Ош шаарында совет мезгилинде эле көп кабаттуу үйлөрдү курууда оригиналдуу ык-амалдар пайдаланылган — бир типтүү көп кабаттуу үйлөрдү ошондо эле түрдүү мозаикалары менен кооздоо чечими кабыл алынган. Азыр үйлөрдүн капталдарын түрдүү сүрөттөр менен кооздоо модасы кайра кайтып келди — бирок азыр алар стрит-арттын жардамы менен ишке ашууда.

Материалдын түп нускасы AZALICIOUS блогуна жарыяланган.

Ошко барганда башка постсоветтик шаарлардан айырмаланган кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү дароо эле байкалбайт, бирок шаар менен жакындан таанышкандан кийин картина таптакыр башкача болуп өзгөрөт.

Кичи райондон кичи районго өтүп жүрүп мен Кыргызстандын түштүк борборунун өзгөчөлүктөрүн байкай баштадым. Совет мезгилинде эле тургузулган турак үйлөр жаңы курулган үйлөрдөн кыйла айырмаланып турат.

Алардын мисалы, Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдөн айырмасы дароо байкалбайт, бирок үйдүн башка тарабын көрөөр замат дароо эле кооз түшүрүлгөн сүрөттөргө көңүлүңүз бурулат. Алар негизинен кафель мозаикалары менен кооздолгон.

Ош облусунун шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы совет мезгилинде эле жаңы көп кабаттуу үйлөрдү курууда оригиналдуу ык-амалдарды пайдалануу чечимине келген.

Ош курулуш техникумунун мугалими Жаныш Казыбаев түшүндүргөндөй, бул мозаикалардын көбү өткөн кылымдын 60чы, 70-жылдары түшүрүлгөн. Анда шаар бийлиги бир типтүү көрүнгөн жаңы үйлөрдү ар башка кылуу чечимине келген экен.

Сүрөттөрдүн бөлүктөрү түшүрүлгөн плиталарды даярдоо узак убакытты талап кылып, сүрөтчүлөр менен скульптор-дизайнерлер тарабынан активдүү жардамдарды талап кылган. Алгач сүрөттөр кафелден даярдалып, плитанын бетине түшүрүлгөн. Ал эмгектер негизинен советтик пропаганданын мүнөзүнө ээ болушкан, бирок Оштун администрациясы аларга кыргыздардын салттуу орнаменттерин кошуу чечимин кабыл алган.

Казыбаевдин айтымында, жергиликтүү кыргыздар улуттун маданияты менен колоритинин унутулуп калуусун каалашкан эмес, ошондуктан эмгектердин көбүндө орнаменттер рамка катары пайдаланылган.

Даяр плиталар скульптор-дизайнерлердин көзөмөлү алдында өз ордуларына жайгаштырылган.

Андай сүрөттөрдүн көбү декоративдик мүнөздө болушкан, бирок алардын арасында азыркы заманбап жарнак такталарынын анологу катары эсептелген уникалдуу жарнамалык мозаикалар да болгон. Маселен, үйлөрдүн биринде азыркыга чейин «Аэрофлоттун» жарнамасы сакталып калган. Анын автору эбин таап стационардык телефон номурларын да жазып кое алган. Белгилүү болгондой, ал номурлар дагы деле иштейт экен, бирок башка адамдардын колдонуусунда.

Казыбаев совет мезгилинде түшүрүлгөн сүрөттөрдүн көбүнүн жакшы сапатта сакталып калганын сыймыктануу менен белгиледи. Айтымында, учурда боектордун жардамы менен түшүрүлүп жаткан азыркы сүрөттөрдүн сапаты андай эмес, ал эми кафель мозаикаларды коюу кыйла кымбат болуп калат.

Бирок архитекторду азыркы сүрөтчүлөрдүн жаңы курулган үйлөрдү кооздоого болгон каалоолору кубандырат.

Көп кабаттуу үйлөрдүн капталдарын кооздоо модасы Ошко болжол менен 2010-2011-жылдары кайтып келген. Азыр аларды стрит-арттар менен кооздоонун популярдуулугу артууда, көбүнчө социалдык тематикадагылары.

Ош стрит-артынын чыныгы падышасы болуп Илья Тарасов эсептелет. Үйлөнүү тойлордо фотосүрөт менен алектенген 28 жаштагы сүрөтчү өз хоббиси менен алектенүүгө да убакыт табат. Сүрөтчүнүн өзү билдиргендей, ал граффитиге өтө жаш кезинен кызыгып баштаган. Илья талантын өркүндөтүп, кыйла такшалгандан кийин дубал беттерине өзүнүн алгачкы сүрөттөрүн түшүрө баштаган, алардын кээ бирлерин азыр деле шаардын айрым жерлеринен анчалык жакшы эмес сапатта табууга болот. Социалдык түйүндөр доорунун келиши менен акыркындап Тарасовдун эмгектеринин популярдуулугу артып, ал эң жогорку чегине жеткен Оштун жашоочулары анын эмгектеринин фонунда селфи жасап, интернетке жайгаштырып башташкан.

Көбүнчө граффитчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы мамиле анча болбойт эмеспи, бирок Оштун милициясы тескерисинче, Илья менен кызматташууга барган.

Илья «Менин милициям мени коргойт» долбоору үчүн бир нече үйдүн капталына кичинекей балдарды жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун сүрөттөрүн түшүргөн. Анын жыйынтыктары шаар тургундары тарабынан колдоого алынып, көптөгөн жакшы пикирлер айтылган. Ильянын өзү белгилегендей, эмгектерин сындагандар да болгон, бирок сүрөттөр өзүнүн акыркы образына ээ болгондон кийин алар дароо токтогон.

Булардын баары тууралуу билгенден кийин «эмнеге көркөм сүрөт түшүрүү маданияты жоголуп, алар боектордун жардамы менен тартылган сүрөттөргө өзгөрүп жатат?», деген суроо жаралат. Эмнеге бул сыяктуу үйлөрдүн капталына көркөм сүрөт түшүрүү салтын жандандырууга болбосун, ал эмес бир канча ондогон жылдар өткөндөн кийин деле ары-бери өткөндөрдү советтик доордо түшүрүлгөндөрү кызыктырып жатат го?

Авторлору: Азат Тороев и Изат Эркинбеков