Премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСине болгон сапары маалында энергетиктер андагы оңдоо иштерин 15-январга чейин оңдоп бүткөрүүнү пландап жаткандыктарын айтты. Декабрдын аягында станцияда эки авария болуп, ага байланыштуу андагы кубаттуулук эки эсеге азайган болчу.

Сариев Токтогул ГЭСине 2-январда барган — анда ал декабрдын аягындагы эки авариядан улам жарактан чыккан жабдууларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министрдин айтымында, ГЭСтеги оңдоо иштерин 15-январга чейин бүткөрүү пландалууда — учурда анда 20дан ашык адис иш жүргүзүп жатат.

«[Энергетиктер] оңдоо иштерин 15-январга чейинки мөөнөттө аяктоого аракет кылышат. Ал үчүн бардык тийиштүү тетиктер, акча бар, адистер жетиштүү», — деди Сариев.

Ал Кыргызстандын ГЭСтериндеги жабдууларды 15 жыл мурда эле жаңылаш керек болчу деп эсептейт — 23-декабрда ГЭСтеги авария андагы жабдуулардын өз учурунда алмаштырылбагандыгынан улам келип чыккан.

Бир жуманын ичинде Токтогул ГЭСинде эки авария болгон — 23чү жана 28-декабрь күндөрү. Алгач экинчи гидроагрегаттагы трансформатор жарактан чыккан, андан соң жогорку вольттогу кабелдерден майдын сызылып чыгуусу орун алган.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жарактан чыккан кабель линияларынын «эскилиги жеткен», анткени кабелдин биринчиси 1974-жылы, а акыркысы 1977-жылы орнотулуп, ошондон бери оңдоодон өткөрүлө элек болчу.

Ал авариялардан улам Токтогул ГЭСинен электр энергиясын берүү эки эсеге кыскарган — 1200 мВттан 600 мВтка чейин.

Эки авариядан улам экономика министринин орун басары Айбек Калиев Жаңы жылдан кийин маал-маалы менен өчүрүүлөр болушу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

«Электр станциялар» ишканасынын башкы директорунун орун басары Узак Кыдырбаев өлкөдө «кризистик абал жаралганын», ага байланыштуу электр энергиясын «суткасына бир-эки саатка» өчүрө тургандыктарын билдирген.

Бирок андан кийин Темир Сариев жарыкты маал-маалы менен өчүрүү болбошу үчүн Каржы министрлигине чет өлкөдөн электр энергиясын сатып алууга бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү тапшырган.