Бишкек шаардык соту президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди УКМКнын тергөө абагында сентябрдын ортосуна чейин калтырды. Ал экс-мэр Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн «пара талап кылган» деп айыпталууда.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Нарымбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта калтырды, деп билдирди Жогорку соттун басма сөз кызматы.

«Бүгүн, 12-августта Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясы айыпталуучу Данияр Ильич Нарымбаевге карата биринчи баскычтагы соттун чечимин күчүндө калтыруу менен баш коргоо чарасын белгиледи», — деп жазылган басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө «пара талап кылган» деген айып менен 22-июлда кармалган.

«Тергөө тарабынан X. Коркмазов КРнын президентинин аппарат башчысы Д.Нарымбаев менен сөз байлашып, мүлктөрдүн конфискацияланышы боюнча Жогорку сотто каралып жаткан ишти Түлеевдин пайдасына чечип берүү үчүн Н.Түлеевадан 200 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды», — деп билдирген анда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Нарымбаев депутат Коркмазов кармалгандан бир аптадан соң кармалган — атайын кызматтагылар менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери парламентарийди 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашкан.

RAP View: 1-чыгарылышы. Коркмазов менен Нарымбаевдин кармалышы тууралуу

Көзөмөлдөө органынан 2015-жылдын майынын башында мүлктөрдүн конфискацияланышы тууралуу маселенин каралышы боюнча Жогорку соттун төрагасынын орун басары Канатбек Турганбековго команда берүү үчүн» Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүлдөн 50 миң АКШ долларын алгандыгын кошумчалашкан.

Президенттин аппатанынын мурдагы башчысы кармалардан бир күн мурун 24.kg маалымат агенттигинин сайтына экс-мэрдин кызы Назгүл Түлееванын маеги жарыяланган. Анда ал Нарымбаевди Түлеевдин үй-бүлөсүнүн мүлкүнүн «мыйзамсыз» конфискацияланышы тууралуу «маселени чечип берүү» үчүн 350 миң доллар талап кылууга айыптаган.

«Ал акчаларды мыйзамсыз конфискация маселеси боюнча мыйзамдуу чечимдин чыгарылышы үчүн талап кылышкан. Аны менен катар бизге төмөндөгүдөй дешкен: эгер бул шарттарга көнбөсөңөр атаңарга басым күчөйт, жаңы иштердин козголушу үчүн себептер табылып, бизнес толугу менен мүмкүн болгон бардык багыттар боюнча кысымга алынып баштайт», — деп жазган 24.kg Түлееванын айткандарын.

Түлеевдин кызы маегинде болжол менен 2015-жылдын майында «басым жасоолордун күчөшүнөн» кооптонуп 50 миң доллар бергендигин да билдирген — айтымында, Нарымбаев ал акчаны мүлктөрдүн конфискациялоо иши боюнча «маселени мыйзамдуу чечип берүү» үчүн талап кылган. Бирок Түлеева кийинчерээк ал акчанын «Турганбековго телефон чалуу үчүн гана» алынгандыгын билген.

«Мага бул маселенин чечилиши үчүн 50 миң доллар — күлкү келтирерлик сумма экенин айтышты», — деп кошумчалаган экс-мэрдин кызы.

Маекте ошондой эле президенттик КСДП партиясынын парламенттеги фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбековдун дагы аты аталган.

Коррупциялык иштин фонундагы отставка

Коркмазов кармалган күндүн эртеси Нарымбаев «шектенүүлөр менен тергөөнүн жүрүшүнө таасир этүү мүмкүндүгүн» жок кылуу үчүн иш иликтенип бүткөнчө кызматтан убактылуу четтетүү өтүнүчү менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылган.

«Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовго каршы козголгон кылмыш ишинин иликтенишине жана менин кармалгандыгым тууралуу басма сөз каражаттарында пайда болгон маалыматтарга байланыштуу айтылган айыптоолорго тиешем жоктугун билдирем», — деп жазган президенттин басма сөз кызматы Нарымбаевдин айткандарын.

20-июлда өлкө башчысы Нарымбаевди кызматынан алып, анын ордуна Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду дайындаган. Нарымбаев кызматтан бошотуу тууралуу өтүнүчүн ар бир жетекчи шайлоо алдында өз милдеттерин аткарышы керектиги менен түшүндүргөн.

Кийинчерээк президент Атамбаев Башкы прокуратуранын бул аракетин колдоп, Нарымбаевдин кармалышы — «башкалар үчүн сабак» болорун билдирген.

«Мен аны менен сүйлөшкөндө уурулуктан башкасынын бардыгын тең кечире турганымды эскерткем. […] Мен бул ишти токтото алмакмын. Бирок андай кылбайм. Тескерисинче, мен бул кылмыш ишинин козголушун каалагам. Буга чейин коррупция Ак үйдүн 7-кабатына чейин жетти деп айтып келишкен. Тазалоо керек», — деп билдирген өлкө башчысы.