Журналист Дайырбек Орунбеков президент Алмазбек Атамбаевге каршы ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо тууралуу доо арыз жазган болчу. Сот өлкө башчысынын айткандарынан кемсинтүүлөрдү тапкан жок.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова президент Алмазбек Атамбаевдин журналист Дайырбек Орунбеков тууралуу айткан сөздөрүнөн кемсинтүүлөрдү тапкан жок.

Өткөн жылы журналист 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуулар үчүн жоопкерчиликти президентке жүктөгөндө өлкө башчысы Орунбеков «кимдир-бирөө берген акчаны акташ үчүн иштеп жатат» деп билдирген.

«Орунбеков Дайырбек Тейишовичтин Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке карата ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо жана моралдык чыгым төлөп берүү тууралуу доо арызындагы талаптарды канааттандыруудан баш тартылсын», — деп билдиришти Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан.

Соттон доочу бул чечим боюнча 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясына кайрыла аларын белгилешти.

Орунбеков Kloop.kgге чечим боюнча даттана тургандыгын айтты.

«Биз Бишкек шаардык сотуна апелляция берүү ниетиндебиз», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

«Кемсинткен эмес», а «гипотезалык божомол жасаган»

Орунбеков менен кыргыз бийлигинин ортосундагы келишпестиктер журналист макалаларынын биринде Атамбаевге жана дагы бир катар саясатчыларга 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыштар үчүн жоопкерчиликти жүктөгөндөн кийин башталган.

Анда Башкы прокуратура ал үчүн Орунбековду сотко берип, ал өлкө башчысынын «ар-намысы менен кадыр баркын кемсинткендиги» үчүн Атамбаевге эки миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Өлкө башчысы 2015-жылдын аягында жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында Орунбеков ал тууралуу макала жазуу менен кимдир бирөөнүн акчасын актап жатат деп билдирген.

«Эгер Орунбеков кимдир бирөөнөн алган акчасын акташ үчүн иштеп жатса, анда айыпты ошолор төлөп берсин», — деген президент журналисттерди «айткан сөздөрүн электен өткөрүүгө» чакырып.

Ага жооп катары журналист ар-намысым менен кадыр-баркымды кемсинтти деп Атамбаев менен президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязовду сотко берген. 

Биринчи май райондук соту журналисттин доо арызын өндүрүшкө кабыл алып, аны эки ишке бөлгөн — Атамбаевге жана Ниязовго каршы деп.

Соттун биринчи отуруму 28-январда болгон. Анда президенттин өкүлү Чынара Мусабекова журналист Атамбаевдин айткандарын «туура эмес, өтө эле жалпылап түшүнүп, баарын өзүнө кабыл алып жатат» деп билдирген.

«Бул абстрактуу түшүнүктөр. Эгер кандайдыр бир конкреттүү айтылган сөз болсо аны текшерүүгө болмок. Сот аларды чындыкка дал келээр же келбестиги боюнча карай албайт […] Бул гипотезалык божомол, баалоочу, субъективдүү пикир», — деген ал.