Бишкекте «бейбаштык» үчүн Австралиянын жараны Адам Скутела кармалды — милициянын версиясы боюнча, ал тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө каршылык көрсөткөн.

Австралиялык жаран Адам Скутела 6-августта Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бишкек шаардык ИИБсинин басма сөз кызматынан аны кармоого «бейбаштык» себеп болгонун билдиришти. Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, Скутела аймактык милиционерге кол салган.

«Чакыруу болуп, ыкчам-тергөө тобу барган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал каршылык көрсөткөн», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Скутеланын жубайы Евгения Максимова милициянын айыптоолорун четке кагып, күйөөсүн айыптоо үчүн бул ишти «атайын уюштурган болуулары мүмкүндүгүн» билдирди.

Кармалган австралиялыктын кайын энеси Лариса Максимова Kloop.kgге курган маегинде Скутеланы ал үйүнө алып келген эки сойкунун «акчасын уурдаган» деген шек менен кармагандыктарын айтты. Максимова ал учурда кызы экөө Ысык-Көлдө болгондуктарын кошумчалады.

«Ал [Скутела] эки сойкуну үйгө алып келген. Эртеси, болжол менен эртең мененки саат 10:30дарда ойгонуп, ал кыздардын биздин буюмдарды сумкаларга салып, эшиктин оозунда ачкыч издеп жаткандыктарын көргөн», — деп айтып берди Максимова.

Скутела кыздардан буюмдарды таштап, үйдөн кетүүлөрүн өтүнгөн, бирок алар аны «тилдеп», «аны мууздап сала турган» «ишенген кишилери» менен коркутушкан. Лариса Максимованын айтымында, буга жооп кылып Скутела аларга баллондон көздөн жаш чыгарчу газ «чачып жиберген».

«Кыздар дааратканага кирип бекинип алышкан. Андан соң желдетме торду чыгарышып, жардам сурап катуу кыйкырып башташкан. Алардын кыйкыргандыктарын коңшулар угуп милиция чакырылган. Чакырууга нөөмөтчүлөр келишип, батирге терезеси аркылуу киришкен. Андан соң милиционерлер Адамдын мурдун сындырышып, аны 10 күнгө камап салышат», — деди Лариса Максимова.

Максимованын айтымында, алардын үйүндөгү дааратканада турган алтын жасалгалар жоголуп, ал боюнча милицияга арыз жазышкан, бирок «алардын арызы кабыл алынган эмес».

Евгения Максимова Kloop.kgге курган маегинде аларга азыркыга чейин Скутеланын эмненин негизинде кармалгандыгы белгисиз экенин айтты.

«Болжолдуу сот 9-августта болгон. Тергөөчү ал тигил кыздарды тоногондой кылып көрсөттү. Бирок иште дал келбестиктер бар — тергөөчү ал [Скутела] алардан 7 миң сом уурдап алганын айтууда, а анын капчыгында 5800 сом болгон», — деди жубайы.

Ал милициянын участкалык милиционерге кол салган деген айыптоосун четке кагып, укук коргоо органдары чакыруу боюнча келген кезде Скутела «бөлмөнүн башка бурчунда» турганын айтты.

«Милиция кызматкери аны мурунга уруп, дароо алсыздандырган. Ал жыгылып калганда аймактык милиционер ашканага чыгып, өз формасын жыртып баштаган. Бирок качан Адам үйдө камера бар экенин айтканда ал апкаарып калган», — деп билдирди Евгения.