7-декабрда болгон эки жер титирөөнүн жыйынтыгында Кыргызстандын түштүгүндөгү үч айыл аймагында социалдык объектилер менен жеке турак жайлар жабыркады. Буга чейин жер силкинүүдөн адамдардын жабыркабагандыктары кабарланган болчу.

Кыргызстандын түштүгүндөгү жер титирөөлөрдөн Ош облусунун үч айыл аймагындагы курулуштарда жаракалар пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Чоң-Алай айыл аймагында бир нече бала бакча менен мектептердин имараттарында кичинекей жаракалар пайда болгон. Жекенди айыл аймагында оорукана менен мектеп жабыркаган.

Ошондой эле Кашка-Суу айыл аймагында орто мектептин, айылдык администрациянын имараттары жана жеке турак жайлар жабыркаган. Жергиликтүү жашгоочулардын билдирүүлөрү боюнча, ал жакта жарандык коргонуу комиссиясы түзүлгөн.

7-декабрь күнү түштөн кийин жарым саат аралыгында очогу Тажикстандын чыгыш бөлүгү менен Кыргызстандын Нарын облусунда болгон эки жер титирөө катталган.

ӨКМдин болжолдуу маалыматтары боюнча, Кыргызстанда жабыркагандар жок.

АКШнын геологиялык агенттигинин маалыматы боюнча, биринчи силкинүү Бишкек убактысы боюнча саат 13:50дө катталган — силкинүү очогу Тажикстандын Мургаб районунда, Мургаб айылынан 109 чакырым алыстыкта болуп, күчү 7,2 баллга жеткен.

Саат 14:30да болгон экинчи жер титирөөнүн силкинүү очогу Кыргызстандын Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында болуп, күчү 5,5 баллга жеткен.

ӨКМдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда силкинүүнүн күчү 5 баллга чейин жеткен.

Доорот-Коргон, Бор-Дөбө, Эркештам айылдарында силкинүү күчү 5 баллдын айланасында, Ошто – 4, Бишкекте жана Нарында 3 баллдын айланасында сезилген.

Буга чейин ушул жылдын 17-18-ноябрь күндөрү өлкө аймагында бир нече жер титирөө болгон. Анын эң күчтүүсү Ош облусунда болуп, силкинүү очогундагы күчү 7 баллга чейин жеткен.

Анда каза болгондор менен жаракат алгандар болгон эмес. Силкинүүлөрдөн улам 150дөн ашык турак-жай жабыркаган — алардын 10у оңдоого мүмкүн болбогон абалга жеткен.

2015-жылдын октябрынын аягында Ооганстанда катуу жер титирөө болгон — силкинүү очогу Гиндикушта жайгашып, күчү 7,5 баллга жеткен. Анын жыйынтыгында 385 оогандык менен Пакистандын жарандары каза болушкан — ал зилзаланын жыйынтыгында Пакистанда 10 миңге жакын турак жай талкаланган.