avaaz.org сайтында кыргыз парламентине 120 жаңы креслону сатып алуунун ордуна Бишкек менен Оштогу онкологиялык борборлорго жабдууларды алуу үчүн кол топтоо башталды.  Сатылып алына турган креслолордун жалпы баасы 2 миллион 682 миң сомго бааланууда.

Петиция 11-октябрда өзүн «дүйнөнү өзгөртүү үчүн онлайн-компаниялардын ири коомчулугу» деп эсептеген avaaz.org сайтында түзүлгөн. Ал парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жаңы чакырылыштагы депутаттардын дарегине жолдонгон.

Материал жарыяланып жаткан маалга карата колдонуучулардын демилгелеринин алдына 70 киши кол койгон.

«Креслолорду жаңыртуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 2,6 миллион сом өлчөмүндөгү каражаттын оңой эле бөлүнүп жатканы өлкөбүздөгү онкологиялык оорулуулардын жакшы дарыланууга үмүтү бар экендигин айтып турат. Болгону элдин акчасын туура бөлүштүрүү керек», — деп жазылган петицияда.

Петициянын түзүүчүлөрү рак оорусун дарылоо менен жаңы депутаттык креслолордун бааларын салыштырышкан — алардын айтымдарында, дары-дармектер менен химиотерапияны эсепке албай эсептегенде бир оорулуу үчүн орточо эсеп менен 22 500 сом талап кылынат. Ал эми парламенттин иш башкармалыгы ар бир депутаттык креслого 22 миңден коротууну пландап жатат.

Петицияга кол койгондор депутаттар үчүн жаңы креслолорду сатып алууга бөлүнгөн 2,6 миллион сомдон сырткары онкологиялык борборлорго сентябрь айында Жогорку Кеңештин чыгымдары үчүн кеткен 77,5 миллион сомду да берүүнү талап кылып жатышат. Сентябрда парламентарийлер пленардык жыйындарды өткөрүшкөн эмес, бирок айлыктарын алышкан.

#120 кресел

Парламентке 120 жаңы кресло сатып алуу тууралуу билдирүү мамлекеттик сатып алуулардын сайтында 8-октябрда пайда болгон — Жогорку Кеңешти иш башкармалыгы депутаттар үчүн жаңы креслолорго 2 миллион 682 миң сом коротуу ниетинде.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынан креслолор пленардык жыйындар өтө турган залга алынарын билдиришти. Алар ал жакка акыркы жолу жаңы креслолор беш жыл мурда — 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин коюлуп, андан бери эмерек «эскиргенин» айтышты.

«Беш жыл ичинде креслолор эскирип, алардын бурагычтары, дөңгөлөк буттары жешилди. Аларды карап чыктык. Биздин эсеп боюнча ар бир кресло 310 доллардан айланат», — деп билдиришкен иш башкармалыктан Sputnik агенттигине.

Тендердеги билдирмеде креслолор жогорку сапаттагы натуралдык булгаары менен капталган, оор металлдар менен формальдегид жок, 120 килограммдан ашык салмакты көтөрө ала турган болушу керектиги көрсөтүлгөн.

КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен депутат Дастан Бекешев 24.kg агенттигине аларга азыркы креслолор деле жарай тургандыгын айтышкан.

Парламент тарабынан жаңы креслолордун сатылып алынаары тууралуу жаңылык социалдык түйүндөрдө кызуу талкууларды жаратты. Алардын колдонуучулары #120кресел деген тег менен флешмоб баштап, өздөрүнүн жумушчу креслолору менен отургучтарынын сүрөттөрүн жайгаштырышып: «Мен өз кресломо ыраазымын, а депутаттар эмнеге ыраазы эмес?» деп жазып башташкан.