Кыргызстан курамасынын футболчусу Айдана Оторбаева Kloop.kgге курган маегинде өлкөдөгү кыздар футболунун өнүгүшү, чет өлкөдө ойноо пландары жана оорусунан кийин футболго качан кайтып барганы жатканы тууралуу айтып берди.

Айдана Оторбаева — футбол боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасынын оюнчусу. Спорттун бул түрү менен 10 жыл мурда алектенип баштаган жана андан бери төрт жолу жалпы футбол боюнча республиканын чемпиону болгон.

Азыр Оторбаева КУУнун филология факультетинин үчүнчү курсунун студенти.

Айтымында, ал өз ийгиликтери үчүн алгачкы машыктыруучусуна ыраазычылыгын билдирет — ал кыздан чоң потенциалды көрө алган мектептеги дене тарбия мугалими.

«Менин биринчи машыктыруучум — дене тарбия мугалими. Ага абдан ыраазымын, менин футбол ойношумду суранган учурлары болгон, анткени ал менден чоң птенциалды көргөн. Телефон чалып, үйүмө келип көндүргөн. Бул үчүн ага чоң рахмат, анткени ал жок болсо мен футболдун меники экенин түшүнбөйт болчумун», — деди ал.

Оторбаева кыздар футболу өнүгүп жатат жана аларды футбол талаасында көруү кадыресе көрүнүш болуп калды деп эсептейт.

«Азыр футбол эркектер гана машыккан спорттун түрү деп эсептелбейт. Ооба, СССР убагында кыздар футболу жок болчу, эркектер гана ойночу. Акырындык менен дүйнө өзгөрүп жатат жана футболду эркектер гана ойношу керек деген көйгөй деп ойлойбойм. Менимче, эркектин же аялдын кесиби деген жок, болгону өзүнүн сүйүктүү иши менен алектенген адамдар болот», — деди ал.

Оторбаеванын айтымында, Кыргызстанда кыздар футболунун популярдуулугу артып, ойноону каалагандардын саны өсүп жатат.

«Эгер мурда кыздар жок болуп, кийим которчу бөлмөлөр бош турса, азыр кезек күткөндөр көп. Акыркы бир-эки жылдан бери футбол ойноону каалаган кыздар абдан көбөйдү, болгондо да алардын бардыгынын ата-энелери ага каршы эмес», — деди ал.

Көпчүлүк учурларда кыздар коомдук пикирден коркушат деп белгиледи Оторбаева.

«Мага аймактардан көптөгөн кыздар жазышып, футбол менен алектенүүнү каалай тургандыктарын, бирок аларда андай мүмкүнчүлүктөр жок экенин, анткени футболдук секциялар жок жана кыздар түрдүү басымдарга туш болушарын айтышат. Анда эгер мен кыз болсоң, анда футбол ойной албайсың деген түшүнүк бар», — деди ал.

Футболчу жаш кыздарга кантип футбол ойноп баштоо керектиги боюнча кеңештерин да айтты.

«Мен эгер өз ишиңди сүйсөң, анда коомдук пикир анчалык деле маанилүү эмес деп айтам. Башкаларды угуп кереги жок, анткени эмне менен алектенүүгө даяр экениңди өзүң чечесиң. Азыр кыздар кыйла чечкиндүү болуп баштаган убакыт болууда. Кыздарга алгач жөн гана топ сатып алуу керек, YouTubeда короодо эле аткарууга боло турган тапшырмалар абдан көп», — деди ал.

1

Учурда Оторбаева дарылануу курсунан өтүп жатат, азырынча футбол ойнобой эле, бирок ушул жазында спортко кайтып келүүгө белсенип жатат.

«Көпчүлүгү билбесе керек, бирок мен сегиз айдан бери ойнобой элем, себеп — ден соолугумдагы көйгөйлөр, азыр дарылануу курсунан өтүп жатам. Мен футболго ушул жазында кайтып келем деген үмүттө оорудан айыгууга бардык аракеттерди көрүп жатам. Апрель-май айларында жалпы топ менен машыгып баштайм деп үмүттөнүп жатам», — деди футболчу кыз.

Машыгууларга канча убакыт кетет деген суроого  ал бардыгы тең алдыдагы машыгууларга жараша болорун айтып жооп берди.

«Аптасына үч жолу эки сааттан, кээ бир убактарда беш-алты жолудан машыккан учурлар болгон, ал мелдештерге канча убакыт калганына жараша болот. Мелдештер канчалык жакын болсо, машыгуулар ошончо көбүрөөк болот. Эгер кайсыл бир жакка барышыбыз керек болсо сборлор өткөрүлөт — эртең мененки зарядканы эсептебегенде күнүнө кеминде эки жолудан машыгуулар болот», — деди Оторбаева.

Футболчу кыз «Манчестер Юнайтед» жана «Реал Мадрид» футболдук клубдарына күйөрмандык кыдат, анын жакшы көргөн футболчусу — Криштиано Роналду.

«Мага Роналду жагат. Мен аны сулуу деп эсептебейм, ал өзүн карап жүргөн футболчу, ал финттерди, дриблингдерди, айып соккуларын мыкты аткарат», — деди ал.

Автор: Айдана Апазбекова
Сүрөт: Айдана Оторбаеванын Facebookтагы жеке баракчасы