Улуттук статистикалык комитеттин расмий маалыматы боюнча, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын саны дээрлик 15 пайызга же 322 учурга көбөйгөн. Эксперттер мамлекет бул көрүнүшкө каршы күрөшүү үчүн жетишсиз чараларды көрүп жатканын айтышууда.

9-декабрда, «Зомбулукка каршы 16 күн» эл аралык өнөктүктүн акыркы күнү кезектеги акцияга алты аял чогулду ― алар «Сезим» кризистик борборунда жардам алышат.

Ал аялдар ар кайсыл убактарда үй-бүлөлүк зомбулуктарга кабылышкан ― психологиялык, физикалык жана сексуалдык.

Хадиджа (каармандын өтүнүчү менен аты-жөнү өзгөртүлдү) ― алардын бири. Ал Бишкекте жашайт ― беш жылдан бери мурдагы күйөөсүнөн сегиз баласы менен көрүшүү укугун алууга аракет кылып келет.

Ал Kloop.kgге курган маегинде ажырашкандан кийин күйөөсү дароо экинчи аял алып, бирок ага карбастан аныкына келип күч колдонуп, коркутуп, адепсиз сөздөр менен тилдегенин уланта бергендигин айтты.

«Ал мени үйдөн кууп чыгып, балдарым менен көрүшүүгө мүмкүндүк берген жок. Мен ар кайсыл тигүү цехтеринде иштедим. […] Ал мени бир канча жолу сабаган, анын таяктоосунан улам эки жолу ооруканага жатып чыккам», ― деди Хадиджа.

Айтымында, ал бир нече жолу милицияга кайрылган, бирок анын мурдагы күйөөсү да милиционер болгондуктан андан эч кандай майнап чыккан эмес, ал кайра эле Хадиджаны таап, аны «ур-токмокко алган».

Зомбулуктардан жапа чеккендердин дагы бири ― Марипа (аты-жөнү каармандын кызычылыгы үчүн өзгөртүлдү) ― алты баланын апасы. 11 жыл иш жүзүндөгү нике мамилелеринен кийин Марипа күйөөсүнөн мамилелерин расмий түрдө каттатууну талап кылган, бирок ал башка аял алып алгандыктан баш тарткан.

Марипанын айтымында, кийин күйөөсү аны үйдөн кууп чыгып, «алдоо жолу менен» балдарын алып кеткен.

«Мен батирден батирге көчүп, туруктуу үйгө ээ болуп, балдарды алып кетүү үчүн пол жууп иштедим», ― деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

«Ал сени өлтүрүүгө аракет кылганда бизге телефон чал»

2015-жылдын октябрынын аягында эл аралык «Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюму отчет жарыялап, Кыргызстандагы бардык кыздар менен аялдардын 28 пайызы үй-бүлөлүк зомбулуктарга кабыла тургандыктарын билдирген.

«Көйгөйдүн башкы себеби коомдун кош көңүлдүгү, мыйзамдардын аткарылбагандыгы, ошондой эле физикалык, сексуалдык жана эмоционалдык зомбулуктарга кабылгандар үчүн каражаттын жетишсиздиги», ― деп жазган Eurasianet.org сайты отчеттогу маалыматтарды.

ХРВдин отчетунда кыргыз парламенти тарабынан 2003-жылы кабыл алынган үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы мыйзамдын бар экенине карабастан өлкөдө баарына жапа чеккен адамды айыптап, аны маскара кылуу салты бар экени жазылган.

«Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган, ошондой эле зордоп же эрте күйөөгө берилген аялдар «Хьюман Райтс Вотчко» аларды кемсинтүүлөр жөнүңдө унчукпай, үй-бүлө үчүн баарына чыдатууга көндүрүү үчүн көбүнчө үй-бүлөсү жана коомчулук тарабынан чоң басым жасалгандыгын билдиришти», ― деп жазган Eurasianet.org отчеттогу маалыматтарды.

Алардын бири катары Оштогу Асиянын башынан өткөргөн окуясы мисал келтирилген. Асия өнөктөшү аны сабагандан кийин милицияга кайрылган.

«Алар: «Анын колунда бычак бар беле? Ал сени өлтүрүүгө аракет кылдыбы?» деп сурашты. Мен жок деп жооп берсем алар: «Жакшы, анда качан ал сени өлтүрүүгө аракет кылганда чал, анткени бизде азыр андан да маанилүү иштерибиз бар» деп айтышкан», — деп билдирген Асия 2012-жылы болгон эки окуя тууралуу «ХРВдин» өкүлдөрүнө.

Ошондой эле отчетто соттор көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин тарабында болбостугу, эгер алардын пайдасына чечимдерди кабыл алган күндө да укук коргоо органдары баары бир алардын аткарылышын камсыз кылбастыгы жазылган.

Өз кезегинде милиция кызматкерлеринин арасында да «маданий шарттар» калыптанган.

«Үй-бүлөлүк зомбулукка күнөлүүлөрдү жазалоо үй-бүлөлөрдүн бузулуусуна гана алып барат, өз кезегинде ал чоң азап тартуулар менен социалдык жылыштарды жаратат деген пикирдегилер басымдуу», ― деп жазылган «Хьюман Райтс Вотчтун» отчетунда.

Милиция анда зомбулук көрсөткөндөргө карата аракетсиздигин ресурстардын жоктугу менен түшүндүргөн.

15 пайызга өсүү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2015-жылдын январынан октябрына чейинки аралыкта Кыргызстанда аялдарга зомбулук көрсөтүү боюнча 2555 факты катталган.

2014-жылдын ушул эле айлар аралыгында 2233 учур катталган, тактап айтканда, аялдарга зомбулук көрсөтүү фактыларынын саны 15 пайызга өскөн. Ал эми 2013-жылга салыштырмалуу зомбулуктун өсүүсү 30 пайызды түзгөн.

2015-жылы ал аялдардын 70 пайыздан ашыгы физикалык зомбулуктардан жапа чегишкен. Аны менен катар статистика жакшы жакты көздөй өзгөрбөстөн, жыл өткөн сайын психологиялык жана сексуалдык зомбулуктарга караганда күч колдонуудан жапа чеккен аялдардын саны өсүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктардан жапа чеккендердин көбү ― 1995 аял ― жумушсуз. «Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн эркектер» графасында да ушундай өсүү көрсөтүлгөн ― бир жылдын ичинде алардын саны 1760тан 2013кө чейин өскөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын аялдар менен кыздарга карата 3,5 миңден ашык кылмыш жасалат. Алардын арасында өлтүрүү, денесине зыян келтирүү, зордуктоо жана ала качуу кылмыштары бар.

«Жетишсиз чаралар»

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жыл сайын ага 2 миңге жакын аял кайрыларын, алардын 65 пайызы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар экенин айтты.

«Акыркы убактарда үй-бүлөлүк көйгөйлөргө даттанып кайрылгандар көбөйдү. Бул экономикалык абалдын начарлашы, жетишсиз социалдык колдоо жана гендердик теңсиздиктин айынан болууда. Көбүнчө аракечтер, баңгизатын колдонгондор, миграция бар үй-бүлөлөрдөн келишет», ― деди Рыскулова.

Анын айтымында, мамлекет зомбулуктун себептери менен кесепеттерин жоюу үчүн «жетишсиз чараларды» көрүүдө. Рыскулова өлкө бийлиги аялдар психологиялык жана укуктук жардамдарды ала ала турган мамлекеттик кризистик борборлорун ачышы керек деп эсептейт.

Ал 2015-жылдын мартында Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстанда онго жакын кристик борбор бар экенин, бирок алардын бири да мамлекеттик эмес экенин айткан.

«Сезимдин» жетекчиси «Ислам мамлекети» тарапта согушуу үчүн балдары менен Сирияга кетип жаткан аялдардын саны үй-бүлөлүк зомбулук жана «үй-бүлөдөгү жетишсиздиктен» улам көбөйүп жатканын айтты.

«Өзгөчө айыл жергесиндеги аялдар начар коргоого алынышкан, анткени айылдарда кылымдардан бери келе жаткан жана азыркы кезге чейин таптакыр өзгөрбөгөн салттык мамилелер өкүм сүрөт», ― деп билдирди «Сезимдин» жетекчиси Kloop.kgге курган маегинде.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, катталган 2,5 миң учурдун болгону 204ү боюнча гана кылмыш иши ачылып сотко өткөрүлгөн. Дагы 2073 учур укук коргоо органдары тарабынан «административдик укук бузуу» катары мүнөздөлгөн.

Рыскулова «Азаттык» радиосуна курган маегинде үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурларда аялдардын баары эле укук коргоо органдарына кайрыла бербестигин айткан.

«Кайрылган күндө да ал иш аягына чейин чыгарылат дегенди билдирбейт» ― деп жазган «Азаттык» «Сезимдин» жетекчисине шилтеме жасап.

Авторлор: Зияра Асылбекова жана Айдана Канатбек.
Сүрөт: Dean C.K. Cox / Eurasianet.org