Париждеги теракттарды уюштурган деп айтылып жаткан Абдельхамид Абауд 18-ноябрдагы атайын операциянын жүрүшүндө өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Франциянын борборунун прокуратурасынан билдиришти. Парижде 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү бир нече теракт жасалып, алардын жыйынтыгында 129 киши каза болгон.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Париждеги теракттардын уюштуруучусу болгон Абдельхамид Абауд 18-ноябрда Франция борборунун четиндеги Сен-Дениде өткөрүлгөн атайын операция маалында өлтүрүлгөн. Бул тууралуу 19-ноябрда Париждин прокурору Франсуа Молен билдирди. Ал Абауддун тек-жайы ДНК экспертизасынан кийин аныкталганын айтты.

Атайын операция Париждин четиндеги Сен-Дени шаарчасында 18-ноябрь күнү эртең менен өткөрүлгөн — 13-ноябрь күнү кечинде жанкечти террорчулардын аракети менен алгачкы жардыруулар болгон «Стад де Франс» стадиону дал ошол аймакта жайгашкан. Полиция Сен-Дениде теракттарды жасоого шектелгендер жашырынып турган батирди тапкан. Атайын операциянын жыйынтыгында эки шектүү адам каза болгон — бирөөсү денесине байланган жардыруучу затты ишке келтирүү менен жарылып өлсө, экинчисин полиция атып өлтүргөн.

Операция аяктагандан кийин өлтүрүлгөндөрдүн биринин Абдельхамид Абауд болгондугу айтылган эмес. 18-ноябрь күнү кечинде Париждин прокурору атылып өлтүрүлгөн адамдын аты-жөнүн билдирүүдөн баш тарткан болчу.

Теги марокколук болгон бельгиялык Абдельхамид Абауд француз полициясы тарабынан 13ноябрдан 14-ноябрга караган түнү Парижде орун алган террорчулук актыларды уюштурган деп шектелүүдө. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал Франциянын борборундагы кол салууларга өзү катышкан эмес, бирок алардын активдүү идеологу болгон.

2014-жылдын январында Бельгия полициясы Абауддун бельгиялык исламисттер менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрүн тыңшап уккандан кийин анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. 2013-2014-жылдары ал Сирияда «Ислам мамлекети» тобу тарапта согуштарга катышкан.

Парижде 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү бир нече теракт жасалган: футбол боюнча Франция жана Германия курмаларынын ортосунда жолдоштук беттеш өтүп жаткан «Стад де Франс» стиадионунун жанында үч жардыруу болуп, шаардын 10чу жана 11-округдарында террорчулар ресторан кардарлары менен көчөдөгү адамдарды аткылашкан.

Андан сырткары кол салгандардын тобу америкалык Eagles of Death Metal рок-тобу ырдап жаткан «Батаклан» концерттик залындагы адамдарды барымтага алышкан болчу.

Франциянын президенти Франсуа Олланд теракттардан улам 129 киши каза болгонун билдирген. Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган. «Би-би-си» билдиргендей, полиция бүткүл өлкө боюнча рейддерди өткөрүп жатат жана алардын жүрүшүндө 20дан ашык киши кармалган.

Теракттар үчүн жоопкерчиликти эл аралык «Ислам мамлекети» экстрмисттик уюму алган.

Тема боюнча:
Париж теракттардан кийин, 1-бөлүк [сүрөт]

Париж теракттардан кийин, 2-бөлүк: Полициянын Сен-Денидеги атайын операциясы кандай өткөн [сүрөт]

Туроператорлор: Теракттар кыргыз туристтеринин Парижге баруусун токтоткон жок