Кыргызстандын өкмөтү АКШ менен кызматташуу тууралуу базалык келишимди денонсация кылды. Бул АКШнын Мамдепартаментинин өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго сыйлык ыйгаргандыгына жооп катары жасалды.

Токтомго 21-июлда Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев кол койду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы. Расмий түрдө келишимди денонсациялоо ушул жылдын 20-августунда башталат.

«[…] Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн «1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн кызматташуусу тууралуу келишимди денонсациялоо жөнүндөгү» токтомуна кол койду», — деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

Өкмөттүн билдирүүсү боюнча, токтом күчүнө киргенден кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ал тууралуу АКШ өкмөтүнө кабарлоосу керек болот.

Ал келишимде АКШнын бийлиги тарабынан Кыргызстанга жардам берүүнү жеңилдетүү каралган. Кыргызстандын өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча, АКШ менен кызматташуу тууралуу келишим төмөндөгүлөрдү берет:

«АКШнын жардам көрсөтүү программасына байланыштуу жеткирилген же пайдаланылып жаткан товарлар же башка менчиктер Кыргыз Республикасы тарабынан белгиленген тарифтер, жыйымдар, бажы төлөмдөрү, импортко салык сыяктуу башка салыктар салынбастан эле өлкөгө киргизилип же чыгарылат, же болбосо Кыргыз Республикасында пайдаланылат.

АКШнын жардам көрсөтүү программасын аткарууга жооптуу болгон АКШнын каалаган өкмөттүк же жеке уюму, ошондой эле андай жеке уюмдун Кыргыз Республикасында дайыма жашабаган же жараны болуп эсептелбеген персоналдары киреше үчун алынчу салыктардан, социалдык камсыздоо жана башка салыктардан, тарифтерден, жыйымдардан, бажы алымдарынан, импортко алынчу салык сыяктуу башка салыктардан бошотулат.

Андан сырткары АКШнын өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында жүргөн  жарандык жана аскердик персоналына 1961-жылдын 18-апрелинде кол коюлган Дипломатиялык мамилелер тууралуу Вена конвенциясынын алкагында административдик же техникалык персоналга берилчү макамдарга тең келе турган макам берүү каралган».

АКШ элчилигинин реакциясы

Буга чейин АКШнын элчилиги келишимди денонсациялоо Кыргызстанды колдоо программаларынын бир нечесинин жабылуусуна алып келиши мүмкүндүгүн билдирген. Анткени документ Кошмо штаттарынын көрсөткөн жардамдарынын «көп бөлүгүн» берүү үчүн негиз болгон.

«Биз мындай чечимдин кыргызстандыктарга пайда алып келип жаткан жардам берүү программаларын тобокелге кептөөчү техникалык кесепеттерин иликтеп жатабыз», ― деп жазылган АКШ элчилигинин билдирүүсүндө.

Дипөкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, анын ичинде Кыргызстан экстремизмге каршы күрөшүү, экономикалык өнүгүүнү колдоо жана жумушчу орундарын түзүү, билим берүү системасын жакшыртуу, ошондой эле өлкөдө демократияны өнүктүрүү боюнча программалардын колдоосу жок калат.

Элчиликтен мунун Американын Кыргызстанды колдоо программаларынын бардыгына тиешелүү болор-болбосун тактап билдиришкен жок.

Аскаровдун сыйланышы

Өкмөт келишимди денонсация кылуу ниети тууралуу 17-июлда, АКШнын Мамдепартаменти Аскаровдун сыйлангандыгын жарыялагандан үч күн өткөн соң билдирген. Министрлер кабинетинин билдирүүсү боюнча, департаменттин ал чечими алардын «терең тынчсыздануусун» жана «өтө таң калуусун» жараткан.

Аскаров 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуулардын жүрүшүндө «массалык башаламандыктарды уюштурган», «улуттар аралык кастыкты козуткан» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышкан» деген айыптар менен 2010-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

«Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгын ыйгаруу чечими Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы достук мамилелердин деңгээлине туура келбейт, ал улуттар аралык ынтымакты жана Кыргыз Республикасынын элинин ынтымагын чыңдоо боюнча өкмөттүн аракеттерине зыян келтириши мүмкүн, ал жарандык коомчулук менен туруктуу коомго коркунуч жаратат», — деп билдирген өкмөт.

Жардам көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланышкан Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууда кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн гуманитардык жардам, экономикалык жана техникалык жактан көмөктөшүүнүн жеңилдетилген жол-жоболору каралган.

Документ дипломатиялык, экономикалык, соода жана гуманитардык мамилелердин негизин аныктай турган алты беренеден турат.

Буга чейин Аскаровдун  «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйлангандыгын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын парламенти айыптаган. ТИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 17-июль күнү эртең менен мекеме башчысы Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы иштерине ишеним берилген убактылуу өкүлү Ричард Майлзге нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Азимжан Аскаров

Азимжан Аскаров ― этникалык өзбек ― «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.

2010-жылдын 15-июнунда жергиликтүү райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бийлик аны «массалык башаламандык уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду «өлтүрүүгө» айыптаган.

Анда борборазиялык укук коргоочулар Кыргызстандын ал кездеги президенти Роза Отунбаевага жолдогон кайрылууларында Аскаров кармалардан бир аз мурун башамандыктардын курмандыктары тууралуу маалыматтарды топтоп, талоончулук фактыларын документтештирип, видеого түшүрүп жүргөндүгүн жазышкан.

Аскаровдун өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ал документтер менен түшүрүлгөн видеолор укук коргоочунун үйүн тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан алынган деген божомолдорун айтышкан. Анын жактоочулары тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоочуга карата кыйноо ыкмалары пайдаланылгандыгы тууралуу бир нече жолу билдиришкен.

2010-жылдын аягында Аскаров Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган, а бир жылдан соң райондук соттун ал чечимин Кыргызстандын Жогорку соту күчүндө калтырган.

Кыргызстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу жана ага карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылышкан.

2015-жылдын июнунун башында Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө укук коргоочу «Бир дүйнө» уюму укук коргоочу 2011-жылы эле билдирген ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, аны бошотуу талабы менен өлкө жетекчилигине жаңы кайрылуу жолдогон.