Атайын кызматтагылар «Ислам мамлекетинин» «Кыргызстандын элине» жолдогон видеокайрылуусунун аныктыгын текшерип башташты. Кыргызстанда террористтик деп табылган уюмдун видеосу интернетке 25-июлда жайгаштырылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан Kloop.kgге мекеме «Ислам мамлекетинин» «Кыргызстандын элине кайрылуу» деген аталыштагы видеосунун аныктыгын текшерип жатканын билдириши. УКМКнын өкүлү бул боюнча башка кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

«Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат, ал аяктагандан кийин айтабыз. [Качан түшүндүрмө бере аларыбызды] билбейм, текшерүү бүтөрү менен», — деди басма сөз кызматынын өкүлү.

vb.kg жаңылыктар басылмасы атайын кызматтагылар видеону Kloop.kg сайтына материал жарыялангандан кийин текшерип баштагандыктарын жазды. Басылманын маалыматы боюнча, УКМК ошондой эле «социалдык түйүндөрдүн кээ бир колдонуучуларын» да текшерип жатат.

«Учурда бардык тиешелүү органдар ал видеокайрылууну текшерип жатышат. Андан сырткары биз социалдык түйүндөрдүн бир катар колдонуучуларын экстримисттик топторго жана видону жайгаштырууга тиешеси бардыгы фактысын текшерип жатабыз», — деп билдиришкен УКМКнын басма сөз кызматынан vb.kg сайтына.

«Пропагандалык иштин бир бөлүгү»

Борбордук Азия боюнча эксперт, британиялык университеттин профессору Эксетера Джон Хэзершоу Kloop.kgге жазуу жүзүндө пикирин билдирди. Анда ал «Ислам мамлекетинин» пропагандасынын жарым-жартылайы мүчөлөрү келген өлкөлөргө багытталгандыгын билдирди.

«Болжолдуу түрдө ал кайрылуунун артында кыргызстандыктар турушат, аларды Кыргызстанга чейин «халифат» орното алаарына ишендирип коюшкан. Гульмурод Халимов дагы Тажикстандан качып кеткенден кийин ал өлкөдө жихаддарды уюштураары айтылган видеокайрылууларды жасаган», — деп жазган ал.

Аны менен катар Хэзершоу эгер видеокайрылууну даярдагандардын Кыргызстандагы жакшы даярдыктагы уюшулган топтор менен байланыштары болбосо, анда «Ислам мамлекетинин» коркутуулары менен идеологиясынын «мааниси аз болорун» кошумчалады.

«Аракеттердин жогорку уюшкандыгысыз алардын коркутуулары менен идеяологиясынын мааниси аз болот. Андыктан Кыргызстандын аймагында ИМдин атынан теракттарды уюштура ала турган топтордун бар-жоктугун түшүнүү үчүн уюмдун Бишкектеги болжолдонгон уячасында тергөө жүргүзсө кызык болор эле», — деп жазды Хэзершоу.

Эл аралык саясат тармагындагы эксперт Медет Төлөгөнов Kloop.kgге курган маегинде видеокайрылуу ИМдин «пропагандалык ишинин бир бөлүгү гана» экенин, бирок уюмга жаңы мүчөлөрдү тартуу «түрдүү жолдор менен жүрүп» жатканын айтты.

Төлөгөновдун пикиринде, видеокайрылуу түздөн-түз Кыргызстандын элине жолдонгондуктан бул «тынчсыздандырбай койбойт».

«Мүмкүн ал жакта ИМдин пропагандалык аппаратты тарапташтарын өз катарларына тартуу үчүн мусулмандар кыйла басымдуулук кылган өлкөлөрдү караштырып жаткандыр», — деп эсептейт ал.

Эксперт экстремизм жана аны пропагандалоо көйгөйүн чечүү — «атайын кызматтагылардын гана эмес», а мамлекеттик бийликтин башка тармактарынын дагы милдети экенин кошумчалады.

«Бул жергиликтүү, борбордук бийлик органдарынын аракеттерине да тийиштүү. Жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коом сыяктуу коомдук институттарга да тийиштүү», — деп кошумчалады Төлөгөнов.

«Кыргызстандын элине кайрылуу»

Кайрылуу жазылган видео 25-июлда Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 18:00дөрдө YouTube сервисиндеги «Ислам мамлекетине» байланышы бар болушу мүмкүн болгон видеоканалда пайда болгон. Видеодо «Фурат медианын» — «Ислам мамлекетинин» орус тилиндеги жарым-жартылай расмий пропагандалык каналынын логотибин көрүүгө болот.

Алты сааттан кийин YouTubeдун администрациясы кайрылууну өчүрдү, бирок Kloop.kgнин кабарчылары аны көрүп, андагы бир нече кадрды сактап калууга үлгүрүшкөн.

Ал видео белгисиз адамдын кыргыз тилиндеги кайрылуусунан турган. Ал кыргызстандыктарды «каапыр өлкөлөрдөн Ислам мамлекетин көздөй динин сактап көчүп кетүүгө» чакырган.

Кайрылууда Кыргызстан «каапырлар өлкөсү» деп аталган.

«Анткени анда адамдар демократия сыяктуу инсандар тарабынан ойлонулуп чыгарылган мыйзамдар жана эрежелер менен жашашат», — деп түшүндүргөн видеодогу адам.

«Ислам мамлекети» — дүйнөнүн бир канча өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда террористтик деп табылган уюм. Ал «Аль-Каиданын» Ирак бөлүгү башында турган 11 экстремисттик уюмдун биригүүсү менен 2006-жылы түзүлгөн.

«Ислам мамлекети» 2014-жылдын ортосунда, качан мүчөлөрү Ирактын аймагына кирип барып, өкмөттүк аскерлерди талкалоо менен Багдадга чейин кирип барганы аз калганда бүткүл дүйнөгө белгилүү болуп калган.

Уюмдун согушкерлери каршылаштарына, ошондой эле жөнөкөй адамдарга карата өзгөчө каардуулугу менен айырмаланышат.

«Ислам мамлекетинин» видеороликтеринде согушкер катары балдар пайдаланылып, адамдарды массалык өлтүрүү сценалары кездешкен учурлар көп. УКМКнын маалыматы боюнча, азыр Сирияда 200дөн ашык кыргызстандык согушуп жүрөт.