Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Бишкектеги автоунааларды мажбурлап эвакуациялоонун баасы кантип аныктала тургандыгы боюнча суроо узатышууда. Алардын айтымдарында, аталган кызмат үчүн тескөөчүлөр айдоочуларды 1500 сом төлөөгө милдеттендирип жатышат.

Жол эрежесин бузуу үчүн каралган айыптардын жогорулатылышы менен тескөөчүлөр Бишкектин көчөлөрүндөгү туура эмес токтотулган унааларга көбүрөөк көңүл буруп башташты.

Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) тескөөчүлөрү эреже бузган айдоочуларга 1000 сом айып салып, эгер айдоочу ордунда жок болсо эваукациялык кызматты чакырышат — бул жол-жоболор Административдик укук бузуулар тууралуу кодексте жазылган жана эч кандай шек туудурбайт.

Бирок эч кандай ченем менен тартипке келтирилбеген эваукациянын баасы суроолорду жаратууда — «Дизель» интернет-форумунун колдонуучулары ал сумманын ким тарабынан жана кантип аныкталарына таң калышууда.

«Жана эң кызыгы 1500 сом – эвакуатордун кызматы! Эмне деген келжиректик? Мен эмненин негизинде ал көпөстөргө акча төлөшүм керек? Андан да ал бизнести Бишкек шаардык ЖККнын башчысынын орун басары уюштурган. 4 эвакуаторго ээ да анан күнүнө 10дон машина ташыйт», — деп жазган ZAPOR деген ысым менен катталган колдонуучу.

«Аны менен катар мыйзамда дагы, кодексте дагы эвакуатордун кызматы үчүн 1500 сом деген сумма жок. Эми ары-бери жүрүп, токтоп турган унааларды катары менен ташып жатат. Кимдир бирөө ЖККда эмне болгон бизнес экенин түшүндүрүп бере алабы?» — деп уланткан ал.

Жол активисти Айбек Баратов карама-каршылыктардын болбошу үчүн эваукациянын баасы дагы мыйзам ченемдери менен тартипке келтирилиши  керек деп эсептейт.

«Менин сунушум — туура эмес токтотуу үчүн каралган айыпты 2500 сом кылып, анын 1500ү эвакуаторчулардын пайдасына кеткидей кылуу керек. Анан ал акчалар расмий түрдө мамлекеттин казынасына түшүп, а андан кийин ал бюджеттен эвакуатор кызматы менен эсептешип алгыдай кылуу керек», — деди ал.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге берген маегинде автоунаалардын эвакуациясы менен Бишкек мэриясы жана борбордук милиция келишим түзгөн өзүнчө кызмат алектене тургандыгын билдирди.

«Жанагыл эвакуатордун кызматы үчүн төлөнүп жаткан акчалардын мамлекеттик бюджетке тиешеси жок. Эваукация үчүн берилген акчанын бардыгы тең эвакуаторчунун пайдасына кетет», — деди ал.

Оторов шаар бийлиги менен иштешип жаткан ал компаниянын аталышын жана анын кызматтарынын баасын билбей тургандыгын кошумчалады.

«Административдик протокол түзүлгөндөн кийин айдоочу айыпты ЖККнын тескөөчүсүнө эмес, а «Кыргыз почтасынын» кассасы аркылуу же терминал аркылуу төлөйт. ЖКК кызматкери колуна албайт, андай мыйзамда да жок», — деди ал.

Видео: ЖКК башчысы автоунааларды мажбурлап эавкуациялоо тууралуу:

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган төрт эвакуациялык кызматтан ЖКК эч качан алардын кызматтары менен пайдаланбагандыгын жана бир гана фирма менен иштей тургандыгын айтышты.

«Аларда төрт эвакуатор бар, бизге башка эч нерсе белгисиз. Менин билишимче, ал жакка эч кимди киргизишпейт, бул алардын [ЖКК] темасы. Бир топ жабык бизнес», — деди эвакуатордун бул тармакта 10 жылдан ашык иштеген айдоочусу Вадим.

«Эвакуатор в Бишкеке» фирмасынын өкүлү алардын кызматтарынын баалары туруктуу болбостугун жана алар автоунаанын көлөмүнө жана зыянга учуроо деңгээлине көз каранды болорун айтты.

«Эвакуатордун кызматтары үчүн айдоочу төлөшү керек. Ал (айдоочу) биздин кызмат үчүн айып төлөөчү унаалар коюлчу жайдын кароолчусуна акча төлөйт, анан кароолчу бизге телефон чалат да биз акчаны алып кетебиз. Негизинен биздин кызматтар айып унаа токтотуу жайларынын эсепчилери түзө турган актыга кирет», — деди компаниянын өкүлү.

Эвакуатор айдоочусу Алмаз Kloop.kgге 1200 сом — бул алардын кызматынын эң төмөнкү баасы экенин айтты. «Кызматтын суммасы автоунаанын көлөмүнө жараша болот. Эгер унаа жайында болуп, дөңгөлөктөрү айланып турса 1200 сом болот. А эгер ал джип болсо, анда баалар 1500дөн жогору», — деди ал.