Москва метросунда талма оорусу кармаган аял рельстерге жыгылып калган. Ага полиция кызматкери менен бирге Кыргызстандын жараны да жардам берүүгө барып, жыйынтыгында алар жабыр тарткан адамды куткарып кала алышкан.

Окуя 11-февраль күнү «Красносельская» станциясында болгон. Талма оорусунан улам Юлия Валь күтүүсүздөн рельстерге кулап кеткен. Аны алып чыгууга кенже сержант Артем Королюк аракет кылган.

Ошол маалда ага жардамга Кыргызстандын жараны барган — алар экөөлөп аялды рельстердин лотогуна алып барышып, өздөрү да ошол жакка жатышкан. Качан поезд өтүп кеткенден кийин алар жабырлануучуну платформага алып чыгышкан.

LifeNews телеканалынын видеосу:

«Московский комсомолец» гезитинин журналисттери ал кыргызстандык менен байланыша алышкан, ал борбордогу фирмалардын биринин курьери Марат Исаев болуп чыккан.

7074536_6279713«Биринчилерден болуп жардам берүүгө полиция кызматкери барды, бирок ал жалгыз аялга күчү жеткен жок. Анан мен өз демилгем менен жолго секирдим. Полиция кызматкеринин аялды таптакыр көтөрө албай жатканын көрдүм, аял кыйла толук болчу. Менден башка эч ким өмүрүн тобокелге салууну ойлогон жок, баары тең кокуйлап кыйкырып турушту, айрымдары мобилдик телефондоруна тартып башташкан», — деген Исаев.

Айтымында, ал коркууга да жетишкен эмес. Полиция кызматкери жакындап калган поездди көрүп, аялды лотокко алып баруулары керектигин айткан.

«[…] Качан поезд токтоп, машинист чыңалуу токтогонго чейин кыймылдабагыла деп кыйкырганда мен: «Эмнеге секирдим десең, келесоомун», деп ойлодум. Биз караңгылыкта жатканыбызда аял өзүнө келип, мени муштумдары менен уруп баштады. Мен ага таарынбай элем, ал эмне кылып жаткан билген эмес да», — деди Исаев.

Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, учурда анын өмүрүнө эч коркунуч жок.

Орусия ИИМи аялдын өмүрүн сактап калгандыгы үчүн Королюкту мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү ниетинде. Ал эми Исаевдин сайланар-сыйланбастыгы боюнча азырынча эч кандай маалымат жок.