Экономика министрлиги 2015-2017-жылдар аралыгында «Альфа Телеком» компаниясынын («Мегаком» бренди) акцияларынын 100%ын сатууну сунуштады. Өкмөт бул демилгени бир добуштан колдоду.

Мындай сунушту өкмөт жыйынында экономика министри Олег Панкратов киргизди.

«Альфа Телеком» ЖАКы потенциалдуу инвесторлор үчүн өзүнө тартып турган объект болуп эсептелет, өз кезегинде бул мамлекет үчүн кыйла эле пайдалуу соода келишимин божомолдоого мүмкүнчүлүк берет», — деп жазды өкмөттүн басма сөз кызматы Панкратовдун айткандарын.

Панкратовду премьер-министр Темир Сариев колдоп, «Мегакомдун» кирешелеринин бардыгы тең Кыргызстандын бюджетине кетип, а компаниянын өнүгүүсү үчүн «жетишерлик эмес каражат» калып жатканын билдирди.

«Эгер биз ушул багыт боюнча кетүүбүздү уланта берсек, анда бир-эки жылдын ичинде «Мегаком» чыгашалуу компания болуп калат. Биз компанияны мамлекеттин эсебинен колдосок кыйынчылыктар болушу мүмкүн», — деп белгиледи Сариев.

Бирок Экономика министрлигинин башчысы дагы, премьер-министр дагы компаниянын акцияларынын 100%ынын болжолдуу баасын айтышкан жок. 2012-жылы бийлик акцияларынын 49 пайызын 4 миллиард сомго (2012-жылдагы валюта курсу боюнча 100 млн. АКШ долларына) сатууга аракет кылган.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Панкратовдун сунушун бир добуштан колдошуп, «Альфа Телеком» компаниясын объектилерди менчиктештирүүнүн 2015-2017-жылдардагы планына киргизишти.

Улутташтыруу

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандын бийлиги уюлдук оператордун акцияларынын 49 пайызын убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырган.

2014-жылдын июлунда Бишкектин райондор аралык соту төрт жылдан бери соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан компаниянын акцияларынын дагы 51 пайызын камактан чыгарган.

Анда Жогорку сот акциялардын көзөмөл пакети Southfield Management Inc. жана бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын санаашалы эсептелген Алексей Елиссевге тиешелүү болгон Vesatel United Limited компанияларына таандык экендигин билдирген.

«Альфа Телекомду» улутташтыруу процессин аягына чыгаруу үчүн бийлик Елисеевди мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 6 жылга эркинен ажыраткан, андан соң анын компаниясынын келишилген бардык макулдашууларын мыйзамсыз деп тапкан.

Муну менен акциялар Елиссевге кайтарылып берилип, андан кийин алар мамлекеттин эсебине конфискацияланган.

Елисеев менен Southfiel Management Inc жана Vesatel United Limited компанияларынын өкүлдөрү кыргыз сотторунун чечими боюнча дагы деле өз пикирлерин билдирише элек.

Сүрөт: «Кабар» маалымат агенттиги