Президент Алмазбек Атамбаев Орусия экономикалык каатчылыктан улам «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди кура албастыгын, ошондуктан Кыргызстан өкмөттөр аралык келишимден чыгып, ал долбоорлор үчүн жаңы инвестицияларды издеп баштай турганын билдирди.

Өлкө башчысы 24-декабрдагы маалымат жыйынында «азыркы шартта» Орусия «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыра албастыгын билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын башкы экспорттоочу продуктусу эсептелген мунай баасынын төмөндөшүнөн улам азыр орус экономикасы «жогорку эмес».

«Мен ал келишимдер объективдүү себептерден улам Орусия тараптан аткарылбайт деп эсептейм. Ал үчүн Орусиянын өкмөтүн күнөөлөш кыйын, анда [2012-жылы] абал башкача болчу, бүгүн башкача», — деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Президент Кыргызстан бул эки долбоор боюнча келишимден чыгып, аларды ишке ашыруу үчүн «башка инвесторлорду издеп» башташы керек деп эсептейт.

«Биз Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди качан куруп бүтүшөт деп күтө албайбыз. Мен Владимир Владимировичке «кечиресиңер, бирок биз башка инвесторлорду издейбиз» дедим. Алар [Орусиянын бийлиги] түшүнүштү. «Камбар-Ата-1ге» болсо таптакыр эч ким киришкен эмес», — деп белгиледи өлкө башчысы.

Атамбаевдин айтымында, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушуна жооптуу болгон орусиялык «Русгидро» мамлекеттик корпорациясынын башында Евгений Дод турган кезде ал «бир нерсе издеп», долбоордун ишке ашуусу акырын алдыга жылып жаткан.

«Бирок мен дагы реалистмин да, а билким бул долбоор жылбай туруп калат. Мен узакка созулган курулуштарды жактырбайм. Мени Владимир Путин түшүндү, ал дагы реалист жана экөөбүз абдан жакын мамиледебиз. Ал мунун баарын көрүп турат. […] Алар жакшы долбоорлор болушкан, бирок биз инвестордун алы жетпестигин көрүп турсак аны создуктуруп эмне кылабыз», — деп билдирди өлкө башчысы.

Ал «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди курууга Кыргызстан инвесторлорду таба тургандыгын белгиледи.

«Мен 2017-жылдын соңундагы мөөнөтүм аяктаганга чейин жок дегенде биринчи ГЭС каскадынын ишке берилишин каалайт элем», — деди Атамбаев маалымат жыйынынын жүрүшүндө.

«Тазабек» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, парламент жыйынында премьер-министр Темир Сариев Орусиянын аталган эки долбоордун ишке ашыра албастыгы тууралуу маалыматты ырастаган.

Депутаттар Сариевдин бир күн мурда «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу каржылана тургандыгын айтып, а эртеси президент маалымат жыйынында ага каршы келген пикирин айтканына нааразычылыктарын билдиришти.

«Биздин президент Владимир Путин менен жолукканда каскаддын каржыланары жана орус тарап ага кетчү акчаны табууну убадалагандыгы айтылган. Президент тараптан айтылган нерселер чын, бирок биз орус тарапты түшүнүп, аны кабыл алышыбыз керек», — деп жазган «Тазабек» Сариевдин айткандарын.

«Кыйынчылыктар бар»

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «РИА Новости» агенттигине курган маегинде кыргыз жана орус бийлиги «Камбар-Ата-1» жана Жоргорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулуш долбоорун талкуулоону улантып жаткандыктарын билдирди.

«Чынында коммерциялык жана конъюнктуралык мүнөздөгү маселелерге байланышкан айрым кыйынчылыктар бар. Түрдүү варианттар каралууда. Талкуулар уланып жатат. Азырынча бул боюнча кандайдыр бир чечимдердин кабыл алынышы тууралуу айтуу туура эмес болуп калат», — деп жазды «РИА Новости» Песковдун айткандарын.

Анын айтымында, долбоорлор боюнча сүйлөшүү компаниялар («Русгидро», «Интер РАО» жана «Электр станциялар») менен эки өлкөнүн бийликтеринин деңгээлинде уланат.

ГЭС курулушу

Кыргызстан менен Орусия «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулушу боюнча эки келишимге 2012-жылдын сентябрында кол коюшкан.

Каскаддагы ГЭСтердин курулушу менен алектенүү тапшырмасы орусиялык «Русгидро» мамлекеттик корпорациясына, а «Камбар-Ата-1» менен алектенүү «Интер РАО ЕЭС» компаниясына жүктөлгөн.

Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүнө 4 ГЭСтин курулушу алгач 400 миллион АКШ долларына бааланып жаткан, бирок 2014-жылы анан баасы 700 млн. долларга чейин жогорулатылган.

«Камбар-Ата — 1ди» курууга «Интер РАО» 2 миллиард доллар чыгымдашы керек болчу. Бирок 2013-жылдын башында компания инвестициялык программаны кайрадан карап чыгуу тууралуу айтып баштап, Кыргызстанда ГЭС куруудан баш тартуу вариантын караштырып баштаган.

2015-жылдын июлунда «Азаттык» радиосу «Камбар-Ата-1» долбоору инвестор алмаштырууга муктаж экенин, анткени каатчылыктан улам орус тарап курулуш баасын көтөрө албастыгын жазган.

Болжол менен ошол эле маалдарда Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль «Русгидро» Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин «курулуш графигин бузганын» жана долбоорду «каржылоону токтоткондугун» айткан.

Бирок андан төрт күн өткөндөн кийин «Русгидронун» ошол кездеги башчысы Евгений Дод Атамбаев менен жолугуп, каскаддагы алгачкы эки объект 2016-жылдын аягына чейин курулуп бүткөрүлөрүн билдирген.