук – «Максым» болгон!» — деп жазылган компаниянын сайтындагы «Ийгилик тарыхы» бөлүмүндө.

Учурда компания Кыргызстандын салкындаткыч суусундуктарынын рыногунда лидер жана өз продукциясын өлкөнүн сыртына экспорттойт.

«Компания өлкөдө минералдуу сууларды өндүрүүчү жергиликтүү компаниялардын ичинен биринчилерден болуп Кыргызстандарт менен Малайзиянын колдоосу аркасында Менеджмент сапаты системасынын сертификатын алган, ал өндүрүлгөн продукциянын жогорку сапатын кепилдейт», — деп жазган компания тууралуу «Тазабек» бизнес-басылмасы.

Эгембердиев ошондой эле Бишкектин четиндеги «Супара» этнографиялык комплексинин негиздөөчүсү, Улуттук ордо оюну федерациясынын башчысы жана колдоочусу катары да белгилүү. Ал «рыноктук экономикалык шарттагы жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Эгембердиевдин өлүмүн терең кайгыруу менен кабыл алышты.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына ишкерди «чексиз сыйлай, баалай тургандыгын жана ага суктанып келгендигин» жазып, анын өлүмүнө ишенгиси келбегендигин билдирген.

«Жакында анын келгендигин уктум. Мага ден соолугу «салыштырмалуу нормалдуу» деп айтышты. Кыргыздарда эч качан саламаттыгын жаман деп айтпайт, жакшы деп айтпаса демек начар. Бүгүн «Мегакомдун» чакыруусу менен Супарада болдук. Түштөнүү маалына жакын бизге реанимация унаасы келди, унаанын аны алып кетүү үчүн келгенине ишенгим келген жок. Ырастоолордон коркуп кызматкерлерден сураганым жок», — деп жазган Карыпбеков.

Билим берүү министринин мурунку орун басары Бермет Турсункулова Эгембердиевге ыраазычылык катары социалдык түйүндөрдө акция уюштурууну сунуштады. Ал колдонуучуларды #рахматшоро хэштеги менен социалдык түйүндөргө сүрөттөрдү жайгаштырууга чакырды.

«Менимче «Шоронун» негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин кайтыш болгондугуна байланыштуу аны эскерип, анын жасаган эмгегине ыраазычылык билдирип, жакындарын колдогонубуз туура болот. Бул сунушка эмне дейсиздер?» — деп жазган Турсункулова.

Автор: Малика Баяз

Сүрөт: «Азаттык» радиосу