Ош шаардык соту тогуз жаштагы баланы зордуктагандыгы үчүн медресенин мурдагы окутуучусуна карата 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Ош шаардык соту шаардагы медресенин 23 жаштагы мурдагы окутуучусу Нурсейит Калыбай уулун бачабаздыкка күнөөлүү деп тапты.

Ага карата өкүм 2015-жылдын декабрынын аягында чыгарылган — бул тууралуу «Бир Дүйнө» укук коргоо уюму билдирди.

Жабырланган баланын үй-бүлөсүнүн жактоочусу Валерьян Вахитов Kloop.kgге курган маегинде «Бир Дүйнөнүн» жактоочулары бул иш боюнча үч жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткандыктарын, ал арада айыпталуучуга «жөнөкөй жин оорусу» диагнозу коюлуп, бирок кийин анын акыл-эсинин жайында экенин далилдөөгө мүмкүн болгонун айтты.

«Медресе өкүлдөрү бизге кысым кылышкан жок, бирок прокуратура кызматкерлери түрдүү тоскоолдуктарды кылышты. Нурсейит дайыма башын шылкыйтып отурчу. Бирок акыркы сотто күнөөлүү эмес экенин билдирди — дароо акылына келе калды [акыл-эси жайында болуп калды]», — деди ал.

Калыбай уулунун жактоочусу Гүлнур Жапаркулова бош эмес экендигин айтып, Kloop.kgнин кабарчысынын бир аздан кийин телефон чалуусун өтүндү.

Айыпталуучуга карата өкүм чыгарган Ош шаардык сотунун судьясы Байымбет Осмонов Kloop.kgге медресенин мурдагы кызматкери дароо сот залында камакка алынгандыгын билдирди. Анын кайсыл абакка камалгандыгы азыр белгисиз.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн адиси Куштар Маматов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде муфтияттагылар ал өкүм тууралуу уккандыктарын жана Нурсейит Калыбай уулунун күнөөсү далилденген соң ал жазасын өтөөсү керек деп эсептей тургандыктарын билдирди.

2012-жылдын июнунда жабырланган баланын апасы Оштогу медресенин окутуучусун жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен «Бир Дүйнөнүн» кеңсесине кайрылган.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, диний мектептин тарбиячысы балага карата бир нече жолу зомбулук аракеттерин көргөн.

Бул иш боюнча айыпталуучу тараптын жактоочусу Жогорку сотко даттанган, бирок кийин ал Нурсейит Калыбай уулуна карата өкүм чыгарган Ош шаардык сотуна кайтарылып берилген.