Министрлер кабинети мамлекет менен жарандардын «шаан-шөкөттүү салтанаттарга» кетирген чыгымдарына чектөө киргизүү ыктымалдыгын карап жатат, деп билдиришти өкмөттүн басма сөз кызматынан.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлерине Кыргызстандын жарандарынын «шаан-шөкөттүү салтанаттарды» өткөрүүлөрүн чектей турган документ иштеп чыгуу тапшырылганын билдиришти.

«Анын документ же буйрук болорун эч ким билбейт. Алар иштеп чыгып, кандай кылса жакшы болорун, негизи эле жасаса болор-болбостугун карап жатышат» — деди басма сөз кызматтын аты-жөнүн айтпаган кызматкери.

Өкмөттүн укуктук камсыздоо бөлүмүнөн аларга андай тапшырма келбегендигин айтышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жарандардын түрдүү салтанаттарды өткөрүүгө короткон чыгымдарын чектөө боюнча маселе министрлер кабинетинин 8-декабрдагы жыйынында вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын катышуусунда талкууланган.

Кудайбердиева анда кыргызстандыктар «түрдүү той-аштарды» өткөрүүгө жыл сайын «бир нече ондогон миллиард сом» короторун билдирген.

«Орто жашаган бир үй-бүлөнүн орточо тоюна болжол менен 1,5 млн. сом кетет. Ал акчалар ошол эле орто жашаган үй-бүлөнүн бир нече жылдык керектөө чыгымдарын жапмак. Адамдар жогорку пайыздар менен насыя алып үй-бүлөлүк салтанаттарды жана башка ойдон чыгарылган майрамдарды өткөрүп жатышат», — деп жазган өкмөттүн басма сөз кызматы вице-премьердин айткандарын.

Анын айтымында, премьер-министр Темир Сариев «жарандардын көбүн түйшүк тарттырган» салтанаттарды көзөмөлдөөгө мүмкүн боло турган, элге керектүү чараларды көрүүнү тапшырды.

«Көбүнчө мамлекеттик кызматкердин жөнөкөй эле айлыгын алган, деклорация толтурганда анчалык көп эмес кирешесин көрсөткөн чиновниктер шаан-шөкөттүү тойлорду, мааракелерди жана башка салтанаттарды өткөрүшөт», — деп билдирди Кудайбердиева.

Азырынча өкмөттүн басма сөз кызматынан кандай чыгымдын «түйшүк тарттырган» чыгым экенин жана кыргызстандыктарга кандай чектөөлөр киргизилгени жаткандыгын тактап айтып бере алышкан жок.

Ошондой эле өкмөттүн 8-декабрдагы жыйынында мамлекеттик мекемелердин планындагы 2016-жылы өткөрүлө турган мааракелүү иш-чаралардын чыгымдарын кайрадан карап чыгуу маселеси да көтөрүлгөн.

«Премьер-министр Темир Сариев бир канча жолу министрликтер менен мекемелердин жетекчилерин түрдүү салтанаттарга кеткен чыгымдарды кыскартып, ысырапкорчулуктан чегинүүгө чакырган», — деп билдирди вице-премьер Кудайбердиева.

Ал Маданият министрлигине 2016-жылы өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмесин кайрадан карап чыгып, пландалган 75 иш-чарынын ичинен «жалпы улуттук мааниге ээ болгондорун» гана калтырууну сунуштады.

«Кеп Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын, залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын жана 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгын белгилөө тууралуу болууда», — деп билдиришти өкмөттүн басма сөз кызматынан.

«Чыгымдарга жакшылап ойлонуп мамиле кылуу»

Өкмөт калктын той-аштардагы ашыкча ысырапкорчулугу маселесин биринчи жолу көтөрбөй эле — 2013-жылдын октябрында ал кездеги вице-премьер-министр Камила Талиева жарандарды чыгымдарга «жакшылап ойлонуп» мамиле кылууга чакырган.

«Өкмөт той-аштардын өткөрүлүшүнө каршы эмес, бирок биз акчанын сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланылышын каалап жатабыз», — деп билдирген анда Талиева.

Анын айтымында, кыргызстандыктар той-аштарга жыл сайын 2 миллиард АКШ долларынан ашык акча кетирет. Анда ал бул боюнча калктын пикирин билип, изилдеп чыга турган атайын комиссия түзүүнү тапшырган, бирок ал атайын комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу эч кандай маалымат жок.

«Азаттык» радиосу 2013-жылдын ноябрында Кыргызстанда насыяга той өткөрүү «каадага айланганы» тууралуу билдирген. Анда ресторандар той-аш үчүн учурунда төлөй албагандардын салтанаттарын карызга өткөрүп берип жаткандыктары айтылган.

«Бизге ар кандай адамдар келет. Айрымдар азыр акчам жок, бирок "душман көзүнө" шашылыш той же аш өткөрүш керек дешет. Биз алардын шартын карап, келишим түзөбүз. Эми бул бизге да, аларга да ыңгайлуу […]карызга өткөргөндө келишимге жараша эки ай болобу, же жарым жыл болобу бөлүп-бөлүп отуруп кутулушат. Ишкердик деген кардардын талабына ыңгайлашуусу керек. Карызга той өткөргөндөргө үстөк пайыз кошулбайт», — деп билдирген анда «Дасмия» ресторан комплексинин негиздөөчүсү жана ээси Турусбек Мамашев.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мурдагы башчысы Султан Жумагулов 2012-жылдын ноябрында расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын калкынын 34 пайызы жакырчылыктын чегинде жашап, дагы тогуз пайызы жумушсуз экенине карабастан «аш-тойдон калган бир кыргыз жок» экенин жазган.

«Былтыр оой-ууй 600 кишилик тойкана деп таңдайыбызды так эттирчү элек, быйыл 800, миң кишилик тойканалар пайда болду – Toystreet, Toytown, Toyсity. Америкада бир кезде жалаң арстан баласы байырдаган прерияда City жаралган сыңары эле бир кезде жалаң мал-кой айдаган айдыңдарда Тойканалар калаасы көтөрүлүп жатат. Бир чети Өкмөткө да жакшы болду – элдер митингге эмес, аш-тойлорго ооп кетишти...», — деп жазган анда Жумагулов.

Тажикстан менен Өзбекстандын тажрыйбасы

Коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстанда көп акча сарпталган той-аштарды өткөрүүгө киргизилген чектөөлөр бир канча жылдан бери иштеп келе жатат.

2012-жылдын апрелинде өзбек бийлиги калк үчүн төмөндөгүдөй чектөөлөрдү киргизген:

• меймандардын саны 200 кишиден ашпашы керек;
• иш-чаралар 22:30га чейин аякташы керек;
• салтанаттарды өткөрүүгө уруксат берилген ресторандар менен кафелердин чектелген тизмеси;
• жаран жергиликтүү бийлик менен милицияга салтанаттын өткөрүлө тургандыгы жөнүндө билдирип, меймандардын тизмелерин бериши керек.

Тажикстанда шаан-шөкөттүү той-аштарды өткөрүүгө кетчү чыгымдарды чектөө тууралуу мыйзам 2007-жылы кабыл алынган.

Документке ылайык, жарандар той-аштарды өткөрүүгө бийликтен уруксат алышы керек, меймандардын саны 150 кишиден ашпашы керек, а кортежде (эгер ал үйлөнүү той болсо) төрттөн ашык унаа болбошу керек.

Мыйзам калк арасында көптөгөн нааразычылыктарды жараткан, анткени анын аткарылышын көзөмөлдөгөн инспекторлор анын колдонулушун өзүлөрү каалагандай интерпретациялашкан.

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун 2014-жылдын октябрындагы репортажында инспекторлор той-аштарга барышып, ойдон чыгарылган мыйзам бузуулар үчүн 800 АКШ долларына чейин айып жазып кете ала тургандыктары айтылган.

Калктын нааразычылыгынын жаралышына ал мыйзамдын колунда бар жарандар үчүн иштебей, алар үй-бүлөлүк салтанаттарга «жөнөкөй жарандардан кыйла көп акча» коротуп жаткандыктары да себеп болгон.

Автор: Сезим Каныбекова.