Биринчи май райондук соту президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хаджимурат Коркмазовго карата Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн 200 миң АКШ долларын талап кылуу иши боюнча өкүм чыгарды. Коркмазовго карата 1,5 жылга, а Нарымбаевге 3 жылга катаал режимдеги абакка эркинен ажыратуу өкүмү окулду.

Судья Абдуразак Боромбаев Нарымбаев менен Коркмазовго карата 27-ноябрда, процесс башталгандан 2,5 ай өткөндөн кийин өкүм чыгарды.

Нарымбаевге карата 3 жылга катаал режимдеги абакка камоо, а Коркмазовго 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмү окулду — сот экөөнүн тең мүлкүн мамлекеттик пайдасына алуу чечимин чыгарды.

Алгач, айыптоочу тарап президенттин аппаратынын мурдагы жетекчисинин 12,5 жылга, а экс-депутаттын 12 жылга эркинен ажыратылышын талап кылган болчу.

Нарымбаев бүгүн да ага карата айтылган айыптоолордун бардыгын мойнуна алган жок. Анын айтымында, Түлеевдин иши президенттин аппаратында «Ар-Намыс» фракциясынын ошол кездеги лидери Феликс Куловдун демилгеси менен каралган — Кулов Бишкектин экс-мэрине каршы козголгон кылмыш ишинде мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн бийликтин саясий жоопкерчилиги маселесин көтөргөн.

«Ал дал ушул мааниде институт катары Жогорку сотко кайрылган. Сот өндүрүшүнө эч кандай кийлигишүү болгон эмес», — деп жазды «АКИпресс» Нарымбаевдин айткандарын.

Ал Түлеевдин ишин караган коллегияга Жогорку соттун экс-төрайымы Феруза Жамашева дагы, анын орун басары Канат Тургамбеков дагы кирбегендигин айтты.

«[Президенттин аппаратын] жетектөө менен, мыйзам жана регламентти колдонмо кылуу менен мен президенттин социалдык-экономикалык, укуктук жана башка маселелер боюнча кабардар болуусун камсыздап келгем. Анын ичинде жарандардын конституциялык укуктарынын сакталышы боюнча кайрылуулары да бар. Назгүл Түлееванын кайрылуусу да – ошолордун катарында. Ал өзү ырастап жаткандай, мен ага мыйзамга каршы келе турган эч нерсе айткан эмесмин», — деп кошумчалады Нарымбаев.

Анын айтымында, сотто Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын мурдагы башчысынын күнөөсүнн далилдери «көрсөтүлгөн жок».

«Мен пара талап кылууга, Түлеевдердин акчасына эч кандай тиешем жоктугу тууралуу бир нече жолу айткам», — деди Нарымбаев.

Өз кезегинде Коркмазов соттон аны ортомчулукка күнөөлүү деп таап, ал эми «Пара талап кылуу» жана «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча актоосун өтүндү.

Түлеевдин үй-бүлөсүнөн акча талап кылуу

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев 22-июлда Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн 200 миң АКШ долларын «талап кылган» деген айып менен кармалган.

«Тергөө тарабынан X. Коркмазов КРнын президентинин аппарат башчысы Д.Нарымбаев менен сөз байлашып, мүлктөрдүн конфискацияланышы боюнча Жогорку сотто каралып жаткан ишти Түлеевдин пайдасына чечип берүү үчүн Н.Түлеевадан 200 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды», — деп билдиришкен анда Башкы прокуратурадан.

Нарымбаев депутат Коркмазов кармалгандан бир аптадан кийи кармалган — атайын кызматтагылар менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери экс-депутатты 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашкан болчу.

Көзөмөлдөө органынан Нарымбаев 2015-жылдын майынын башында мүлктөрдүн конфискацияланышы тууралуу маселенин каралышы боюнча Жогорку соттун төрагасынын орун басары Канатбек Турганбековго команда берүү үчүн» Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүлдөн 50 миң АКШ долларын алгандыгын кошумчалашкан.

Президенттин аппаратынын башчысы кармалган күндүн мурунку күнү 24.kg маалымат агенттигинин сайтына экс-мэрдин кызы Назгүл Түлееванын маеги чыккан — анда ал Нарымбаевди мүлктөрдүн «мыйзамсыз» конфискацияланышы тууралуу «маселени чечип берүү» үчүн Түлеевдин үй-бүлөсүнөн 350 миң доллар талап кылган деп айыптаган.

«Ал акчаларды мыйзамсыз конфискация маселеси боюнча мыйзамдуу чечимдин чыгарылышы үчүн талап кылышкан. Аны менен катар бизге төмөндөгүдөй дешкен: эгер бул шарттарга көнбөсөңөр атаңарга басым күчөйт, жаңы иштердин козголушу үчүн себептер табылып, бизнес толугу менен мүмкүн болгон бардык багыттар боюнча кысымга алынып баштайт», — деп жазган 24.kg Түлееванын айткандарын.

Түлеевдин кызы маегинде болжол менен 2015-жылдын майында «басым жасоолордун күчөшүнөн» кооптонуп 50 миң доллар бергендигин да билдирген — айтымында, Нарымбаев ал акчаны мүлктөрдүн конфискациялоо иши боюнча «маселени мыйзамдуу чечип берүү» үчүн талап кылган. Бирок Түлеева кийинчерээк ал акчанын «Турганбековго телефон чалуу үчүн гана» алынгандыгын билген.

«Мага бул маселенин чечилиши үчүн 50 миң доллар — күлкү келтирерлик сумма экенин айтышты», — деп кошумчалаган экс-мэрдин кызы.

Ал маекте ошондой эле президенттик КСДП партиясынын парламенттеги фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбековдун дагы аты аталган.

Кийинчеээк президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратуранын бул аракеттерин колдоп, Нарымбаевдин камалышы «башкалар үчүн сабак» болорун айткан.

«Мен аны менен сүйлөшкөндө уурулуктан башкасынын бардыгын тең кечире турганымды эскерткем. […] Мен бул ишти токтото алмакмын. Бирок андай кылбайм. Тескерисинче, мен бул кылмыш ишинин козголушун каалагам. Буга чейин коррупция Ак үйдүн 7-кабатына чейин жетти деп айтып келишкен. Тазалоо керек», — деп билдирген өлкө башчысы.