Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы аяктап, бардык мектеп окуучулары үчүн жайкы эс алуу башталды. Kloop.kgнин кабарчылары аймактардагы балдардын үч ай ичинде эмне менен алектене тургандыктарына кызыгышты.

Баткен облусу

Үч-Коргон айылындагы мектептин сегизинчи классынын окуучусу Бектемир эс алуу күндөрүн жергиликтүү жайкы лагерде өткөрүп жаткандыгын айтты. Анын Ысык-Көлдө эс алгысы келет, бирок ал лагерден кийин ата-энесине жардам бериши керек.

«Жакшы эс алгым келет. Лагерь бүткөндөн кийин кайра үйгө барып, ата-энеме үйдөгү жумуштарды жасап жардам берем», — деди ал.

Баткендеги Үч-Коргондун мектеп окуучулары жайкы каникулда эс алып жатышат.

Баткендеги Үч-Коргондун мектеп окуучулары жайкы каникулда эс алып жатышат.

Үч-Коргондогу Жаштар борборунун өкүлү Атабек Ариповдун айтымында, негизинен жергиликтүү балдар жайкы каникулда ата-энелерине жардам берип, же лагерлерде эс алышат.

«Бизде 5-6-класстар үчүн жайкы лагерлер өткөрүлгөн мектептер бар. Ал жактарга көбүнчө жалаң бешке окуган балдар менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары бара алышат», — деди Арипов.

Баткендин Андарагындагы Амантур жайкы каникулда айылдык кабарчы болуп иштеп, ал жактан «кызыктуу жаңылыктарды» жазат.
Баткендин Андарагындагы Амантур жайкы каникулда айылдык кабарчы болуп иштеп, ал жактан «кызыктуу жаңылыктарды» жазат.

Амантур Андарак айылында жашайт жана Бектемирден бир класс жогорку класста окуйт. Ал жайкы эс алуу убактысын айылдык кабарчы болуп иштеп өткөрөт.

«Азыр кызыктуу жаңылыктарды жазып, айылдагы көйгөйлөр тууралуу айтып келем. Жакында Ысык-Көлгө барганы жатам», — деди ал.

Жалал-Абад облусу

Гүлбайра Терек-Суу айылында 10-классты аяктады. Ал эки жылдан бери жайкысын жергиликтүү кафеде официант болуп иштейт.

«Өткөн жылы да официант болуп иштегем, бул жылы да иштейм, ата-энеме ушинтип жардам берем. Кээ бирде үйдөгү жумуштарды кылып, сабактарды кайталайм», — деди ал.

Ушул эле айылдагы мектептин мугалими Урмат Аширбаев анын окуучулары жайында Ысык-Көлдө же жайлоодо эс алганды жакшы көрө тургандыктарын айтты.

Uchkorgon_Batken-2-1024x614

«А айылда калгандар Токтогул суу сактагычына барышат. Негизинен балдардын бир азы гана айылда калып, ата-энелерине жардам беришет. Техника өнүккөн жана таза аба аз болуп бараткан азыркы заманда окуучулардын жайлоодо эс алып, сүт ичкендиктери пайдалуу болмок», — деди ал.

Нарын облусу

Куланак айылындагы 8-классты аяктаган Айзат ушул жылы жайында алгачкы жолу жумушка орношту. Үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн ал жайкы эс алуусун толугу менен тигүү цехинде өткөрөт.

«Ден соолук үчүн эң пайдалуу эс алуу — бул жайлоого барып, кымыз, сүт ичүү деп эсептейм. Бирок менде андай мүмкүнчүлүк жок, мен каникул бүткөнгө чейин ушул жерде иштейм», — деди Айзат.

Айзат ата-энесине жардам берүү үчүн тигүү цехине жумушка орношкон.
Айзат ата-энесине жардам берүү үчүн тигүү цехине жумушка орношкон.

Учкун айылынын 9-классынын окуучусу Найзабек Мукамбет уулу жайкы эс алуусун талаада иштеп, ата-энесине жардам берип өткөрүп жатканын айтты.

«Үй жумуштарына жардам берип, талааны сугарам. Үй-бүлөбүз менен бирге Бишкекке же Ысык-Көлгө баралы деп жатабыз», — деди ал.

Куланак айылындагы мугалим Нурипа Дондошова балдар кайсыл жакта эс алышпасын алардын маданиятка үйрөнүүсү зарыл деп эсептейт.

«Мен балдардын жайды китеп окуп, пайдалуу иштерди үйрөнүү менен өткөрүүсүн каалайт элем. Эң башкысы — ата-энелер эс алуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берип, кантип туура эс алуу керектигине үйрөтүүлөрү керек», – деди Дондошова.

Найзабек жайкы эс алуусун ата-энесине жардам берип талаада өткөрүүдө.
Найзабек жайкы эс алуусун ата-энесине жардам берип талаада өткөрүүдө.

Ош облусу

Айкынбек 9-классты Кызыл-Булак айылында аяктады. Азыр ал ата-энесине чөп жыйнап жардам берип жатат. Бирок ал көбүрөөк эс алып, убактысынын көбүн достору менен өткөрүүнү каалайт.

10-класстын окуучусу Нурзат дүйнө-таанымын кеңейтүү үчүн классташтарынын түрдүү жерлерде болуп кайтышса экен деп кыялданат. Ал өзү акылды өстүрүүчү ийримдерге катышат.

«Жайкы каникулда мен биздин жазуучуларыбыздын ырларын, аңгемелерин окуп, акылды өстүрүүчү ийримдерге барам», — деди ал.

Kyzyl-Bulak_Osh-2-1024x768

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Мультимедиялык борбордун координатору Жеңишбек Абсатаров жергиликтүү балдардын басымдуу бөлүгү убактыларынын көбүн жаңы бассейнде өткөрө тургандыктарын айтты.

«Бирок балдар лагерде эс алышса жакшы болмок», — дейт ал.

Талас облусу

Бакай-Ата айылында жашаган Бакайдын быйылкы жайда Орусияга барып келүү каалоосу бар.

«Мен жайкы эс алууну досторум менен кызыктуу өткөрүүгө аракет кылам. […] Өлкөбүздүн көптөгөн жерлерин көрдүм, быйыл Орусияга барып, ал жакты көрүп келсем дейм», — деди ал.

Бакайдын классташы Алижан тескерисинче, жайды Кыргызстанда туугандарыныкында эле өткөрөт.

Kyzyl-Bulak_Osh-1-1024x768

«Жакшы көргөн жазуучулардын аңгемелери менен китептерин окуйм. Жайкы окутууларга барып, англис, орус тилдерин үйрөнүп жатам», — деди Алижан.

Окутуучу Жылдыз Анарбекова өзү иштеген мектептеги өзгөрүүлөргө ыраазы. Айтымында, айылга Тынчтык Корпусунун волонтерлору барып, мектептин окуучуларына англис тилин окутуп жатышат.

«Эми окуучулар Тынчтык Корпусунун тилди алып жүрүүчүлөрү өтө турган англис тили курстарына бара алышат. Ошондой эле айылда эки айга созулчу лагерь уюштурулган. Ар эки апта сайын лагердин курамы жаңыланып турат», — деди ал.

Kyzyl-Bulak_Osh-4-1024x768

Чүй облусу

Нурбай Жал айылында 8-классты аяктап, туугандары менен Ысык-Көлгө барганы жатат. Ал жакта ал жайкы каникул аяктаганга чейин болот.

«Көл бар жана башка кызык нерселер көп. Мен жыл сайын жайкы эс алуумду көлдө өткөрөм. Окуу жылы башталганы калганда айылга кайтып, футбол боюнча курска барам», — деди ал.

Kyzyl-Bulak_Osh-3-1024x768

Мектеп мугалими Эльвира Жапаркулова жергиликтүү балдардын көбү чоң ата жана чоң энелериникинде эс алууну жактыра тургандыктарын айтты.

«Кээ бирөөлөрү ата-энеси менен бирге Ысык-Көлгө барышат. Ата-энесине кулпунай, малина теришип жардам бергендер да бар. Жайында балдар жакшы эс алып, сентябрга, жаңы окуу жылына даярдануулары керек», — деди ал.

Toktoyan_Isyk_Kol-1-1024x576

Ысык-Көл облусу

Нуркыз 10-класстын окуучусу. Токтоян айылынан Караколго барып жайкыга жумуш издөөдө.

«Официант же сатуучу болуп жумушка орношуп, ата-энеме жардам берсем дейм. Өткөн жылы Чолпон-Атада иштегем», — деди ал.

Чынтурсун Тасма айылындагы мектептин 9-классынын окуучусу. Бир нече күн мурун ал 8-классты аяктап, эми бош убактысын кээ бирде жайлоодо өткөрөт.

Toktoyan_Isyk_Kol-2-1024x768

«Биздин айылда Түп дарыясы бар, кээ бирде ошол жакка түшөм. Кээ бирде бизге жакын жайгашкан Каркыра жайлоосунда эс алабыз», — деди ал.

Тасма айылында мугалим болуп эмгектенген Бактыгүл Шейшеева балдар убактыларын пайдалуу өткөрүүлөрү керек деп эсептейт.

Jenishbek_Kuu_Maidan_Osh-1024x576

«Азыркы күндө ар ким кандай эс алууну өзү тандай алат, анткени бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Окуучулар ошондой эле тил курстарына жазылып, тил үйрөнө алышат. Лагерлерде эс ала алышат. Алар жайкы эс алуусун жөн гана конокторго барбастан, пайдалуу өткөрүшсө жакшы болмок. Үч ай — бул аз убакыт эмес. Бардык иштерди аткарууга жетишсе болот», — деди ал.

Авторлор: Айгерим Кубатбекова, Перизат Кубанычбекова.