Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 9-декабрда “Тынчтыктын, улуттук биримдиктин негиздөөчүсү жана улут көсөмү тууралуу” мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алды.

Мажилистин төрагасы Шукуржон Зухуров жаңы мыйзамды “тарыхый” деп баалап, ал президент Эмомали Рахмонго эмес, тажик элине көбүрөөк керектигин айтты.

Мыйзам долбоору 16 беренеден турат. Анда өлкө башчынын ыйгарым укуктары, кол тийбестиги, коопсуздугу жана социалдык кепилдиктери тууралуу түшүндүрмөлөр жазылган.

63 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат. Өлкөдө өткөрүлгөн эки жолку конституциялык реформа ага президенттик шайлоого бир нече жолу катышканга мүмкүнчүлүк берип, Рахмондун ыйгарым укуктары 2020-жылга чейин узартылган.

1998-жылы тажик президентинин беделин жана намысын коргоо тууралуу мыйзам кабыл алынган болчу.