Милиция Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Пулат Сулеймановду өлтүрүүгө шектүү адамды кармады. Учурда ал Бишкектеги тергөө абагында камакта.

K-News маалымат агенттиги жазгандай, шектүүнү колго түшүрүү эки күн мурда болгон. Учурда ал Бишкектеги тергөө абагына эки айга камакка алынды. Кармалган адам буга чейин соттолгон эмес жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп эсептелбейт.

Укук коргоо органдарынан K-News агенттигине Сулеймановду өлтүрүүнүн мотивдеринин болжолдуу версиясын билдиришкен.

«Сулейманов мурда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун катарында болуп, түрктөрдүн үстүнөн «смотрящий» болчу. Бирок кийин Сакал деген ат менен белгилүү Улан Токтосуновго өтүп кетип, Көлбаев үчүн жыйымдарды чогултуп бербей калган. Анан берки өч алган», — деп билдирген басылманын булагы.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызмтынан колго түшүрүү операциясын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери жүргүзгөндүктөрүн билдиришти.

ИИМдин басма сөз кызматынан түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Бишкектин борборундагы адам өлтүрүү

Пулат Сулейманов төшүнө, ийнине жана башына тийген үч жолку ок атуудан улам 2-февралга караган түнү каза болгон. Кылмыш Бишкектин Исанов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жасалган. Милициянын версиясы боюнча, Сулейманов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.

Тергөөнүн маалыматтары боюнча, Сулайманов күндүн экинчи жарымында кеңсеси Бөкөнбаев көчөсү 145те жайгашкан унаа ташуу фирмасында иштеген тааныштарына барган.

«Кечинде, фирманын кеңсесиндегилердин баары кеткенден кийин С.П. аттуу жаран дагы көчөгө чыгып, таанышына таандык болгон «Опель-Астра» үлгүсүндөгү унаага отурган. Фирманын кызматкери болуп эсептелген унаанын айдоочусу кеңседен чыгып келе жатканда ок атууларды угуп, автоунаага отуруп белгисиз тарапты көздөй качып кеткен караанды көргөн», — деп билдиришкен анда милициядан.