Элнура Осмоналиева — «Сандэнс» жана Венеция кинофестивалдарына катышкан кыска метраждуу «Сейде» тасмасынын режиссеру. Ал Kloop.kgге курган маегинде тасманын тартылышы, америкалык жана кыргыз көз карандысыз кино индустриясы, ошондой эле жергиликтүү кинематографиянын перспективалары тууралуу айтып берди.

Жакында эле «Сейде» кыргыз тасмасы 2016-жылдын 19-январынан 21-январына чейин Парк-Сити шаарында өтө турган америкалык «Сандэнс» фестивалына катыша тургандыгы белгилүү болгон.

«Сандэнс» — Канн, Венеция жана Берлин фестивалдары менен катар эле америкалык ири кинофестиваль жана башкы дүйнөлүк сынактардын бири. Ар кайсыл жылдары фестивалдын баш байгесине барабанчы менен анын эзүүчү мугалими жөнүндөгү «Одержимость», Женнифер Лоурэнстин катышуусундагы «Зимняя кость» жана Антон Ельчиный катышкан «Как сумасшедший» тасмалары ээ болушкан.

Буга чейин «Сейде» 2015-жылкы Венеция кинофестивалынын «Горизонты» сынагында көрсөтүлгөн.

Элнура Осмоналиева — «Сейде» тасмасынын режиссеру — Нью-Йорк университетинин Искусство мектебинде окуйт.
Элнура Осмоналиева — «Сейде» тасмасынын режиссеру — Нью-Йорк университетинин Искусство мектебинде окуйт.

Kloop.kgнин кабарчысы Азамат Өмүралиев «Сейденин» режиссеру Элнура Осмоналиева менен маектешти. Режиссер Кошмо штаттарында көз карандысыз кинолордун кандай тартылары жана эгер сен ак киши болбосоң Голливудда режиссер болуп чыгуунун кандай түйшүктөрү бар экендиги жөнүндө айтып берди.

«Сейде» тууралуу

Тасма 2015-жылдын январында Чоң-Кеминдин Калмак-Ашуу, Тар- Суу айылдарында жана Чоң-Кемин улуттук паркында бир аптада тартылган. Тартуу иштери минус 20 градуска чейинки суукта жүргөнү менен чыгармачыл топ ырахаттануу менен уюшкандыкта иштеди.

«Сейдени» жараткан чыгармачыл топтун курамында Нью-Йорктогу киномектептен беш киши болдук — тайланддык коюучу оператор, францялык сопродюсер, кипрлик арт-директор, австриялык скрипт-супервайзер жана Санкт-Петербургдан үч киши: редактор, үн режиссеру жана үн боюнча ассистент. Топтун калган он алты мүчөсү кыргыз киносунун тажрыйбалуу кызматкерлери.

12394675_10156300806550621_1997360401_o-1024x429

«Сандэнске» тандоо тууралуу

Фестивалдын өзүнүн маалыматы боюнча, тандоо комиссиясы дүйнө жүзүнөн келген 8712 кыска метраждуу тасманы көрүп чыгышып, алардын 72син тандап алышкан. Бул сандар бир орунга 121 тасма болгондугун айтып турат. Фестивалдын тандоо комиссиясы мага тандоонун катаал болгондугу тууралуу жазышты. Жыйынтыгында 72 тасманын 16сы International Shorts тизмесине киргизилди (алардын арасында «Сейде» да бар). Ал тизмеде Швеция, Хорватия, Канада, Франция, Улуу Британия, Түркия жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн тасмаларды бар.

Кызыгы, Хорватиянын атынан Венециядагы кинофестивалда «Сейде» менен жарышкан «Белладонна» тасмасы катышмай болду. Анда хорват тасмасы «Мыкты кыска метраждуу тасма» үчүн деген байгеге ээ болгон. Мени «Сандэнстин» калыстары биздин тасмаларга кандай баа берет болду экен деген суроо кызыктырып жатат.

Бирок «Сандэнс» сынагына тандалып алынгандыгынын өзү эле көрсөткүчтүү жыйынтык болуп эсептелет. Жашоодо дайыма ушундай — алгач жок дегенде бул алдынкы фестивалдардын бирине катышсам деп кыялданасың, анан ага жетишкенден кийин байгеге ээ болууну каалай баштайсың. Адамдын өзү ушундай жаралыптыр да.

Screen-Shot-2015-12-20-at-22.07.39-1024x571

Америка менен Кыргызстандагы кино тартуу процесстеринин ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө

Башка көптөгөн өлкөлөрдөй эле Кыргызстанда да коопсуздук маселелери менен убараланбайсың, ал эми Америкада болсо кандай гана тасма болбосун ал иштин маанилүү бөлүктөрүнүн бири болуп саналат.

Эгер тартуу иштери көчөдө болуп, анын жүрүшүндө көчөдөн өтүп бара жаткан адамдардын бири кокустан зымга чалынып жыгылып бир жерин сындырып алса, анда режиссер менен продюсер анын дарылануусуна кете турган чыгымдарды төлөп беришет. Америкада анын шарт-жагдайына жараша ал сумма 60 миң же миллион долларга чейин жетиши мүмкүн. Ошондуктан чыгармачыл топ бардык зымдарды коопсуздандырып, бардык уруксат берүүчү документтерди алып, белгиленген бардык жол-жоболорду аткарууга, ошондой эле эң башкысы имарат ээсинен тарта жөнөкөй эле көчөдө өтүп бара жаткан адамдар тараптан жазылчу доо арыздар сыяктуу бардык ыктымалдыктардан сактанууга милдеттүү. Анткени биз билгендей, Амеркада бардык мүмкүн болгон шылтоолор менен сотко кайрылууну акшы көрүшөт.

«Сейдени» тартуунун алдында биз жергиликтүү топ менен коопсуздук саясаты тууралуу сүйлөштүк. Биз тараптан төмөндөгүдөй сөздөр айтылды: «Бул силер үчүн күлкүлүү болушу мүмкүн, бирок коопсуздук үчүн продюсердин уруксаты жок кайсыл гана куту менен тепкич болбосун аларга чыгууга, лампаларды алмаштырууга, ат минүүгө жана аларга жакын барууга тыюу салынат». Албетте, буга топ мүчөлөрү күлүштү, бирок биз тамашалаган эмеспиз.

Биз ошондой эле сексуалдык зомбулук аракеттери болсо, коопсуздук үчүн жооп берген продюсер ал тууралуу кабарлар болуусу керектиги тууралуу сүйлөшүп алдык. Биз андай болуу ыктымалдыгынын абдан төмөн экенин түшүнгөнбүз, бирок жол-жобого ылайык сүйлөшүп алуубуз керек болчу.

Аны менен катар курал-жарактарды пайдалануу сценаларынын алдында биз Америкада белгиленген практикага ылайык, топтун бардык мүчөлөрүнө куралдарда октордун жок экенин көрсөтүп, асманга эки жолу аттык. Бул мени кыйла тынчтандырды.

Screen-Shot-2015-12-20-at-22.01.14-1024x589

Андан сырткары режиссерго карата мамиле жасоодо да айырмачалыктар бар. Америкада режиссерго чоң сый-урмат менен мамиле жасашат. Ага продюсерлер, коючу оператор жана башкы пландагы актерлор гана жакын барып, сүйлөшө алышат. А калгандарында андай мүмкүнчүлүк жок.

«Режиссердун жанына жолобоо» эрежесин мен «Сейдени» тартууда пайдаландым жана ал мага абдан жардам берди. Мен топтун ишин туура структуралаштырып, баалуу мүнөттөрдү башка адамдар тараптан чечилчү маселелерге коротпостон, бардык көңүлүмдү актерлордун ойногондоруна бурууга мүмкүн болду.

Өз кезегинде режиссер өз жумушу үчүн соң жоопкерчиликти алат. Ал башкы колбашчы катары топтун бардык мүчөлөрүнө үлгү болушу керек. Ага кабыл алынган жол-жоболор менен кино этикетин бузууга болбойт. Маселен, канчалык деңгээлде ачка экенине карабастан режиссер топ мүчөлөрү түштөнө баштаганга чейин тамактана албайт. Режиссер өзүнө бургер алып, түштөнүү үчүн белгиленген тыныгуудан эрте жеп алган учур болгон. Бул үчүн аны продюсер жумуштан кетирген. Бул режиссер деген — генерал, бирок ошол эле маалда топтун армия катары иштеп, согушка талпынгандыгынын кепили жана таянычы экенин түшүнүү менен жасалат. Тактап айтканда, режиссердун ал духту жаратып, аны тартуу иштери аяктаганга чейин алып жүрүүсү маанилүү. Анткени тасманын жакшы болушу үчүн топтун бардык мүчөлөрү эки жүз пайызга берилип аракет жасоосу керек эмеспи.

Screen-Shot-2015-12-20-at-22.01.021

Ошондой эле актерлорго жасалган мамиледе да чоң айырма бар. Америкада актерду алаканга салып жүрүшөт: топ ага отура турган жери, суу, тамак, күзгүсү бар өзүнчө жай таап берүүгө милдеттүү. Актерго актерлукка байланышпаган башка жумушту аткаруу өтүнүчү менен кайрылууга жол берилбейт. Профсоюздар калем акыларын, иш убактыларын катуу регламенттешет. Актерлор менен профсоюздарсыз же профсоюзга мүчө эмес актерлор менен иштөө оор, анткени профсоюз ал тууралуу билип, тартуу иштерине саботаждык кылат – кадрга күн шоолаларын жиберип, радио жыштыктарга кирип, рация аркылуу жалган буйруктарды беришет. Полиция чыгармачыл топту андай саботаждык аракеттерден коргобойт, анткени полиция кызматкерлери да өз укуктарын өздөрүнүн профсоюздары аркылуу коргошот, ошентип алар актерлордун профсоюзу менен тилектештигин көрсөтүшөт.

Тилекке каршы, Кыргызстанда актерлорго жетиштүү деңгээлде сылык мамиле жасалбагандыгын көп эле көргөм: аларды чай алып келүүгө жумшап же аларга жабдууларды көтөрүшүп коюу өтүнүчү менен кайрылып кое алышат. Айрым учурларда актерлордун дарегине ачуу тамашларды, какшыктарды айтып, текебер мамиле кылышат.

12398779_10156300809070621_173876184_o-1024x576

Канчалык таң калычтуу болбосун, бирок Америкада кино индустриясында аял режиссерлорго карата күчтүү басмырлоо бар — статистика боюнча, тасма жараткан режиссерлордун 3 гана пайызын аялдар түзүшөт. Бизге эгер сен аял, андан да ак эмес болсоң, анда Голлтвудда карьера жасоо абдан кыйын экенин ачык эле айтышат.

Кыргызстанда абал башкача, мында профессионалдуу кино тарткан режиссерлордун 40-50 пайызы аялдар. Баса, бизде ал тууралуу айтышпайт, ойлонушпайт дагы. Баары тең кино тарткан аялдар менен кыздардын бар экенине көнүп калышкан.

2008-жылы мага бул аялдын иши эмес экенин айтышкан, жооп катары мен күлүп койгом. Чынында эле бул күлкүлүү да. Динара Асанованын эле тасмалары кандай керемет? Көпчүлүк учурларда Кыргызстанда ал жөнүндө унутуп, анын Ленфильмде профессиналдуу кинолорду тарткан талантуу, күчтүү режиссер экенин билишпейт. Бизде анын деңгээлинде кино тарта алган адамдардын аз болгондугун түшүнүү үчүн анын каалаган бир эле тасмасын көрүп чыгуу жетиштүү болот. 1986-жылы Би-Би-Си каналы ал тууралуу «Жолдоштор: Динара Асанова» аттуу документалдык тасма тартканын билип, анын чыгармачылыгынын алдында кезектеги жолу таазим эттим.

Негизи эле мен өзүм кинону аялдыкы жана эркектики деп бөлбөйм, андай бөлүштүрүү мага ыңгайсыз туюлат, анткени ал искусство да, биз музыканы, поэзияны, архитектураны жынысы боюнча бөлбөйбүз. Бирок мени АКШдагы 3 пайыз дегени тынчсыздандырып жатат, анткени мен ал жакта жана дүйнөнүн башка жерлеринде тасма жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну каалайм.

12404707_10156300804735621_2081780405_o-768x1024

Америкадагы кино тартуу менен Кыргызстандагынын эң башкы айырмасы алардын убакытка болгон мамилелеринде. Штаттарда тасма жаратуу абдан кымбат болгондуктан, аларда тартуу маалындагы ар бир мүнөт эсептелүү. Тартуу аянтчасындагы төлөнчү орточо акы бир кишиге күнүнө 300-400 долларды түзөт. Ошондуктан кечигүүгө же келбей калууга жол берилбейт.

Көрүнүктүү студиялардын бири биздин киномектептин бүтүрүүчүсүн аңгемелешүүгө чакырып, ал 5 мүнөткө кечигип барган, бул үчүн аны босско киргизбей коюшкан. Ал кыздын объективдүү себептер менен кечигип калганына карабастан, ага бир канча миллиондук тасманы ишенип бере албастыгын түшүнгөн. Ошондуктан бизди маанилүү жолугушууларга бир-эки саат эрте барууга үйрөтүшөт.

Кыргыз киносунун келечеги тууралуу

Менде оптимисттик божомолдорум бар. Кыргыз кинематографтарында дүйнөлүк деңгээлде ийгиликке жетишүүгө бүт бардыгы бар. Бирок биздин ишке чыдамсыз жана баарына дароо жетишүүнү каалагандыгыбыз таасир этет окшойт деп ойлойм. Ошондуктан баарын эле мыкты жана талаптагыдай аткаруу мүмкүн боло бербейт.

Венеция фестивалынын сыйлоо салтанатында мен буга дагы бир жолу ынандым. Венециялык «арстандарга» ээ болгон толук метраждуу тасмалардын режиссерлору сахнада туруп, тасма жаратууда кандай кыйынчылыктарга туш болгондуктары жөнүндө айтышты.

«Алтын арстан» — Венеция кинофестивалынын баш байгеси.
«Алтын арстан» — Венеция кинофестивалынын баш байгеси.

Бир режиссердун эмгеги анын өлкөсүнүн тарыхында Венеция кинофествалына катышкан алгачкы тасма болду. Анан ал «Алтын арстан» баш байгесине ээ болду. Режиссердун командасы толугу менен ордуларынан туруп, кучакташышты. Ал венесуэлалыктар болушчу.

Мыкты режиссура үчүн «Келечектин арстаны» сыйлыгын алган дагы бир жеңүүчү тасмасын жыйырма жыл тартып, ага үй-бүлөсүнүн бардык каржы жыргалчылыгын сарптаган. Анын аты Бреди Корбет, америкалык.

Мен аны менен аба майданга бара жаткан жолдо таанышкам, ал анда жашоосунда биринчи жолу ушунчалык көп акчага ээ болгонун айтты: фестивалда ага сыйлык катары 50 миң доллар берилди, эми анын үй-бүлөсү кайсыл бир жерде жашай алат.

Ал кишилер Венеция кинофестивалынын сахнасында туруп, үндөрүн дирилдетип, көздөрүнө жаш алып сүйлөгөндө мен дагы ыйладым, анткени мен режиссерлуктун канчалык оор жол экенин билем.