Казакстандык Visor холдинги «Восток-геолдобыча» компаниясы менен тынчтык келишимин түзүп, Жерүй алтын кени боюнча Кыргызстандын өкмөтүнөн 548 млн. АКШ долларын талап кылган соттук доо арызын чакырып алды.

Жерүй кенин иштетүү укугун алган орусиялык «Восток-геолдобыча» компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык сотко доо арыз жазган казакстандык Visor компаниясы менен тынчтык келишимин түздү.

Visorдун дооматтары 2010-жылы кыргыз өкмөтү тарабынан кенди иштетүү лиценциясынын чакыртылып алынгандыгына байланыштуу болчу. Доо арыз АКШнын Вашингтон шаарындагы Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго жазылган.

«Восток-геолдобычанын» өкүлү Kloop.kgге курган маегинде орус компаниясы менен казак компаниясынын ортосунда «макулдашуу келишилгендигин» билдирди, бирок тынчтык келишиминин чоо-жайы тууралуу кенен айтып берген жок.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен эки компаниянын тил табыша алгандыктарын ырасташты.

Жерүй — алтындын запасы боюнча Кыргызстандагы экинчи алтын кени болуп эсептелет. Мамгеология агенттигинин маалыматы боюнча, кендин болжолдуу запасы 97 тоннадан ашык алтынга бааланууда.

2015-жылдын майында мамгеология агенттиги тарабынан өткөрүлгөн ачык сынактын жыйыныктары боюнча, Жерүйдү иштетүү лицензиясын «Восток-геолдобыча» утуп алган. Компания июндун аягына карата кенди иштетүү лицензиясы үчүн Кыргызстанга 100 млн. АКШ долларын төлөп берген.

Сынактын шарттарына ылайык, кенди иштетүү укугуна ээ болгон жаңы компания Жерүйгө байланышкан доо арыздар боюнча эл аралык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргошу керек болчу.

Visorдун туунду компаниясы эсептелген «Жерүйалтын» ишканасы пландары аткарылбагандыктан улам 2010-жылы кенди иштетүү лицензиясынан ажыратылган болчу.

Visor кыргыз бийлигине каршы доо арыз жазып, лицензияны чакырып алгандыгы үчүн андан 400 млн. доллар компенсация талап кылган. Бирок 2014-жылдын октябрында Кыргызстандын өкмөтү жогорудагы сумманын 548 млн. долларга чейин көбөйтүлгөндүгү тууралуу билдирүү алган.

Бул иш боюнча алгачкы соттук угуулар 2015-жылдын октябрь-ноябрь айларында Вашингтондогу Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбордо каралышы керек болчу.