Британ журналисти жана жазуучулукка жаңы кадам таштаган Саймон Ро өзүнүн көркөм чыгармасы үчүн эргүү алууга Кыргызстанга келген. Ал атайын Kloop.kg үчүн өзүнүн жергиликтүү саясатка, футбол фанаттарына жана улуттук суусундукка ― максымга болгон мамилеси тууралуу чакан баян жазып берди.

«Кайсы жакка?»

Англияда мен Кыргызстанга саякатка бара тургандыгым жөнүндө билдиргенде бул суроону үй-бүлөм, досторумдан көп жолу уккам. Кээ бирлери өлкө тууралуу таптакыр угушкан эмес, көпчүлүгү анын аталышын айтууда кыйналышат (беш үнсүз тамганы жалгыз үндүүнү издеп айтуу англис мээси үчүн кыйын), а басымдуу көбү Кыргызстанды башка өлкөлөр менен алмаштырышат.

«Казахстан? Курдистан? Өзбекстан?»

Жогорудагы жерлердин бардыгы тең алар үчүн өз ара бирин-бири алмаштыруучу катары кабыл алынган. Кыргызстан аларга салт-санасы белгисиз болгон (дагы көп жылдар бою ошол бойдон калат болуш керек) өтө алыс өлкө сыктанган. Анын аталышы тоолор менен чөлдөрдүн, жылкылар, арак жана Советтер Союзуна болгон сагыныч, кусалыктын даана эмес картинасын элестеткен. Өлкөнү башкалар эле ушинтип элестетишкен деп айта албайм: мен деле алардай эле көп нерсени билген эмесмин.

IMG_7161-222-960x483

«Гуглдан» кыргыз революцияларынын негизги деталдарын билдим, «ютубдан» көк бөрү оюнунун бир нечесин көрүп, Англия үчүн бир аз уяттуураак эсептелген кыргыздардын жылкы этине болгон сүйүүсү тууралуу окудум. Бирок баары бир мен Бишкекке келгенде андан эмнени күтүү керектигин билген эмесмин.

Мен мында эч кимдин кызыгуусун жаратып, бүйүрүн кызыткым келбейт, бирок мен чынында эле көргөндөрүмө абдан таң калдым.

Бул качандыр бир кездерде мен болгон шаарлардын эң жашылы экендигинен баштаганым туура болор. Шаардагы сейил бактары менен аллеялардын саны укмуштуудай көп экен. Эгер маршрутту туура тандаса,  анда шаардын борбору аркылуу эле бир нече чакырым жолду бактардын курчоосунда басып өтүүгө болот. А тоолорчу… Мен баткактуу, ээн шаарды элестеткем. Абдан жаңылыпмын да.

cheusov-18

Экинчиден Бишкек коопсуз шаар сезилет — муну менен көпчүлүгү макул болбошу мүмкүн. Мен мында кылмыштуулуктун пайызы бар экенине, адам өлтүрүүлөр, талап-тоноолор жана криминал авторитеттеринин бар экенине ишенем, мен жагымсыз райондордо болгон жокмун да.

Мүмкүн мени менен жок дегенде бир эле жагымсыз окуя болгондо, азыр таптакыр башкача нерселерди айтмактырмын. Менин азыр айта тургандарымдын бардыгы тең болгону чет өлкөлүктүн байкоолору: мен аларды факты катары таңуулабайм. Бирок Лондондогу жашоом мени бир нерсеге үйрөткөн болсо, анда ал болгону туугандар менен жакын адамдарга камкор болуп, алар үчүн тынчсыздануу эле.

Мүмкүн мен чет өлкөлүк катары Бишкектин ритмине аралашып кете албай, анын чыныгы маанайын сезбегендирмин, бирок мен шаар көчөлөрүндө кооптуу эч нерсени көргөн жокмун. Эгер мени кимдир бирөө коркуткан болсо дагы мен өтө эле аңкоо жана бош эмес болчумун жана аларды байкаган жокмун.

Менин жөөлүгөн сыяктанышы мүмкүн болгон байкоолорумду улантайын: Кыргызстандагы адамдар мага укмуштуудай меймандос көрүнүштү. Мен орусча дагы, кыргызча дагы сүйлөй албайм, а кээ бир жерлерде жергиликтүү калктын тилин билбөө кечирилгиз күнөө болуп эсептелет. Анда сатуучулар ооз ачпай туруп алышат, официанттар өз ара күңкүлдөшөт, а апалар — бутуңдун жанына түкүрүшөт. Адамдар сиздин жашоону чыдагыс оор кылып жиберишет. Бирок бул жакта эмес. Мында бир нече аңкоо көз караштарды эсептебегенде адамдар мага жардам берүүгө аракет кылышты. Kloop.kgнин командасы менин ыраазычылыгымды жергиликтүү тилге окурмандарынын көзүнө жаш келгендей деңгээлде ушунчалык чеберчилик жана кооз сөздөр менен которуп беришет деген үмүттөмүн.

2013-Bishkek-transport_0096

Эми жагымдуу нерселер тууралуу айтып бүткөн соң Кыргызстандын, өзгөчө Бишкектин жашоосундагы мени оңтойсуздандырган нерселер жөнүндө айтпасам болбойт. Менин түшүнгөнүм боюнча, жолду кесип өтүү үчүн кимдир бирөө токтой калат деген үмүт менен каршы тилкеге чыгуу керек экен. Бул туурабы?

Мен шаарда жол чырактардын көп экенин билем, бирок айдоочулар солго бурулуп жатканда дагы жөө адамдарга жол берип, аларды өткөрүшпөйт экен. Ошондой эле мен футбол боюнча Австралия-Кыргызстан курамаларынын беттешинде болуп, полицейдин миңдеген билети жоктордун тосмодон ашып өтүүсүнө уруксат берип, ошол эле маалда ак ниеттүүлүк менен билет сатып алган адамдарды кое бербей жатканына байкоо салдым. Силердин оюңар боюнча ушундай кылуу керек беле?

kgs-aus_0401-1024x683

Акырында Максым Шоро суусундуктары тууралуу айтайын. Эмнеге күндүн ысыгында бардыгы тең малдын майы кошулган тоголоктошкон боткону ичишет? Бул сөздөрүм үчүн мени өлкөдөн кубалап чыгуулары мүмкүндүгүн билем, бирок мен жайында адамды эң аз сергиткен мындан башка суусундукту ойлоп таба албайм. Ооба, мен муну айта алам.

Көптөгөн күтүүлөр, сюрприздер жана маданий өнүгүүдөгү бир аз жетишпестиктерден башка мен үчүн Кыргызстандагы эң кызыктуу кубулушту ― өлкөнүн келечеги кылдын учунда кандай тургандыгын дагы деле аягына чейин түшүнө алган жокмун.

Ар бир өлкөдө дайымкы өзгөрүүлөр, өнүгүү же артка кетүүлөр, ички же сырткы күчтөрдүн колдоосундагы алдыга жылуулар бар.  Бирок өлкөдө он жылдын ичинде эки революция болгондо, эч нерсенин түбөлүк эмес экендиги жана башка өлкөлөрдө андай кыла албай тургандыктары түшүнүктүү болуп калат. Мында адамдар саясатты эгер аларга жакпаса өзгөртүүгө мүмкүн болгон нерсе катары көрүшөт.

Андан сырткары мында бардык сырткы күчтөр бар: Орусия, Кытай, Түркия, Кошмо штаттар. Укмуштуудай, кичинекей Кыргызстан ал чоң жана ачка өлкөлөрдүн борборунда турат.

IMG_5242_1-960x483

Кыргызстандын кайсыл жол мен кетерин ким билет? Өлкө үчүн эмненин жакшы болорун ким билет? Кыргызстандын кайсыл менен кетиши керектиги боюнча мен өз болжолумду айтпайм. Болгону айтаарым: силердин өлкөңөр укмуштуудай сонун, андыктан акылдуулук менен тандагыла.

Баса, мен жылкынын этин жеп көрдүм, ал эң сонун экен. Биз, англиялыктар, бул боюнча эмнеге эле күйүп-быша берерибизди билбейм.

Түп нускасы Саймон Ро тарабынан англис тилинде жазылган. Которгон Азамат Өмүралиев.