Америкалык фотосүрөтчү Скотт Тёрнер Кыргызстандын аймактарындагы жашоону сүрөткө тартып жүрөт. Ал The Phoblographer басылмасына кыргыз малчыларынын жеңил эмес жашоосу жана аны бул өлкөгө эмнеси тартып тургандыгы жөнүндө айтып берген.

Материал кыскартылып жарыяланды. Макаланын түп нускасын The Phoblographer сайтынан окуй аласыңар. Бардык сүрөттөрдүн автору — Скотт Тёрнер. Тёрнердин Кыргызстан тууралуу фотодолбоору фотосүрөтчүлөр үчүн программалык камсыздоо өндүргөн VSCOнун грантынын алкагында ишке ашырылууда.

Адамдар менен ишеним түзүү – бул ар бир документалдуу долбоордун негизги зарыл бөлүгү жана ал үчүн бир канча убакыт талап кылынышы мүмкүн. Азия өлкөлөрүнө жасаган саякаты маалында америкалык фотосүрөтчү Скотт Тёрнер Кыргызстанга барып, ошол жакта калып калган. Анткени «фотосүрөтчү ал өлкөдө эч качан жолуктура элек жашоонун белгилүү бир ыргагы бар».

Ал кыргызстандыктардын арасында жашап, ал адамдар менен канчалык көп убакыт өткөрсө, ошончолук аларга жакын болуп каларын түшүнүү менен укмуштуудай мелмиреген чөптүү талаада иштеген. Мындай учурларда Роберт Каптын [фотожурналист, Magnum фотоагенттигинин негиздөөчүлөрүнүн бири] «Эгер сенин тарткан сүрөттөрүн анчалык жакшы эмес болсо, демек сен жетишээрлик жакын болгон эмессиң» деген белгилүү акылман ою өзгөчө маанилүү болуп калат. Адамдарга физикалык жактан да, ошондой эле эмоционалдык жактан да жакын болуу зарыл. Сен канчалык жакын болсоң – сенин тарткан фотосүрөттөрүң ошончолук мыкты болот. Скотт бул экөөнө тең жетише алган.

022

The Phoblographer: Алгач сиз өз долбооруңуздун башында пейзаждык сүрөттөргө кызыккансыз, бирок кийинчерээк адамдарды сүрөткө тартууга ыктап кеттиңиз. Бул өзгөрүүлөргө эмне түрткү берди жана фотосүрөттүн башка тибине өтүү кандай болду?

Скотт Тёрнер: Чынын айтканда саякатымдын өзү себеп болду. Мен үчүн саякаттоо менен сүрөткө тартуу дайыма бири-бирине байланыштуу болчу. Бул өнөргө мени биринчи кезекте адам көп баспаган жапайы жерлерди жана укмуштуудай күндүн батышын сүрөткө түшүрүү кызыгуум тартып турат. Бирок убакыттын өтүшү менен мен саякаттоонун маңызы каякта болуп кайтканыңда эмес, а ал жактарда кимдерге жолугуп, кимдер менен болгонуңда экенин түшүндүм. Менин эсимде өтө бекем сакталып калган кээ бир учурлар өтө баналдуу жана күтүүсүз жерлерде болгон. Мен качан шаардын көрүнүшүн же ландшафты сүрөткө тартып жатканымда дайыма кадрга адамды батыруу каалоомду сезчүмүн. Кийин башка ракурстан караганда бул планетадагы жашоодо кандай көрүнө тургандыгыбызды көрсөтүп, өзүбүздү таануубузга жардам бере турган өз образдарыман ошол адам элементин издеп баштадым.

031

PB: Сиздин Азияга барууңузга эмне себеп болду жана сиз Кыргызстанга абдан берилгидей ал өлкөнүн кандай өзгөчөлүгү бар экен?

С.Т.: Мен 2008чи жана 2009-жылы Кытайда эки жайды өткөрдүм. Бул менин биринчи жолу АКШнын сыртына чыгышым болчу жана ал менин жашоомду таптакыр өзгөрттү десем болот. Ошондо мен кайсыл бир убакта Азияда жашагым келе турганын түшүндүм. Анда мен буга чейин дүйнөнүн бир дагы жеринде көрбөгөн, сезбеген жашоонун белгилүү бир ыргагын кезиктирдим. Калктын жыш жайгашышы, маданияттын көп түрдүүлүгү жана тарыхтын тереңдиги – мунун баарын мен укмуштуудай кызык деп эсептейм.

Мен башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанга анда документтештирүүгө жетишкен нерселерден улам көбүрөөк ыктадым. Долбоордун буга чейин эч кимге айтыла элек дагы бир бөлүгү – бул менин ишти аяктагандан кийин макала жазып чыгара тургандыгым. Малчылардын мурасынын түздөн-түз чакылдырылышы болуп эсептелген алардын жашоо образындагы эң укмуштуу нерсе – бул алардын экономикалык оор учурларда туруштук берип туруусу.

Биз заманга туура келбегендиктен улам салттуу жашоо образдарынын жок болуп бара жаткандыгы тууралуу көп эле угуп келебиз, бирок Кыргызстанда чыныгы кайра жаралуу болууда. Статистика боюнча, Кыргызстан дүйнөдөгү эң начар экономикалуу өлкөлөрдүн бири, а малчылар болсо калкты жашоого керектүү азыктар менен камсыз кылуу менен чегине жеткен жакырчылыкты жок кылууда чоң роль ойношот.

Бул түз маанисинде көчмөндүн жашоо образынын дал өзү болбосо да, малчылар азыркы заманбап жашоодо өздөрүнүн мурас болуп эсептелген натуралдык ресурстары менен жандыктарды анча чоң эмес бизнес катары пайдалануу ыкмаларын таба алышкан. Анан мен бул окуялар алар тууралуу айтууга татыктуу деген ойго келдим.

041

PB: Сиз сүрөткө түшүргөн кыргыздар – өтө ак ниеттүү көрүнүшөт, бул алардын чынында эле кандай адам экенин көрүүгө жардам берет. Сиз алар менен болгон мамилеңизди кантип өнүктүрдүңүз жана өз сүрөттөрүңүздө эмнелерди көрсөткүңүз келет?

С.Т.: Мен адамдар ошондой оор, бирок абдан сонун жашоо образынын чыңалуусун көрсө дейм. Мен малчылардын бири айткандан жакшы кылып айта албайм. Ал мындай деген: «Бизде көп нерсе жок, жашообуз жеңил болбойт, бирок биздин үй-бүлөбүз бар, биз кереметтүү тоолуу жерде жашайбыз. Чынында бизге жашоодо дагы эмне керек?». Мен жашоого болгон мындай көз карашка абдан таң калгам. Мен туулуп өскөн жерде мындай жашоо образын «кедейчилик» деп айтып көнүп калышкан, анткени аларда бизде бар болгон көп нерселер жок. Бирок байлык биздин эмнени баалаганыбыз менен эмес, а эмнеге ээ экендигибиз менен аныкталат окшойт. Мүмкүн алардын анчалык деле көп акчасы жоктур, бирок малчылардын жашоосу – бул кыйла кереметтүү жана жакшы жашоо.

Адатта мен адамдарды сүрөткө тартуунун күзгүлүү принцибин пайдаланам: сенин субъектилериңдин сүрөттөрү – бул сенин аларга болгон мамилеңдин чагылуусу. Эгер сен сүрөткө тартып жаткан адам менен жөнөкөй болуп, өзүңдү эркин алып жүрсөң – ал сенин камераңдын объективинде өзүн эркин сезиши мүмкүн. Мен малчылар менен жүргөндө алардын жашоосуна активдүү катышуу — мисалы, алар менен бирге ат үстүндө жүрүү, малчынын күнүмдүк жумуштарын аткарууда жардам берүү – алар үчүн чоң мааниге ээ болгондугун түшүндүм. Алар малчынын күнүмдүк жашоосуна чындап эле кызыгып атканымды көрүшү мүмкүн, анткени мен окуялардын так ордосунда болуп жүрдүм.

PB: Бул долбоордун жүрүшүндө фотосүрөтчү катары сиз өзүңүз тууралуу жаңы эмнелерди билдиңиз?

С.Т.: Сюжеттерди тартууну канчалык деңгээлде жакшы көрө турганымды. Мен саякаттоо менен бирге айланадагы бардык нерселерди сүрөткө түшүрүп, жонума артылган рюкзак менен дээрлик эки жылдан бери жашап келем. Акыркы убактарда менде бири-бирине байланышкан иштерди аткарууга болгон кызуугум күч алды. Кыргызстандагы бул долбоор аны бардык деңгээлдерде далилдеди. […]

051

В: Кандай гана олуттуу долбоор болбосун дайыма маанилүү бир тандоо турат – ак кара түстө тартуу керекпи же түстүү кылыппы деген. Эмнеге сиз түстүү сүрөттөрдү тартууну тандап алдыңыз?

С.Т.: Мен алгач ак-кара түстө тартуу тууралуу ойлогом, бирок андай болгондо сүрөттөр көптөгөн нерселерден кур калат деген чечимге келдим. Малчылар жашаган жаратылыш жалпы долбоорго тон берди жана мен үчүн көрүүчүлөрдүн бул жерлердин кандай экенин даана элестете алуулары өтө маанилүү болгон. Менимче, ак-кара түстөгү сүрөттөр өтө эле абстрактуу болуп калып, ал көрүүчүнүн сүрөттөгү айлана-чөйрөнү сезүүсүнө толук элес бере алмак эмес.

38374-10734512-Scan026_jpg

scan11_gx0dac

38374-13249026-Scan002-1_jpg

38374-13249022-2015-04-03_0001_jpg

38374-13248990-Scan004_jpg

38374-10770615-Scan014-copy_jpg

38374-12866053-Scan070_jpg

38374-10750803-Scan045_jpg1

38374-10735931-Scan039-copy_jpg

38374-10750787-Scan049_jpg

38374-10735918-Scan030_jpg

Которгон: Родион Литвинов
Сүрөт: Скотт Тёрнер