Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кар көчкүчү тууралуу билдирүүсүнөн улам «Спутник» басылмасынын журналисти менен маектешүү өткөрүштү.

«Спутник» жаңылыктар агенттигинин Ысык-Көл облусундагы журналисти Азамат Айтбаев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде аны 14-декабрь күнү УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнө алып баргандыктарын айтты.

Себеп — анын ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө чалып, Караколго жакын жердеги кар көчкүчү тууралуу билдиргендиги. Айтбаевдин айтымында, алгач ага ӨКМдин офицери телефон чалып, милиция менен алып кетерин айтып коркуткан, андан соң «эч нерсени түшүндүрбөстөн эле» аны университеттен УКМКнын бөлүмүнө алып кетишкен.

«Мага ӨКМдин Караколдогу бөлүмүнүн подполковниги телефон чалды. Аты-жөнү эсимде жок. Ал менин 30 мүнөттүн ичинде иш бөлмөсүндө болуп калуумду талап кылды. Мен сабакка барам дедим. Анда ал мени милиционерлер менен келип алып кете тургандыгын айтты», — деди Айтбаев.

Атайын кызматтагылар журналисттин көчкү тууралуу кайдан уккандыгын билгилери келишкен.

«Жалгыз сурак жүргүзүүнү каалаган, андан кийин экинчиси келип сүйлөштү, толугу менен суракка алып, түшүнүк кат алышты. Сүйлөшүүбүз бир жарым, эки саатка созулду. Мен бир нерсе тууралуу жазардын алдында жалган маалымат берип жибербес үчүн ойлонушум керектигин айтышты», — деди Айтбаев.

Журналисттин айтымында, УКМКнын жергиликтүү бөлүмүндөгү суракка чейин ага ӨКМдин офицери телефон чалып, ал дагы кар көчкүчү тууралуу маалыматтын булагын билгиси келип, андан кийин кармап кете турганын айтып коркуткан.

Айтбаевдин өзү кар көчкүчү тууралуу социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрдөн окуп, маалыматты тактоо үчүн дароо ӨКМге телефон чалган. ӨКМден ал билдирүүлөрдү четке кагышкан, бирок кийин «О!» уюлдук операторунун топ-менеджери Филипп Ермеев кар көчкүсүнүн алдында калып каза болгондугу белгилүү болгон.

«Жалган чакыруу үчүн маектешүү»

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге курган маегинде Айтбаев менен ӨКМге «жалган чакыруу менен чалгандыгы үчүн мыйзамдуу профилактикалык маек» өткөрүшкөнүн айтты.

«[Айтбаев] кар көчкүсү тууралуу чалган. Биз эмнеге аны чакырбашыбыз керек? Биз тактоо жүргүзүп, профилактикалык маек өткөрүү үчүн баарын чакырабыз. Бардыгы мыйзамдын чегинде болгон жана менин билишимче ал азыр эркиндикте», — деди Сулайманов.

Анын айтымында, УКМКга кар көчкүсү тууралуу жалган билдирүү боюнча ӨКМден кайрылуу болгон — анда «О!» компаниясынын топ-менеджеринин каза болгондугу тууралуу сөз болгон эмес. Kloop.kg ӨКМдин Каракол боюнча башкармалыгы менен байланыша алган жок.

Кар көчкүсү Караколдон алыс эмес жердеги Ак-Суу капчыгайында болгон. ӨКМдин башчысы Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча, анда кар алдында калып бир киши каза болгон.

Кийинчерээк «Спутник» жана «К-Ньюс» жаңылыктар агенттиктери «Нуртелеком» («О!» бренди) компаниясынын жетекчилигине шилтеме жасоо менен каза болгон адамдын уюлдук оператордун Орусиядан чакырылган сатуу менеджери Филипп Еремеев болгонун ырасташкан.

«Спортчулар тиешелүү кызматтарга эскертпестен эле тоого барышып, кар алдында калышкан. Алардын үчөөсү кар алдынан өз алдынча чыгып кете алышкан, төртүнчүсүн куткарууга мүмкүн болгон эмес», — деп жазган «Спутник» Бороновдун айткандарын.

ӨКМдин башчысы 14-декабрда кар көчкүсү тууралуу кырсык болгондон кийин билгендиктерин айткан.

Сүрөт Айтбаевдин «Фэйсбуктагы» баракчасынан алынды.