Каржы полициясы жарды үй-бүлөлөрдүн социалдык турак жай курууга топтогон 16 млн. сом каражатынын жоголушу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Иштин башкы фигуранты — Ново-Покровка айылынын башчысы Нурмухаммат Баяхунов.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат 7-декабрда Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» жана «Документтерди жасоо» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Иштин башкы фигуранты катары Ново-Покровка айылынын башчысы Нурмухаммат Баяхунов өтүүдө. Жарды үй-бүлөлөрдүн «Нур Күч» биримдигинин мүчөлөрүнүн айтымдарында, айыл башчысы алардын топтогон 16 млн. сомун өзүнө алып алган.

Тергөөгө ылайык, алдамчылык өзгөчө ири өлчөмдө жана кызматтык абалды пайдалануу менен жасалган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде мекеме Баяхуновго карата айып тагуу-такпоо маселесин бир нече күндүн ичинде чече тургандыгын айтты.

Кылмыш кодексине ылайык, эгер чиновникке каршы кылмыш иши козголсо, анда Баяхунов 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Айылдык чиновниктин өзү ал акчалардын жоголушуна тиешеси жоктугун айтууда — ал Kloop.kgге курган маегинде тергөөдөн качпастыгын айтты.

«Мен акчаны алган эмесмин, эмнеге коркмок элем? Мен анын болбогондугун билем. Эгер алар уялбастан туруп баарын оодарып жасашса, анда биринчи мен болушум мүмкүн. Бирок мен андай болбойт деп үмүттөнөм», — деди Баяхунов

Тема боюнча: Жарды үй-бүлөлөргө жер тилкесин берүү үчүн топтолгон 16 млн. сом кайда?

Биримдиктин мүчөлөрү ал акчаны чет өлкөлүк инвестицияларга социалдык турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алууга чогултушкан.

Алардын айтымдарында, Баяхунов алар менен келишим түзүп, курулуш үчүн аларга 81 гектар жер тилкесин бөлүп берүүнү убадалаган. Чиновник жер тилкесин алуу үчүн айыл чарба жоготууларына компенсация катары 16 млн. сом керек экендигин кошумчалаган.

Биримдиктин мүчөлөрү алар ал акчаны Баяхуновдун өзүнүн колуна бергендиктерин жана ал акчаны алгандыгы тууралуу аларга дүмүрчөк жазып бергендигине ишендиришүүдө. «Нур Күч» жыйынтыгында жер тилкесин албагандыгын, а акча жоголуп кеткенин билдирүүдө.

Буга чейин Баяхунов өзүн жабырлануучу тарап катары эсептей тургандыгын жана аны менен биримдиктин мүчөлөрүнүн ортосунда келишим түзүлбөгөндүгүн айткан.

«Андай келишим түзүлгөн эмес. Ал кагаз жок. Бул менин кол тамгам эмес. Прокуратура менен ИИБде болуп, тактап, түшүндүргөнбүз», — деген ал.

Нурмухаммат Баяхунов Ново-Покровка айылынын башчысы, 2015-жылдагы парламенттик шайлого президенттик КСДП партиясынын тизмеси менен талапкер катары катышкан.