«Кыргызстан» фракциясынан депутат Элмира Жумалиева жашы жете электердин никеге туруусуна тыюу салууну сунуштады.

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Элмира Жумалиева жашы жете электердин никеге туруусуна тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Анын пикиринде, тыюу салуу өлкөдөгү эрте турмуш куруулардын санын азайтууга жардам берет.

«Эрте никеге туруу жарандардын укуктарын орой бузуу болуп эсептелет, алардын өсүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирет, зомбулук курмандыгы жана ырайымсыз мамиле тобокелдигин жогорулатат», — деп жазган ал.

Депутат эрте никеге турууга тыюу салууну киргизүү укук бузууларды толугу менен жоюп салууга алып келбестигин, бирок ал анын катышуучуларынын жоопкерчилигин көтөрүү жолу менен алардын санын кыскартууга мүмкүндүк бере тургандыгын мойнуна алууда.

Документке ылайык, жашы жете электер менен никеге туруу үчүн 2000 сомдон 5000 сомго чейинки өлчөмдөгү айып пул киргизүү же 15 суткага чейин административдик камоо жазасы сунушталууда.

Кыргызстандын Үй-бүлөлүк кодексинде никеге туруунун расмий курагы 18 жаштан жогору экендиги көрсөтүлгөн.

Муфтияттын өкүлү Kloop.kgге парламентарийдин демилгеси тууралуу мыйзам долбоору менен таанышып чыккандан кийин түшүндүрмө берүүнү убадалады.

Бишкек мэриясынын Социалдык камсыздандыруу бөлүмүнүн алдыңкы адиси Жамиля Абирова жашы жете электердин никесин кыйгандыгы үчүн имамдарга айып төлөтүү керек деп эсептейт.

«Биздин карообузда багуусуз калган балдар бар, биз аларга үй-бүлөлөрдү издейбиз. Алардын жашы жете элек кезинде үй-бүлө курууларына жол бербейбиз. Жеке мен жашы жете электердин никеге турууларына каршымын. Кээде биз мечиттер менен медреселерге барып, андай кылуу болбостугу тууралуу айтабыз», — деди ал.

Депутат тарабынан келтирилген статистикалык маалыматка ылайык, жашы жете электердин катышуусунда өткөрүлгөн никеге туруу айыл аймагында 14,6 пайызды жана шаарларда 9,2 пайызды түзөт.

Автор: Адилет Макенов
Сүрөт: «Азаттык».