Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мекендештерин террорчул уюмга азгырып жаткан Сирияда жүргөн эки Кыргызстандын жаранына издөө жарыялады.

УКМКнын версиясы боюнча, изделип жаткандардын жерлиги Талас облусу. Алардын бири 30, экинчиси 22 жашта. УКМКдан алардын экөөсү тең кыргызстандыктарды эл аралык террорчул уюмдун катарына азгыруу менен алектене тургандыктарын аныкташкан.

Изделип жаткандардын бирөөсү 2015-жылы жубайы менен үч баласын Сирияга жөнөткөн.

УКМКнын басма сөз кызматынан азырынча изделип жаткандардын «Ислам мамлекетинин» же Сириянын аймагындагы башка террорчул уюмдардын мүчөлөрү экендигин билбей тургандыктарын белгилешти.

Сириянын аймагында согушуп жүргөн кыргызстандыктардын так саны белгисиз. Түрдүү маалыматтар боюнча, анда жүргөндөр 100дөн 500гө чейинки кишини түзүшөт. Алардын көбү Кыргызстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмунун катарында.

2-февралда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги Рафик Мамбеталиев Сириянын аймагындагы кагылышуулардан 22 кыргызстандык каза болгонун билдирген.

«Сириядагы согуштук аракеттер болуп жаткан аймакта биздин 200дөн ашык жарандарыбыздын жүргөнү белгилүү, алардын 30у аялдар, 22 кыргызстандык каза болгон», — деп жазган «24.kg» маалымат агенттиги Мамбеталиевдин айткандарын.

Сүрөт: vistanews.ru