«Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясынын кызматкери Майкл Макфит кыргыздын улуттук тамагы — чучукту «мазактагандыгы» боюнча прокуратурада көрсөтмө берди. Буга чейин Макфиттин кесиптештери аны «улуттун улуттук кадыр-баркын кемсинтүүгө» айыпташкан.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Kloop.kgге курган маегинде Макфит бүгүн жактоочусу менен котормочунун катышуусунда прокуратурада көрсөтмө бергендигин билдирди.

«Макфит көрсөтмө бергенден кийин кое берилди. Ал Караколдогу мейманкалардын бирине токтоду», — деди Усубакунов. Бирок ал чет өлкөлүктүн кайсыл мейманканада экенин билбей тургандыгын кошумчалады.

Басма сөз катчы Макфиттин өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн-мүмкүн эместиги тууралуу айта албастыгын белгиледи. Буга чейин кыргыз маалымат каражаттары чет өлкөлүк Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылган маалда кармалгандыгын билдиришкен болчу.

Усубакуновдун айтымында, Макфит анда кармалган эмес, а «милицияга жеткирилген». ИИБдин өкүлү бул иш менен УКМКдагылар таанышышы керек болгондуктан азырынча британиялыкка айып тагыла электигин белгиледи.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги өз жаранынын айланасында түзүлгөн жагдайга көз салып турат:

«Кыргыз Республикасында Улуу Британиянын жараны кармалгандан кийин биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен байланышып турабыз жана ага консулдук колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деп билдиришти элчиликтен.

Макфит 31-декабрда «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына «анын кыргыз кесиптештери жылкынын жыныстык мүчөсүн жегени кезекте тургандыктары» жазылган билдирүү чыгарган.

Анын ал билдирүүсү «Кумтөрдүн» калган кызматкерлеринин нааразычылыгын жаратып, алар «улуттун улуттук кадыр-баркын кемсинткендиги» үчүн Макфиттин жоопко тартылышын талап кылышкан.

«Талап бирөө гана – кыргыздардын улуттук кадыр-баркын кемсинтүүгө жол берген чет өлкөлүк кызматкеринин аракети үчүн компания жетекчилигинин жоопкерчиликти өзүнө алуусу жана кызматкердин өзүнүн тиешелүү жоопко тартылышы», — деп жазылган тоо-кенчилердин кесиптик кушуунунун билдирүүсүндө.

Кийинчерээк британиялык соцтүйүндөгү ал билдирүүсү үчүн кечирим сурап, аны баракчасынан өчүрүп салган.

«Менде чынында эле бирөөнү кемсинтейин деген ниетим жок болчу. Эгер ошондой кабыл алсаңар бардыгыңардан кечирим сурайм», — деп жазган Макфит.

«Ал жаман эч нерсе ойлогон эмес»

Макфиттин туугандары британиялык «Телеграф» гезитине курган маекте Майкл «жаман эч нерсе ойлобогондугун» билдиришкен.

Анын атасы, 63 жаштагы фермер Жон Макфит анын уулу «жаман эч нерсе» деле ойлобогондугун айткан.

«Ал кыргыздарга жардам бериш үчүн башкы ширетүүчү болуп иштөөгө кеткен, анан анда жаңы жылдык дасторкон даярдалып, ал башкы ашпозчу жасаган бардык тамак-ашты мактаган, бирок жагдай алаңгазарлыкка айланган. Анда ал жергиликтүү деликатес, жылкынын этинен эң эле сонун колбаса бергендиктерин айткан, бирок аны «жылкынын жыныстык мүчөсү» деп атаган», — деген Макфиттин атасы Жон.

«Биз болгону ТИМ Майклдын айткандарында кара ниеттиктин болбогондугун айтып, ишти жөндөөгө аракет кылат деп күтө алабыз. Анын айткандарында кемсинткен эч нерсе болгон эмес», — деп кошумчалаган атасы.

Майклдын апасы Мэрилин ал «болгону туруму жок пикир гана» болгондугун айткан.

«Ал анын сонун тамак экендигин айткан. Биз бир нерсе айтып жатканда туура эмес сүйлөп албаш үчүн этият болууга аракет кылабыз, бирок ал айтылып жаткандай олуттуу болгон болсо биз менен кимдир бирөө байланышышы керек болчу да?» — деп суроо салган ал.

Автор: Адилет Макенов
Сүрөт Майкл Макфиттин Facebookтагы баракчасынан алынды