Кыргызстанда террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» «Кыргызстандын элине кайрылуу» деген аталыштагы пропагандалык видеоролигин жарыялады. Бул аталган уюм Кыргызстандын аудиториясынын дарегине багытталган видео жарыялаган алгачкы учур.

Кайрылуу жазылган видео 25-июлда Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 18:00дөрдө YouTube сервисиндеги «Ислам мамлекетине» байланышы бар болушу мүмкүн болгон видеоканалда пайда болду.

obr1

Алты сааттан кийин YouTubeдун администрациясы кайрылууну өчүрдү, бирок Kloop.kgнин кабарчылары аны көрүп, андагы бир нече кадрды сактап калууга үлгүрүштү.

9 мүнөттөн ашыгыраак убакытка созулган видео белгисиз адамдын кыргыз тилиндеги кайрылуусунан турат. Ал кыргызстандыктарды «каапыр өлкөлөрдөн Ислам мамлекетин көздөй динин сактап көчүп кетүүгө» чакырган.

obr2

Видео ошондой эле орус тилиндеги субтитрлер менен коштолгон.

Видеодо «Фурат медианын» — «Ислам мамлекетинин» орус тилиндеги жарым-жартылай расмий пропагандалык каналынын логотибин көрүүгө болот.

«Ислам мамлекетинин» башка көптөгөн видеороликтеринен айырмаланып бул кайрылууда ырайымсыздык, зордук-зомбулук жана курал-жарактарды көрсөтүү учурлары жок болгон.

obr4

Кайрылууда Кыргызстан «каапырлар өлкөсү» деп аталган.

«Анткени анда адамдар демократия сыяктуу инсандар тарабынан ойлонулуп чыгарылган мыйзамдар жана эрежелер менен жашашат», — деп түшүндүргөн видеодогу адам.

Видео төмөндөгүдөй мазмундагы титр менен аяктайт:

«Бул кайрылуудан бир апта өткөн соң биздин бир тууганыбыз Бейджи шаарына жөнөп, ал жакта Рафидит элдик кошуунунун катарындагы муртаддарга («Ислам мамлекетинде» муртаддар деп динден кайткан адамдар аталат — редакциянын түшүндүрмөсү] каршы согуштарга катышкан. Айыгышкан салгылашуулардын жүрүшүндө ал жарадар болду, биз Аллахтан анын айыгып кетишин сурайбыз».

«Теракттар даярдалган»

Кайрылуу ишемби күнү кечинде чыккандыктан азырынча Кыргызстандын бийлиги ага карата эч кандай реакциясын билдире элек. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болууда.

«Ислам мамлекетинин» кайрылуусу Кыргызстандын түндүгүндө өткөрүлгөн атайын операциялардын сериясынан он күн өткөн соң жарыяланууда. Ал операциялардын жүрүшүндө атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча «Ислам мамлекетинин» мүчөсү деп эсептелген сегиз киши жок кылынган.

Анда Улуттук коопсуздук боюнчам мамлекеттик комиттеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Ислам мамлекетинин» «согушкерлери» Кыргызстандын аймагында эки теракт уюштурууга даярданып жатышкандыгын билдирген: биринчиси — 17-июлдагы майрамдык Айт намазы маалында, экинчиси — Канттагы орусиялык авиабазада.

Тема боюнча: УКМК атайын операция маалында жок кылынган «согушкерлердин» «Ислам мамлекетине» тиешеси бар экенин билдирди

«Ислам мамлекети» — дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда террористтик деп табылган уюм. Ал «Аль-Каиданын» Ирак бөлүгү башында турган 11 экстремисттик уюмдун биригүүсү менен 2006-жылы түзүлгөн.

«Ислам мамлекети» 2014-жылдын ортосунда, качан мүчөлөрү Ирактын аймагына кирип барып, өкмөттүк аскерлерди талкалоо менен Багдадга чейин кирип барганы аз калганда бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп калган.

Уюмдун согушкерлери каршылаштарына, ошондой эле жөнөкөй адамдарга карата өзгөчө каардуулугу менен айырмаланышат.

«Ислам мамлекетинин» видеороликтеринде согушкер катары балдар пайдаланылып, адамдарды массалык өлтүрүү сценалары кездешкен учурлар көп. УКМКнын маалыматы боюнча, азыр Сирияда 200дөн ашык кыргызстандык согушуп жүрөт.

Урматтуу окурмандар! Эгер сиз видеодогу адамды тааныган болсоңуз биз менен eldiyar@kloop.kg электрондук дареги же +996 773 018918 номуру аркылуу кыйрылыңыздар.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине төмөнкү номурлар аркылуу кайрыла аласыздар +996 312 660475

Авторлор: Малика Баяз, Эльдияр Арыкбаев жана Бектур Искендер