Милиция 28-январь күнү Жол кайгуул кызматынын инспекторун унаасы менен сүзүп, андан соң аны капотунда сүйрөп кеткен айдоочу кармалганын билдирүүдө. Учурда ал адам өлтүрүүгө айыпталууда.

ЖККнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, милиция жол кайгуул инспекторун унаасынын капотуна жаткырып алып Бишкектин көчөлөрүн айланып айдоого шектелген 22 жаштагы Адилет Максутовду кармады. Учурда Максутов убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан айдоочуга карата Кылмыш кодексинин 28чи жана 340-беренелеринин негизинде (укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер кызматкерин өлтүрүү аракети) кылмыш иши козголду.

Окуя 28-январда болгон. ЖКК инспектору алдыңкы капталдагы айнектери караңгылатылган унааны токтотушуп, айдоочусунан документтерин жана айнектерин караңгылатууга берилген уруксат кагазын көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Бирок айдоочу алдыда турган ЖКК кызматкерин сүзүп, анын унаанын капотуна жармашып калганына карабастан өз жолун уланта берген.

Ал окуя тартылган видео интернетке чыгып, ал коомчулукта резонанс жараткан.

Бул айдоочулар милиция өкүлдөрүнүн унаасынын капотуна жармашканына карабастан шаар аралап айдаган алгачкы учур эмес.

2014-жылдын февралында да ушуга окшогон окуя болгон. Анда «Мицубиси» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу документтерин талап кылган милиционерди капотуна жаткырган бойдон айдап кеткен.