Милиция Көк-Жар конушундагы үйдүн тонолушу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду — укук коргоо органдары бул окуяга кылмыш жасалган үйдөгү видеокөзөмөл камерасындагы тасма Интернетке жарыялангандан кийин көңүл бурушкан.

Чүй облустук ички ишер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов Kloop.kgге кылмыш иши видео Интернетке жайгаштырылгандын эртеси, 26-июлда Кылмыш кодексинин 164-беренесинин негизинде козголгонун билдирди.

Учурда укук коргоо органдары «үйдүн тоноочуларынын» ким экендиктерин аныктап жатышат.

«Белгисиз адамдар Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак-үйдүн батирине мыйзамсыз киришип, 8000 сом, жалпы суммасы 68 000 сомду түзгөн алтын жасалгаларын жана Canon фотоаппаратын уурдап кетишкен. Келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 100 000 сомдон ашкан», — деди ал.

Видео жабырлануучу Эрмек Кадыркулов тарабынан YouTube видеохостинг сервисине 25-июлда жайгаштырылган. Кылмыш күн мурун Көк-Жар конушунда болгон.

Жабырлануучу Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде видеону материалдарды берүү үчүн Аламүдүн РИИБсинин кызматкерлери менен байланыша албай койгондон кийин Интернетке жайгаштырганын айткан.

Видеодо белгисиз үч адамдын Кадыркуловдун үйүнө жакындап келип, тосмодон ашып өтүп, пластик терезени ачып, ал аркылуу үйдүн ичине киргендиктери көрүнүп турат.

Ошондой эле видеодо жабырлануучу билдиргендей баалуу буюмдарды алып чыгып жаткандыктары да көрүнүп турат. Кадыркуловду өзү келтирилген чыгым 70 миң сомго жакын сумманы түзгөнүн айтууда: үйдөгү акча, алтын жасалгалар, кийим, фотоаппарат жана аудиоплеер жоголгон.

Жабырлануучунун айтымында, ал карактоо тууралуу дароо Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлаган, бирок милиция кызматкерлери «болжол менен бир, бир жарым сааттан кийин» барып, тергөө иштерин өткөрүп башташкан

Токтосунов милиция Кадыркуловдун үйүнө ыкчам-иликтөө тобу чакыруу болгон маалда «башка кылмыш болгон жерде жүргөндүктөн» кечигип баргандыгын кошумалады.