Караколдогу тоо лыжа базасы «Форбс» журналынын версиясы боюнча постсоветтик мейкиндиктеги он мыкты эс алуу жайынын катарына киргизилди.

Жаңы жылдык эс алуулардын алдында «Форбс Орусия» журналы тоолордогу «бюджеттик эс алуулардын» рейтингин түзгөн.

Мыкты ондукка күнүнө орточо баасы бир киши үчүн 4500 рублден ашпаган постсоветтик өлкөлөрдүн аймагындагы тоо лыжа базалары киргизилген. Алардын ичинде Каракол базасы да орусиялыктарга «бюджеттик эс алуу жайы» катары сунушталган.

«Совет мезгилинде деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте, Тянь-Шандын боорунда жайгашкан Каракол базасы өлкөнүн Олимпиадалык машыгууларын өткөрүү үчүн пайдаланылган. 2004-жылы база толугу менен жаңыланган», — деп жазган басылманын редактору Ксения Докукина.

Кыргызстандын ProAir студиясынын видеосу:

Журналдын маалыматы боюнча, Каракол базасында орусиялыктар күнүнө 3500 рублден (3700 сомдон бир аз көбүрөөк) төлөп эс ала алышат.

«Ийне жалбырактуу токойду аралап өткөн 20 чакырымдан узун жол фрирайддын фанаттары үчүн да, ошондой эле жакшы каралган жерлерде жылгаяк тебүүнү жактыргандар үчүн да ылайыктуу», — деп жазган басылма.

Рейтингге Караколдогу тоо лыжа базасынан сырткары төмөндөгү эс алуу жайлары да киргизилген:

• Шымбулак, Алматы, Казакстан;
• Белокуриха, Алтай крайы, Орусия;
• Чимган, Ташкент, Өзбекстан;
• Логойск, Минск, Белоруссия;
• Завьялиха, Челябинск облусу, Орусия;
• Красная сопка, Петропавловск-Камчатский, Орусия;
• Шахдаг, Баку, Азербайжан;
• Буковель, Львов, Украина;
• Бакуриани, Тбилиси, Грузия.

«Открытая Азия» долбоорунун маалыматы боюнча, Караколдогу тоо лыжа базасы кыргызстандыктардын гана эмес, ошондой эле Казакстан менен Орусиянын жарандарынын да «сүйүктүү жери» болуп эсептелет.